Курал Чокоев, ырчы: "БУЛ ҮЙГӨ АТА-ЭНЕМДИ САГЫНГАНДА КЕЛЕМ"

Пейили кенен, жасалмалуулукту сүйбөгөн ырчы Курал Чокоевдин үйүнө конокко бардык. "Эл катары ушундай жөнөкөй үйдө чоңойгом. Азыр бул жакта эң кичүү иним менен ата-энем турат. Мен ата-энемди сагынганда келип турам",- деген ырчы Кара-Балта шаарындагы үйү менен бизди тааныштырды.

Чай маек

– Курал, бул жакка айына 3 жолу келип турам деп калдың, шаарда батирде жашайсыңбы?
– Жок, Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып, времянка салгам. Азыр ошол 2 бөлмөлүү чакан времянкада жашап жатам. Чоң үй салып баштадым. Ошол үй бүткүчө жашап турам го. Ал эми бул жакка ата-энемди сагынганда келип эркелеп, сагынычымды таркатып кетем.

– Таттуу балалыгың ушул үйдө өтсө керек?
– Мен Кара-Балта шаарында чоңойгом, мурунку үйүбүз ушул эле шаардын башка тарабында болчу. Ал жакка кытайлар завод куруп, биздин үйдү сатып алышкан. Кытайлар берген акчага 2012-жылы 20 миң долларга ушул үйдү сатып алганбыз.

– Үйдүн улуусу экенсиң, апаңдын колун узартып качан үйлөнөйүн деп жатасың?
– Мен өзүмдү жаш сезгеним менен, 30га чыгып калыптырмын. Быйыл үйлөнүп үйдөгүлөрдү сүйүнтсөмбү деп ойлоп жатам. Анткени апам ашканада тынбай оокат кылып жатса өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем. Учурда сүйлөшкөн кызым бар десем да, жок десем да болот (күлүп). Жайында үйлөнөйүн деген пландар бар, эми калганын убакыт көрсөтөт.

– Биздин короо 10 сотыхтан ашык, ары жакта бакчабыз бар. Ага бак тигип, помидор, картошка айдап жерди иштеткенге деле кызыкпайбыз. Андан көрө жайында тапчанда чай ичип эс алган бизге жагымдуу.


КОРИДОР

– Үйүбүздүн кире бериши кадимки айылдагы үйдүн улагасы.


АШКАНА

– Үйлөнгөндөн кийин ашкананы көрсөтүп, келинчегимдин жасаган даамдуу тамактары менен мактансам жарашса керек. Азырынча минтип мешке көмүр жагып, үй жылытып оокат кылып жатабыз.


КОНОК ТОСУУЧУ БӨЛМӨ

– Биздин конок бөлмөбүз. Жумшак эмерек, парда, баары апамдын табити менен жасалгаланган. Бөлмөгө менин жетишкендиктеримди далилдеген грамота, сыйлыктар көрк берип турат. "Супер-Инфо" гезити тартуулаган статуэтка, дипломдор да сыйлуу текчеден орун алган.


ЭС АЛУУЧУ БӨЛМӨ

– Эс алуучу бөлмөбүз. Китеп окуп, сыналгы көргөнгө ыңгайлуу. Баарыбыз чогулганда бул бөлмөнү шаңдуу атмосфера ээлейт.

Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Курал Чокоевдин Кара-Балта шаарындагы үйүндө конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
jergez
2017-03-01 11:56:10
слишком эле простой экен
-29
Siren90
2017-03-01 13:13:11
jergez,анан кандай болуш керек эле, ырчы десе эле особнякта жашоону элестетуу керек эмес, мындан да жонокой жашагандар бар. Уйумду буткондо корсотом деп арданып журо бербей ачык айрымдыгы жакты.
+21
strangergirl
2017-03-01 13:17:07
Мага мурун Курал Чокоев жакчу да, а азыр жакпай калды... Анткени Замира Эже аябай жакшы Адам, прям уважаю её, ошон учун мага больше Замира Эже жагып калды...
-15
ZANIA-92
2017-03-01 14:00:26
strangergirl, Замира эжен ким эле? Курал Чокоев мн Замира эжендин кандай байланышы бар бул жерде. Мага ырдоо стили аябай жагат. ийгилик Чокоев!
+21
Sveta23
2017-03-01 22:08:39
strangergirl,аябай күлдүм. түшүндүрүп жазчы бай болгур. Биз да тааныйбызбы Замира эжеңи
+9
Bak.taalai
2017-03-02 01:55:19
strangergirl,Кучугум жарыпсын Замира апченди ким сурап жатат? Куралга не тиешеси бар?
+2
Kairat.96
2017-03-01 14:15:08
Ийгилик
+2
asemanur
2017-03-01 15:16:44
ушунчалык жөнөкөй сонун бала ырлары сонун
+3
Gul14kA
2017-03-01 17:57:25
Ачык -айрым мунозу бар. Абдан таланттуу жигит. Анан да, жонокой!. Чыгармачылыгына ийгилик!
+3
strangergirl
2017-03-01 22:40:41
Замира Эжени мен тааныйм, Курал байке менден да жакшы тааныйт, ал идеалы Чокоевдин... Болду ай коммент токтоттум эртен окутуп салып дагы, Замира эжеден уялып журбойун...
-8
Kira200387
2017-03-01 23:43:23
strangergirl,не рыба не мясо кылбай айтпайсынбы баштаган сон.
+5
Nuka93
2017-03-02 01:03:23
Zamira ejesi Kural Chokoevdin ayaly okwoyt
+1
aiman1983
2017-03-02 08:57:49
Nuka93,Бул ырчы бир поражениеси бар жигит экен да. Бирок огород карабайбыз. Тапчанда жатабыз дегенине караганда жалкоо адамдар, казанын да кырып тазалап койбоптур да. Эми ырдаган сайын казаны эске келе берет бизге.
-6
ayjan_90
2017-03-02 03:03:26
Жонокойлугу жакты аябай инисине таяк жасап бергени жакты светти жандырганы
-2
manachaka
2017-03-02 15:43:14
Инстаграмда bema_chokoeva_official деп журотго ал кимиси болот сестренкасы эмеспи случайно ??? Ким билеет айтып койёсунарбы туугандар?! Алдын ала чоон рахмат!
0
farida.kg.1991
2017-03-03 10:35:43
простой экен Арсендин алдында Курал Чокоев жөнөкөй
+4
farida.kg.1991
2017-03-03 10:39:03
эс алчуу бөлмөсүн шандуу атмосфера ээлейт дегенине караганда каалашынча ХХХ атмосфера ээлейт окшойт
-2
admin_superstan
2017-03-03 10:57:35
farida.kg.1991, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
+1
farida.kg.1991
2017-03-03 12:40:15
admin_superstan,кечириниздер
-1
love_you
2017-03-03 10:54:53
жопжонокой эле кыргыздын уйу! жасалмалуулук жок. текеберленбей, бой которбой журот. мактанбай.
+3
bond02
2017-03-03 11:45:13
Оз уйум олон тошогум дейт кыргызда, оздоруно жакса болду да биз барып жашамак белек.
+2
Nurkyz1977
2017-03-07 08:32:33
Жок жаман бар жакшы кандай уйдо жашаба ал уйдо бактылуу ынтымактуу жашап эне мээрими тогулуп бала кулкусу жанырып турса дуйнодогу эн кооз коркомдуу уй. Ал эми укмуш особняк эмес виллада жашасан да кыжаалат,кайгыруу,ынтымак болбосо деги эле бул жарык дуйно тар болотко жашоого. Эн сонун уйу бар экен Жараткан бир кашыгын болсо да,саргайган казанын болсо да буйруп урунгулук кылсын. Каадаланып бироодон озун жогору койгон адамдардан эмес эн карапайым кыргызымдын уулу экен. Ата эне аман болсун ар дайым
+2
Alibay
2017-03-15 13:25:53
Бироонун уйуно алып барып тарттырып ,анысы кийин билинип уят болгондорду деле коруп журобуз.Ага караганда бар нерсени корсотту...туурабы?Особнякта жашап ыркы-тыркы болгондон коро,жонокой уйдо да бактылуу,шандуу жашаса болот.Курал позитивдуу экенсин!!!
0
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан