"Мени милиция кызматкери зордуктап койду" деп бизге кайрылган 26 жаштагы кыз менен сүйлөшүп жатканда, анда эркектерди жек көрүү, көңүл калуу жана ачуу заары бар экени билинип турду. Ал ушул окуядан кийин башка жумушка которулмакчы болуп жүргөнүн, турмушка да чыккысы келбей калганын айтып жашыды. Анын тагдырын уккан соң өзүмчө "көздүү мончок жерде калбайт. Сени бөпөлөп, азыркы абалыңды, жашооңду унуттура турган адам сөзсүз табылат" деп тилек кылдым.
"ЫЙЛАГАНЫМА КАРАБАЙ ЗОРДУКТАП САЛДЫ"
Каарманыбыз окуяны төмөндөгүчө баяндап берди:
– 2015-жылы Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирин артыкчылык диплом менен бүтүрүп, ошол эле жылы өзүмдүн кесибим менен Кочкор районундагы менчик фирмалардын бирине жумушка орношком. Бул жакта ата-энем өздөрү эле болгондуктан, алардын жанында болоюн деген элем. Иштеп жүрүп райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкери болуп иштеген Самат деген жигит менен таанышып калдым. Кээде жолугуп, ар кайсы темада сүйлөшүп отуруп калчубуз. Жаман ою бар экени үч уктасам дагы түшүмө кирген эмес. Ортобуз кыз-жигит мамилесине деле жеткен жок.
Өткөн жылдын июль айынан баштап келечегим талкаланып, ой-максаттарымдын баары таш капты. Орозо жаңы бүткөн убак эле, ошол күнү Самат экөөбүз кечки саат тогуздарда жолугуп калдык. Ал формачан экен. "Үйгө барып, формамды чечип, башка кийим кийип келейин, чогуу барып келели" дегенинен макул болуп, үйүнө чогуу бардык. Үйүндө эч ким жок экен, киргенден кийин эле күч колдонуп, суранып ыйлаганыма карабай мени зордуктап салды. Денемдин баары көк ала болуп, ыйлап отуруп калдым. Ал болсо "кан болгон шейшепти экспертизага алып кетесиңби?" деп шылдыңдады. Ошол учурда ал жерден эптеп да болсо чыгып кетүүнү ойлонуп жаткам, шейшепти алып кеткенди ойлобоптурмун деле.
Үйгө барганда ар кандай ойлор келди, өлүп алсамбы деп да ойлодум. Бирок жалгыз мен деп жашаган ата-энемди кыя албай койдум. Эртеси Самат мага телефон чалып, абалымды сурамыш болду. Ызама чыдабай "эмне кылганыңды билесиңби, эми тагдырым кандай болот?" десем, "сага үйлөнөм, бирок күтө тур" деди. Анын айткандары болгону ал окуяны унуткаруу, убакыт өткөрүү болчу. Андай зөөкүр менен кантип жашамак элем, жашаганда деле мени бактылуу кылып жарытпайт болчу. Ал окуя өткөндөн кийин август айында мени коркутуп, бычак такап жүрдү, себеби мен арызданам дей бердим. Анан менден тажап, ушундай иштерди кыла баштаган. Ал да өз жазасын алуусун туура көрүп, 4-октябрь күнү анын үстүнөн Нарын ШИИБине арыз жаздым.
"НОЯБРЬ АЙЫНДА ЭЛЕ МЕНИН ИШИМДИ ЖААП САЛЫШЫПТЫР"
– Мени зордуктагандын эртеси Балыкчы шаарына барып, менчик клиникага текшерилип, зордуктоо болгону тууралуу маалым кат алгам. Бирок менин ишим боюнча тергөө жүрүп жатканда "менчик клиникадан акча берип маалым кат жаздырып алса болот" деген шектенүү жаралды. Ошол замат арыз жазбай калганымдын себеби, Кочкор
РИИБине арыз жазайын десем, ал жерде иштеген кызматкерлердин баары биздин үй-бүлөнү таанышат. Ата-энем билсе эмне болот деп коркуп койгон элем. Менин ишенгеним маалым кат болчу. Тергөөчү мени чакырып, көрсөтмө алган. Анда тиги жигит дагы сурак берип жүргөн. Ошондо дагы мага "баары бир эч нерсе кыла албайсың, колуңдан келгени ушул элеби?" деген.
Арыз жазганымдан 1 айдан ашык убакыт өтсө да эч кандай жыйынтык жок болгондуктан 10-ноябрда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылсам, ал жактан Нарын шаардык прокуратурасына өткөрүп беришкен. Менин ишимди тергеп жаткан Алмаш Карыбекова деген тергөөчү "прокуратурадан билдирүү почта аркылуу үйүңө барат" дегенинен, ага "эже, үйгө барбашы керек. Ата-энем билип калат" десем, бир барак берип, "27-ноябрдагы дата менен колуңду коюп кой. Өзүм алып, кийин Кочкор жакка барганда сага бере кетем" деди. 2017-жылдын январь айында иш эмне болуп жатканы боюнча билейин деп барсам, далил жок деп ишти жаап коюшуптур. Мага кабарлашкан эмес. Кандайча деп түшүнбөй туруп калдым. Ошол бойдон тергөөчү эже телефон чалсам албай жатат. Анан айлам куруп, Бишкекке барып ИИМге арыз жазгам. Бир жумадан кийин мага чалышып, менин ишимди учурда Нарын облустук прокуратурасына өткөрүп беришкенин, алар карап жатышканын айтышты.
Экинчи тараптын да жообун угуу максатында каарманыбыз күнөөлөп жаткан милиция кызматкери менен байланышууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок. Бул иш эмне себептен жабылып калгандыгы боюнча Нарын ОИИБинин маалымат кызматы да жооп берүүдөн баш тартты. Бул ишти учурда Нарын облустук прокуратурасы карап жаткандыктан аларга байланышып, "арыз жаңы гана келип түштү. Эми карап баштадык" деген жооп алдык.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg