Үйдү толугу менен өрттөнбөгөн курулуш материалдары менен куруу мүмкүн эмес. Таш менен салсаң да өрткө дуушар болчу каражаттар сөзсүз керектелет. Көпчүлүк учурда тилсиз жоо суук түшүп, үйлөрдө от жагыла баштаганда коркунуч туудурат. Отко бекем жана тез күйүп кетүүчү курулуш каражаттары кайсылар экендиги тууралуу курулушта 30 жылдан бери эмгектенип келген Абылгазы Болдубаев кеңеш берет.
ҮЙДҮН ДУБАЛЫ
Курулуш каражаттары күйүүчү жана күйбөй турган болуп экиге бөлүнөт. Үйдүн дубалдары тилсиз жоого каршы бир топко туруштук бере алат. Алардын отко болгон туруктуулугу бир канча саат менен өлчөнөт. Андан кийин бузулуп, жарака кетип, дубалдын урашына алып келет. Чийки кыш – отко чыдамдуу коопсуз каражаттардын бири. Арзандыгына карабастан чыдамкайлуулугу пено-
газобетондон кем калышпайт. Бышкан кыш – үй үчүн ыңгайлуусу. Эни эки же андан ашык бышкан кыш коюлган дубал эң коопсуз деп саналып, күчтүү отко 5 саатка чейин чыдайт.
Пескоблок, шлакоблок, керамикалык блок – орточо эсеп менен 1,5 саатка чейин бузулбайт.
Пенобетон – "көбүктүү кыш" жеңил болот. Күчтүү күйгөн отко туруктуулугу 2 сааттан жогору.
Газобетон – пенобетондон айырмасы алюминий кошулмалары менен жасалып, дубал тургузуудагы отко туруктуулугу бекем каражат. Күчтүү отко 4-5 саат турса да бузулбайт.
Дубалды тургузууда бетон, мрамор, таш, керамика, полистиролбетон сыяктуу каражаттар отко бекем.
ИЧКИ ЖАСАЛГАЛОО МАТЕРИАЛДАРЫҮйдүн ички бөлүгү өрт үчүн эң кооптуусу. Анткени көбүнчө жасалгалоо материалдары күйүүчү каражаттар менен жасалат. Алсак, ДВП, ДСП панелдери, дубал кагаз жана линолеум өрткө туруктуу эмес.
Жасалгалоодо колдонулган ар түрдүү лак жана боёктор өрттүн күчөшүнө гана алып келбестен, күйгөндө уулуу газ да бөлүп чыгарат.
Жылуулоо үчүн үйлөрдө ар кандай пенопласт түрлөрүн, пенополистирол же пенодубалдарды колдонушат. Булар бат өрттөнүп, уулуу газ бөлүнүп чыгышы менен өтө коркунучтуу.
Айнек, керамика, таш сыяктуу минералдык түзүмдөрдөн жасалган материалдар жасалгалоо үчүн коопсуз. Жылуулоо үчүн таш кебезди (каменная вата) колдонуу ыңгайлуу, ал +1000 градуста гана күйөт.
ҮЙДҮН ЧАТЫРЫЕврошифер – буга битумдук кошулмалар менен жасалган бардык каражаттарды киргизсек болот. Алар арзан болгону менен, +200 градуста өзү эле күйүп, түтүн менен кошо газ чыгарып баштайт.
Битумдук черепица – битумдук плиткадан жасалып, атайын боёктор менен боёлот. Бул материал орто күйүүчүлөрдүн катарында. Өрттөнүп кетсе, битумдук черепица формасын жоготуп, чатыр урайт.
Чатыр үчүн керамикалык черепица, бетон кошулган черепица жана металл черепицалары тилсиз жоого туруктуу жана үй үчүн коопсуз каражаттар болуп саналат.
СЫРТКЫ ЖАСАЛГАЛОО МАТЕРИАЛДАРЫСайдинг – бир эле учурда кооздук үчүн да, жылуулоо үчүн да колдонулат. Жыгач сайдингдерге ар кандай кошулмалар кошулганы үчүн өрт учурунда бат эле тутанып кетет. Болоттон жасалган сайдинг полимердик кошулмалар менен капталат. +800 градуска чейин күйбөйт, уулуу газдарды да чыгарбайт. Цоколь сайдинги полимердик каражат болгондуктан, отко анчалык тутанбайт. Винил сайдинги күйбөйт, бирок өрт учурунда формасын жоготот.
Алюминий композиттик панели (алюкобонд) – эки жагы алюминий менен жалатылган, ортосунда полимердик кошулмасы бар материал. Мында полимердик кошулмалар болгондуктан алоолонуп күйүүчү каражаттарга кирет. Алюкобонд өрттөнгөндө үйдүн сырткы бетине да, ички бетине да тарайт. Ошондой эле уулуу газды чыгарат.
Үйдүн сыртын жасоодо болоттон жасалган каражаттарды колдонсо коопсуз болот.
КООПСУЗДУК ҮЧҮН КОШУМЧА
Монтаждык көбүк 4 саатка чейин ачык отко күйбөйт. Бул каражат эшик, терезени коюуда колдонулат. Бирок муну кошумча жерлерде колдонуу менен үйдү коопсуз кылса болот.
Үйдү өрттөн сактоо үчүн ички жасалгалоо материалдарына (жыгач жана металлдарга) ылайык атайын боёк менен боёп койсо болот. Ал өрттөнгөн учурда көлөмүн чоңойтуп, оттун тарабашына, металлдын формасын жоготпоосуна жана электр кабелдерди сактоо үчүн колдонулат.
Өрт өчүргүчтүн үйдө болушу эч ашыктык кылбайт. Ал үйдөгү коопсуздуктун биринчи жардамчысы.
Көпчүлүк учурда үйдөгү өрт монтаждык иштерден, электр зымдардын чыңалуусунан чыгат. Андыктан аларга карата коопсуздук иштерин жүргүзүү оң.
Курулуш каражаттарын туура тандоо – бул үйдүн коопсуздугу үчүн алгачкы кадам. Ар бир кожоюн өрт коопсуздугуна олуттуу мамиле жасоосу керек. Өрттү өчүрүүдөн көрө анын алдын алуу оңой жана арзан экенин унутпаңыз!
Адилет Керимбек уулу
kenesh@super.kg