(Башы өткөн сандарыбызда)
Жакшылык тамаша аралаш сүйлөй күлүп калды.
“Азырынча болор-болбосубуз дайынсыз...” деп ойлоп, ичим сыйрыла түштү. Аңгыча айылга жете келдик. Жакшылык ичкери кирип кетип, Бактиярды чакырып чыкты. Анын кабагына кар жаап, өңү бозоруп, жүзү кумсарган. Ай-буйга келбей эле айдоочу баланы жакасынан тартып, жерге сүйрөп түшүрдү.
– Сен ким болосуң?!
– Аке, мен айдоочумун,- деди жигит жакалашкан бойдон өзбек тилинде. Жакшылыкты да бир топ балдар ары жакка сүйрөп кетишти. Ал да кутула албай актанып жүрөт.
– Бактияр, эмне жинди болуп жатасың?! Алардын жеткирип коюусун мен сурандым. Алар мени тааныбайт!- деп кыйкырдым Бактиярдын кылыгына жиним келип.
– Сен аралашпа, тур ары!- деп каарданган Бактияр мени түртүп жиберди. Ага да болбой ортого түшүп ыйламсырадым.
– Бактияр, коё бер, өлтүрүп коёсуң!
Бактияр бир колу менен өзбек жигитти жакасынан алып, бир колу менен менин моюнумдан мыкчып кармады.
– Азыр муунтуп салайынбы?! Булар ким?!
– Мени муунтсаң муунт, аларды коё бер, алар таксисттер. алардын кымындай күнөөсү жок!-дедим жалынып.
Ошол кезде көздөрүбүз чагылыша түштү. Ооба, бул – сагынышкан көздөр эле. Анын көздөрү кусалуу да, күнөөлүү да, аянычтуу да болуп турду. Моюнумду мыкчыган бойдон кучагына тартып, жигиттин жакасынан колун бошотту. Алкымымдан жыттап, көзүмдөн өптү да:
– Жаным, машинага отуруп тур, мен азыр балдарды тынчтандырып келемин,- деди.
Бир топ күбүр-шыбырдан кийин эки бала менен бирге машинага отурду.
– Айда, кеттик!- деп буйрук берди. Жигиттер чыр-чатактан кутулгандарына сүйүнүшүп, каякка экенин сурабастан эле айдап жөнөштү. Мен Бактиярдын моюнуна асылып, өөп алдым. Мына, мен сагынган жыт! Ал белимден бекем кучактады да, оозумдан өптү. Бир топтон кийин гана эсиме келип:
– Бактияр, кайда баратабыз?- деп суроо узаттым.
– Чын эле кайда баратабыз?- деп ал кайра менден сурады.
– Билбесем, мен сага келдим.
– Токтот. Биз ушул жерде калабыз! Силерге рахмат, балдар! Мага капа болбогула, ак жол силерге!
Ээн талаага түшүп калыптырбыз..
– Эй, жинди, эмне келдиң?!- деп Бактияр мага бир чети ачууланып, бир чети таңыркап суроо узатты.
– Эмне, келсе болбойбу?!
Мен таарына сүйлөдүм.
– Оюңа келгенди кылып, башың оогон жакка кете бересиңби?!
– Башым ооп, сага келдим да!
– Жыргатыпсың! Эми каякка барабыз?
– Эч каякка барбайбыз, ушул жерде таң атырабыз!
– Анык жинди болуп калыпсың! Ушул жерде тикебизден туруппу?!
– Кээде туруп, кээде отуруп...
– Та-ак, жаным, дарбыз жейсиңби?
– Жейм,- дедим шар эле. Курсагымдын ачканын ошондо сездим.
– Жүрү, адырга барабыз. Ал жерде сонун дарбыздар бар.
Өңгүл-дөңгүл жол менен адырды карай жөнөдүк. Бийик такалуу бут кийим менен баса албай улам чалыштай бердим. Аны байкап калган Бактияр бут кийимимди чечип колума карматты да, артына көтөрүп алды. Бир колума туфлимди кармап, экинчи колумду коюнуна салып алдым. Бул менин көнүмүш адатым эле. Анткени шаарда бешинчи кабатта жашап, лифт жок болгондуктан, көбүнчө тепкичтен көтөрүп түшүп, көтөрүп чыкчу.
– Жаным, мени сагындыңбы?
– Сени сагынбай коё аламбы? Тентексиң, эркесиң. Андай тентек кылыктарыңды ойлосом, кыя албай кетем,- деди көтөрүп баратып.
– Кызык, мени кыйып койдуң беле?! Эч качан башкага кыйбаймын дечү элең го... Сен башкача сүйлөп калыптырсың,-деп тултуңдап, жерге түштүм.
– Малика, сен көп нерсени билбейсиң. Сен да мени күнөөлөйсүң. Мен жыргап жүрөт дейсиңби?!
– Эмнени билишим керек?! Жыргабаганда ыйлап жүрдүңбү?! Эмне үчүн ушул күнгө чейин менден кабар алып койгонго жарабадың?! Же эмне, апаң тапкан кызга үйлөнүүгө макул болдуңбу?!
– Жүрү, Малика, адырга чыгалы, ансыз да кыйналып турам.
– Мен эле кыйналбай жатыптырмынбы?!
– Кел, көтөрүп алайын, дарбызга жетейин деп калдык,-деди сүйлөшүүдөн качып.
– Токто, Бактияр, бул эмне кылганың?! Мен баарын уктум! Эмне үчүн ата-энеңе айткан жоксуң?! Эмне үчүн алардан мени жашырдың?! Карындашың айтты, “жөн эле дос болчубуз, азыр сүйлөшпөй калдык” деп жооп берипсиң! Сен үйлөнүп алсаң, мен эмне кылам?! Сен үчүн агамдын башын аттап, өз үйүмдөн куулуп жүрсөм! Сенден башка эч кимим жок, мен каякка барам?!
– Баарыңдын эле жалгыз ишенген адамыңар мен болуп калгамбы?! Булардын да, сенин да... Эмне, мен гений белем?! Болгону, эч нерсеси жок студентмин. Аман-эсен диплом аларымды да Кудай билет.
Бактияр ачуулана баштады.
– Анткени өзүң ишенүүгө мажбур кылгансың!
Ал унчуккан жок.
– Демек, сен ата-энеңди тандаган экенсиң да? Аларды гана эмес, тапкан кызын кошо тандаптырсың да, ээ? Менчи?!
Ызама чыдабай, Бактиярды жакасынан алып жулкудум.
– Тажадым, баарыңардан тажадым!..- деди буулугуп.
– Жооп бер, эми сен да менден кечтиңби?! Эмне унчукпайсың?!
Мен кыйкырып ыйлай баштадым.
– Акырын, элдер угат,- деди кооптонуп.
– Уксун, баары уксун! Керек болсо сенин...- деп наристе жөнүндө айта албай буулуктум.
– Кыйкырба, сен эле жетпей турдуң эле!- деген Бактияр мени жаакка чаап калды.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)