(Башы өткөн сандарыбызда)
– Менден эч нерсе жашырбай айтып бере аласыңбы? Суранам сенден, ошентесиңби?!
Иман шуу үшкүрүп жиберди да, буулуга үн катты.
– Анын сага эмне кереги бар эле?
– Иман!
Гүлнар жалооруп жиберди.
– Макул, жаным, айтып берейин. Бирок чыдап уга алар бекенсиң?
– Мен капа болбойм, сөзүңдү бөлбөй угам.
Иман башын ойлуу чайкады да, сөзүн баштады.
– Мен бул окуя жөнүндө эч качан эстебейм деп убада берген элем. Айла канча, Кудай эстетип, өткөн күндөргө кылчактатып койду. Өзүмдү-өзүм алдаганым менен, көңүлүмдүн түпкүрүндө баары бир алардан алыстай албай келдим. Эми эмнесин жашырайын, Гүлнар. Сен бала деп ак эткенден так эткен сайын бир да жолу жүзүн көрбөгөн уулум көз алдыма тартыла берчү. Сен бала деген сайын ошол баламды эстеп, жетимиш эки тамырым сыздап кетер эле. Сен байкуш аны кайдан билмексиң?!
Бул окуя көп жыл мурун болгон. Мен анда институттун акыркы курсунда болчумун. Айша экөөбүз... Өх, ушул кезге чейин экөөбүздүн ортобуздагы ыйык мамиленин алдында, анын мага болгон махабатынын алдында күнөөлүү болуп келем. Айша өзгөчө жаралган жан болчу. Анын жан дүйнөсүнүн тазалыгына, баёолугуна суктанып бүтө алчу эмесмин. Акылы тунук, адамгерчилиги бийик, эрки күчтүү андай аялды экинчи кезиктирген жокмун. Бир күнөөсүз жан эле да... Айшанын атасы чоң болуп иштечү. Албетте, жалгыз кызын кайдагы бир кыл кыяк кармап жүргөн селсаякка бериши мүмкүн эмес эле. Ага карабай Айша экөөбүз кездешип жүрдүк.
Күндүз кайтарууда болсо да, түнкүсүн баарын уктатып коюп, биздин бакка чуркап келчү. Келчү да, менин обондорумду тыңшап отура берчү. Анан ал «музыка сенин жүрөгүңдө жашайт, Иман. Сени музыкасыз, музыканы сенсиз элестете албайм...» деп айтып калчу. Музыканы жан дили менен түшүнүп, ага берилип кетер эле, байкушум. Ошол учурда мен келечегимди андан башка адам менен элестете алчу эмесмин. Бирок тагдыр ар дайым эле биз каалагандай боло бербейт тура. Ана үйлөнөбүз, мына үйлөнөбүз деп Айшанын гана окуусунун бүтүшүн күтүп жүргөн элек. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде тагдырым таптакыр эле тескери бурулуп, башка агымга түшүп кетти. Анткени сени кезиктирип калдым. Эсиңдеби, биз жолуккан күн?
– Эсимде. Ал күндү өмүр бою унутпасмын. Бирок сен улант, уланта бер.
Иман оор күрсүнүп алып сөзүн улады.
– Ошол күнү жамгыр көнөктөп төгүп турган. Консерваториядан чыга калып эле жолдун ары жагына чыгып, шашып жөнөй берген элем. Бактын түбүндө корголоп турган кызды капысынан көзүм чала калды. Жамгыр жаашын күтпөгөнбү, айтор, жеңил кийимчен, кол чатыры да жок экен. Чачтарынан тамчылар агып, чыт көйнөгү денесине чапташып, келишкен бой-турпаты көркүн ого бетер ачып койгон. Жаандан кантип коргонорун билбей, колундагы сумкасы менен башын далдалайт. Дарактын алдында бүрүшкөн кыз мага ушунчалык назик, алсыз көрүндү. Эмнегедир ошол алсыз денени коргоп, ушул сулуулукту сактап калгым келип кетти. Эрксизден анын жанына барып үн каттым.
– Келиңиз, менин кол чатырым бар.
Кыз жалт карады.
О-о, тереңде мөлтүрөгөн каректерге ошол замат арбала түштүм. Капкара каректерге чөгүп бараткандай сездим өзүмдү. Сыпаа жылмайган кыз акырын, бирок ишенимдүү кадам таштады.
– Рахмат.
Мына ошол жамгыр алдында тапкан бакытым өзүң болчусуң, Гүлнарым!
– Ооба, эгерде ошондо жамгыр алдында корголой калбасам, сени менен таптакыр кезикпей калмак экенмин да.
– Ошол күндөн тартып сенсиз жашай албай калдым. Канчалык аракет кылсам да, жамгыр алдында ийилген кыздын элеси, анын мөлтүрөгөн тунук кареги эстен кетпейт. Сенин карааныңды алыстан көрүп, бир эле күн көрбөй калсам сени издеп, шаар аралап тентип кетчү болдум. Айшанын сүйүүсү, мамилеси сенин мөлтүр каректериңдин алдында түккө турбай калды. Айшаны жакшы көрчүмүн, чексиз сыйлачумун, бирок... Сени сүйгөндөй сүйө албай койдум. Бул сезим менен күрөшө албай жеңилип бердим. Ал кезде анын бир айлык боюнда бар экенин билчүмүн. Анын боюнда бар экенин, жалгыз каларын билип туруп, адамгерчиликти да, эркти да сүйүүм үчүн курмандыкка чалдым. Ал байкуш мени аягына чейин күттү.
Бир күнү капысынан кезигип калдык. Мен ага жолуккум келбей, күнөөсүз күнөөлүү болуп качып жүргөн элем. Практиканын учуру болсо керек эле, жолдон өтүп баратып клиникадан чууруп чыгып бараткан ак халатчан кыздарды көрүп калдым. Алар Айшанын курсташтары экенин дароо эле тааныдым. Көңүлдүү сүйлөшүп келаткан кыздардын эң артында башын жерге салып жалгыз келаткан Айшаны көрүп, жүрөгүм зыр дей түштү. Бир нерседен корунгандай сумкасын эки колу менен мыкчый кармап, көздөрү аянычтуу жалдырайт. Боорум ооруп кетти. Чуркап барып көкүлүнөн сылап, көңүлүн көтөргүм келди. Бирок кандайдыр бир күч бутумду тушап койгонсуп, турган ордумда кала бердим. Бетим чыдабай бурулуп кете турган болгонумда Айшанын курдашы Айзада мени көрө койду да, кыйкырып жиберди.
– Айша, карасаң!
Айша жалт карады да, мени көздөй эки кадам шилтеп, кайра токтой калды. Көздөрүнүн чарасына жаш толуп баратты. Эрдимди кесе тиштеген мен аргасыздан шарт бурулуп жөнөдүм. Айшанын жаш толгон көздөрү артымдан узата карап турганын сезип, далым чымырап, бутум үзүлгүчө качып кетким келди. Ошол учурда менден жексур, менден ташбоор адам жок болчу. Башым эңги-деңги болуп, бак-дарактар, асман, жол, бардыгы теңселип, көзүмө эч нерсе көрүнбөй баратты. Ошол күнү шаарда таң аткыча жалгыз басып жүрдүм. Бирок өмүрдөгү эң чоң бакытым өзүң болдуң. Аттиң, бакыт чөйчөгү эч качан толук болбойт тура.
Кудай бирин берсе, бирин алып коёт тура. Бизге бир наристе берип койсо, кандай бактылуу болот элек...
Иман муңканып барып токтоду. Ал көкүрөгүнө жабыша кулак түргөн Гүлнаранын чачынан жумшак искеп койду. Гүлнара башын шак көтөрүп, Иманды чыдамсызык менен суроолуу карады.
– Анан, ошол боюнча көрүшпөй калдыңарбы?
– Көрүштүк. Арадан бир-эки ай өткөндөн кийин бизди чет мамлекетке гастролго жөнөтмөй болуп калышты.
– Ооба, гастролго кетет деп шашылып, үйлөнүү тоюбузда ак көйнөк кийбей калбадым беле.
– Эсиңде турбайбы, сага ак көйнөк издеп дүкөндөрдү кыдырып жүргөнбүз. Такыр таппай коюп, айлам кеткенде сатуучуга кайрылдым.
– Эже, үйлөнүү тойго колуктунун кийимин кайдан тапсак болот?
Сатуучу аял баш-аягыма бир көз жүгүртүп алып:
– Өзүңдүн үйлөнүү тоюңабы?- деди.
– Ооба,- деп мен ыңгайсыз күлдүм.
Ошол учурда артымдан бир нерсе сынып, тарс деп жерге түшкөндөй болду. Чочуп кеткен мен артыма кылчайып, мени тиктеп турган Айшаны көрдүм. Колундагы сатып алган нерсе быркыранып жерде жатты. Сатуучу колун жаңсагылап бир нерсе деп жатканы кулагыма кирбей, аны карап эле катып калдым. Ичи чоңоюп, ай-күнүнө жетип калган кези экен. Өңү бозоруп, бир пас мени тиктеп турду да, эрдин кесе тиштеп, үн катпай бурулуп кете берди. Артынан узата караган мен быркыранган айнектерди карап кала бердим. Ошол көз караш мени муунтуп баратты. Айшанын ошол көз карашы азыркыга чейин көз алдымдан кетпейт. Ушуга чейин «а-а, байкуш, сен деле бир көр пенде белең?..» дегенсиген сүрдүү көздөр өмүр бою кубалап келди. Өмүрүмдөгү эң оор мүнөттөр ошол болсо керек. Ошондо эмне деп ойлоду экен, кургурум? Ушуга чейин таң калам, эмнеге эч жерге арызданбай, эч кимге эч нерсе дебей, баардыгын унчукпай көтөрүп койду? Атасынын байланыштары менен ишиме кедерги кылып, карьерама бут тосуп койгонго деле акысы бар эле да. Ал антпеди.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)