"КЫМБАТ, БИЗ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ"
– 1995-жылы туулган кайын сиңдим Байсеитова Кымбат Токталиевнаны издейм. Анын 8 айлык кызы бар, кызын бизге таштап 18-февралда кеткен бойдон дайыны жок. Жанында телефону дагы жок эле. Ал күнү агыш түстөгү күрмө, көк түстөгү моюн орогуч, күрөң түстөгү бут кийим кийип үйдөн чыгып кеткен. Өзгөчө белгилери: сол бетинде калы жана курсагында операциядан калган тагы бар. Көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.
Элмира, тел.: 0702 09 03 11
"АТАМДЫ ИЗДЕЙМ"
– Мен атам Саркулов Нурлан Бейшенкуловичти издейм. Апамдын аты-жөнү Асаналиева Айгүл Жумаловна. Азыр мен 14 жаштамын, 9-класста окуйм. Учурда катуу ооруп, №3 балдар ооруканасында дарыланып жатам. Эгерде окуп калса, атам биз менен байланышат деп үмүт кылам.
Максат Саркулов, тел.: 0773 17 01 03
"КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ"
– Базар-Коргон районунун Шыдыр айылында жашаган курбум Анара Көчкөнбаева жана аяшым Исламидинди издейм. Окуп калсаңар мага байланышып койгула, катташып туралы. Мен Ош шаарында жашайм.
Бактыгүл, тел.: 0557 61 62 60
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28