Болот Абдыжапаров: “МАКСАТЫМ - ТУРМУШТУН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИН ЧАГЫЛДЫРУУ”

Карапайым калктын көйгөйү, күнүмдүк тиричилиги камтылган «Турмуш» көрсөтүүсүнүн ЭлТР телеканалында көз жарганына бир аз гана убакыт болду. Анда “Турмуш” берүүсүнүн автору, журналист БОЛОТ АБДЫЖАПАРОВ менен болгон маек назарыңыздарда.
– Болот, “Турмуш” көр­сөтүүсүнүн жаралышы туурасында айтып өтсөң...
– Баарыңарга белгилүү болгондой, ЭлТР телеканалы спутникке чыгып, азыр обосу ааламды камтый баштады. Албетте, көрүүчүлөрүнүн саны, аша чаппасам, 100 эсеге көбөйдү. Ошондуктан бизде азыр жоопкерчилик дагы, талап дагы жогорулады. Спутникке чыгар алдында долбоорлордун жаңы толкуну башталган. Алардын арасында “Турмуш” көрсөтүүсү да бар. “Турмуш” деп аты айтып тургандай, адамдын жашоосунда кубаныч, кайгы, сүйүү, кыскасы, кандай гана нерсе өкүм сүрбөйт. Ошонун баарынын күңгөй-тескейин кызыктуу чагылдырып берүү менин негизги максатым болду.
– Эл ичинде “ЭлТр телеканалын азыркы жетекчиси Нурлан Шакиев аябай оңдоду” деген сөз бар...
– Спутникке чыгыш үчүн Нурлан Шакиев баш болгон биздин жетекчилик канчалаган аракеттерди жумшады. Биз, журналисттер, жетекчиликтин эмгегин актап, алардын аракетин талаага чачпашыбыз кажет. “Спутникке чыктык” деген сөзгө татыктуу болуш керек.
– Биринчи көрсөтүүң тууралуу айтып бер­сең...
– Программа ачылгандан кийин биринчи көрсөтүү элдин эсинде калышы керек. Эсинде калса, анан экинчисин көрөт, туурабы? Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, биринчи көрсөтүүмдө шоу-бизнести чагылдырдым. Байкашымча, эл сахна адамдарынын үй-бүлөсүнө, жеке турмушуна, алардын артынан ээрчиген ушактарга кызыгат экен. Тартылуу убагында кызыктуу нерселер көп болду. Кээ бир ырчылар “үй-бүлөмө, төшөгүмө кийлигишкендей сен кимсиң?!” деп камераны чаап жибергенге чейин барышты. Айрымдар ич күптүлөрүн да айтып алышты. Биз көрсөтүүнү эч качан бир тараптуу кылбайбыз. Мисалы, бирөө бирөөгө нааразы болсо, албетте, экинчи жактын да пикирин эске алабыз.
– Бир көрсөтүүнү даярдоо үчүн канча убакыт талап кылынат?
– Көрсөтүүнү көрүп коюш оңой. Бирок ошону даярдоонун артында канча азап бар экенин ар бир көрөрман биле бербейт. Алгач теманы тандап алабыз. Андан кийин тийиштүү адамдар менен сүйлөшүп, интервью алабыз. Кыскасы, бир көрсөтүүнү даярдоого бир жума кетет.
Телевидение өз көрөрмандарын сөз менен эмес, кадр менен тартат. Ар бир кадр 3 секунддан гана эфирде кармалышы керек. Ал эми интервьюлар 10 секунддан ашпашы кажет. Ошондо гана көрсөтүү динамикалуу болот. Ушуларды эсептесек, жыйырма мүнөттү жабыш үчүн көптөгөн кадрлар керек экен. “Жоону сайса, эл сайды, аты калды Манаска” дегендей, техникалык топтун кызматкерлери кээде журналисттей эле, кээде андан да ашык иштешет. Бирок алар эфир артында көрүнбөй калышып, журналисттин гана аты чыгып калат.
– Көрсөтүүнүн мындан да кызыктуу болушу үчүн эмнелер жетишсиз?
– Техникалык жактан алганда бардыгы жетиштүү. Бир күнү болбосо бир күнү идеям түгөнүп, көрсөтүүм кызыксыз болуп калбаса экен деп корком. Азыр колдон келишинче үч жылдык чогулткан журналисттик тажрыйбамды колдонуп, кызыктуу кылууга аракет жасап жатам.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан