ТҮСТҮҮ ЧОПО КОСМЕТОЛОГИЯДА

ЖАШЫЛ ЧОПО

Майлуу, аралаш жана кургак бет териси үчүн
Теринин картаюусунун алдын алат, нымдаштырат, теридеги ууларды жана бактерияларды чыгарат. Жумшак пилингдин ролун аткарып, бет тешикчелерин кичирейтет.

КАРА ЧОПО

Бүдүр, майда безеткиси бар бет териси үчүн
Тазалайт, бет тешикчелерин кичирейтет, бүдүр, безеткилерди кетирет.

КЫЗЫЛ ЧОПО

Калыптагыдай, майлуу, сезимтал бет териси үчүн
Кан айланууну жакшыртат, сезгенүүнү кетирет, кан тамырды жана бет тешикчелерин кичирейтет.

САРЫ ЧОПО

Кургак жана дерматит, экземалуу бет териси үчүн
Кан айланууну жакшыртат, өлгөн клеткаларды чыгарат, бетти сергитет, ууларды чыгарат.

АК ЧОПО

Майлуу бет териси үчүн
Кара чекиттерди (комедон) чыгарып, теринин тешикчелерин кичирейтет.

КӨК ЧОПО

Майлуу бет териси үчүн
Тазалайт жана безеткилерди жок кылат, бетти агартат.

КҮЛГҮН ЧОПО

Сезимтал бет териси үчүн
Тазалайт, бырыштарды жазат, теринин серпилгичтигин жогорулатат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
krem
2017-02-22 14:47:49
Мен алып маска калбайле жеп койтам кандай кылсам болот а
0
Bakumyrza
2017-02-22 18:25:33
Каерде сатылат айтып койосуздарбы
0
good5like
2017-02-25 23:59:01
Bakumyrza,aptekada glina deseniz beret

0
Angel92
2017-02-22 20:25:25
Глинабы ошондо?Менда красная глина бар.Бирок такыр колдонуп коро элекмин
+1
zara-919
2017-02-23 22:44:30
Аптекаларда сатылат
0
mudueva.m
2017-02-24 13:37:25
Буларды оз алдынча колдонуу кооптуу эмеспи.
0
Aisanur_89kg
2017-02-27 12:29:59
Глина,аптекаларда сатылат,кадимки маска жасап 10,15 минута бетке,мойунга койобуз,кургап бет тартышып калат,эч кыймыл аракет жасабай,суйлобой жаткан жакшы антпесе кургап атканда бетке бырыштарды пайда кылат,жылуу суу менен таза жууп крем суйкоп койобуз,бул ыкманы кечинде жасаган жакшы.
0
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан