"ҮЙРӨНГҮЛӨ. АКЧА ТОПТОГУЛА. ИШТЕП АКЧА ТАПКЫЛА"

2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейин Кыргызстанда «Global Money Week» ("Дүйнөлүк акча жумалыгы") өткөрүлөт. Бул иш-чаранын негизги максаты – акчаны башкара билүүнү үйрөнүү, алдыга максат коюп, келечекке финансылык пландарды иштеп чыгуу зарылчылыгына жаш өспүрүмдөрдүн көңүлүн буруу болуп саналат.

ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫ

«Global Money Week» масштабдуу кампаниясы жылыга «Child and Youth Finance International» (CYFI) эл аралык биримдигинин алдында дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. «Child and Youth Finance International» кыймылынын негизги максаты – балдар менен жаштарга өз каражатын кантип колдонуу же сактоо керектиги тууралуу билим берүү. Бүгүнкү күнү 1 пайызга жетпеген балдар үчүн гана финансылык билим менен финансылык системадагы интеграция жеткиликтүү. Миллиарддаган балдар жардылыкта жашап жатышат. Ушул көйгөйдү жоюу аракетинде иш алып бара жаткан "Дүйнөлүк акча жумалыгын" өткөрүүгө Кыргыз Республикасы дагы кайдигер карабай, бул иш-чараны быйыл 3-ирет уюштуруп отурат.
2017-жылы Кыргыз Республикасында «Global Money Week» кампаниясын өткөрүү иш аракетин адаттагыдай эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жетектейт. Ошондой эле калктын калың катмарын бул кампанияга камтуу жана анын максатына жетишине өз салымын кошуу демилгесин төмөнкү курамдан турган топ билдирген: Өнүктүрүү саясат институту, Билим берүү демилгелерин колдоо фонду, "Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБ, "Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" ЮЖБ, "Кредиттик маалыматты колдонуучулар ассоциациясы" ЮЖБ, Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Эл аралык финансылык корпорациясы (IFC), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, "Финка Банк" ЖАК, "Бай Түшүм Банкы" ЖАК, "КБ Кыргызстан" ААК, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК, "Росинбанк" ААК, "Айыл Банк" ААК, "Чанг Ан" инвестициялык банкы" ААК, "Евразия сактык банкы" ААК, "Халык Банк Кыргызстан" ААК, "Дос-Кредобанк" ААК, "Сенти" финансылык компаниясы жана башкалар.

АКЧА ЖУМАЛЫГЫНЫН УРААНЫ: "ҮЙРӨНГҮЛӨ. АКЧА ТОПТОГУЛА. ИШТЕП АКЧА ТАПКЫЛА"

Аталган иш-чаранын алкагында быйыл коомго, айрыкча жаштарга пайдалуу бир катар иш-чаралар өткөрүлөт:

  • Мамлекеттик органдар жана кредиттик мекемелердин өкүлдөрү жалпы билим берүүчү мекемелерде, жогорку окуу жайларда атайын семинарларды, тегерек стол, сынактарды жана башка иш-чараларды өткөрүшөт;
  • Улуттук банктын, мамлекеттик орган жана коммерциялык банктардын жетекчилигинин катышуусунда ачык сабактар уюштурулат;
  • Жогорку класстын окуучулары менен жогорку окуу жайлардын студенттерине шыктандыруучу лекцияларды жаш ишкерлер окушат;
  • Финансылык суроолор менен алектенген мамлекеттик органдар жана финансылык институттарда ачык эшиктер күндөрү өткөрүлөт;
  • Балдар жана жаштардын арасында финансылык билимди жогорулатуучу ар кандай багыттагы сынактар уюштурулат (сүрөт тартуу, фотосүрөт жана башкалар);
  • Квест-оюндар. Анын негизинде 12-16 жаштагы балдар атайын тапшырмаларды аткаруу менен өздөрүнүн финансылык билимин бекемдешет; жана башка иш-чаралар.

СЫНАКТАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ:

Салтка айлангандай, быйыл да "Дүйнөлүк акча жумалыгынын" алкагында мыкты сүрөт тарткан улан, кыздардын арасында сынак жарыяланды.
"Мыкты сүрөт" сынагы Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын 7-17 жаштагы окуучулары арасында төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:
- 1-категория – 7-10 жаш
- 2 категория – 11-14 жаш
- 3 категория – 15-17 жаш
Сынактын жеңүүчүлөрү ар бир категория боюнча төмөнкү суммадагы депозит же акчалай белектер менен сыйланат:
1-орун – 5000 сом
2-орун – 3000 сом
3-орун – 1500 сом
Сынакта өзүнчө номинация каралышы мүмкүн.

Сынакка кабыл алынуучу сүрөттөрдүн негизги темалары:

Акча деген эмне?
Менин жеке бюджетим
Үй-бүлөлүк бюджет деген эмне?
Жашообузда финансылык пландаштыруу жана акча топтоо
Акчаны кантип топтоп, канткенде талапка ылайык колдоно алабыз?
Күнүмдүк колдонулуучу акчаны туура бөлүштүрө аламбы?
Акча эсепти жакшы көрөт
Жөндүү сарптоолор – жашоодогу ийгиликтин башаты
Топтолгон акчалар аркылуу акча тап
Үйрөнүү жана иштеп акча табу

Биринчи баскычында катышуучулардын эмгектери сынактын катышуучусу окуган билим берүү уюмунун жооптуу адамына жиберилет. Тандалып алынган эмгектер 2017-жылдын 10-мартында саат 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча жиберилет: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108, Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси. Кененирээк маалыматты www.nbkr.kg сайтынан (Тендерлер жана сынактар/Сынактар бөлүгүндө),
www.dpi.kg сайтынан жана 0312 612414 жана 976530 телефон номерлери аркылуу билип алсаңыздар болот.

Мындан сырткары "Мыкты фотография" сынагы жарыяланды. Бул сынак 7 жаштан 25 жашка чейинки балдар жана жаштар арасында өткөрүлүп, төмөнкүдөй категориялар боюнча каралат:
- 1-категория – 17 жашка чейин
- 2-категория – 18-25 жаш
Сынакта айрым эмгектер калыстар тобунун атайын номинацияларына ээ болушу мүмкүн.
Конкурска кабыл алына турган фотосүрөттөрдүн негизги темалары (сюжеттери) төмөнкүдөй:

Менин акча топтоочу кутучам;
Балдардын жана жаштардын финансылык сабатсыздыгына каршы селфи-чакырык.

Фотолор gjanalieva@dpi.kg электрондук дарегине жиберилиши керек, же Фейсбук (Facebook), Инстаграм (Instagram) социалдык тармактарында жарыяланууга тийиш.
Сынак 2017-жылдын 27-мартында аяктап, жыйынтыктары 31-мартта жарыяланат.
Конкурстун жеңүүчүлөрү ар бир категория боюнча төмөнкү суммадагы депозит же акчалай белектер менен сыйланат:
1-орун – 5000 сом
2-орун – 3000 сом
3-орун – 2500 сом

Калыстар тобунун атайын 3 номинациясы – 3000 сомдон.
Кененирээк маалыматты www.nbkr.kg сайтынан
(Тендерлер жана сынактар/Сынактар бөлүгүнөн),
www.dpi.kg сайтынан жана 0312 612414 жана 976530 телефон номерлери аркылуу билип алсаңыз болот.

"МЕКТЕПТИН БЮДЖЕТИ" СЫНАГЫ

Ага каралган байгелер:

• Сынактын байге фонду (мектептер үчүн) – 200 000 сом.
• Мугалимдер үчүн сынактын байге фонду – 75 000 сом.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мектептерге) сыйлыктар төмөнкүдөй тартипте берилет:
1-орун – 50 000 сомго чейинки өлчөмдөгү суммага сыйлык;
2-орун – 35 000 сомго чейинки өлчөмдөгү суммага сыйлык;
3-орун – 20 000 сомго чейинки өлчөмдөгү суммага сыйлык;

Кызыктыруучу сыйлыктар – ар бирине 12 000 сомго чейинки өлчөмдөгү суммага.

• Сыйлоо каражаттары мектептин иш натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде коомдук иш-чараларды (ачык сабактарды, чогулуштарды, сынактарды жана башкалар) өткөрүү үчүн жабдууларды сатып алууга колдонулушу мүмкүн.
• Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мугалимдерге) сыйлыктар төмөнкүдөй тартипте берилет:
15 жеңүүчүнүн ар бирине 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык.• Сынак 3 баскычта өткөрүлөт. Бул жаңы сынактын шарты жана эрежелери менен толугураак
www.nbkr.kg сайтынан (Тендерлер жана сынактар/Сынактар бөлүгүнөн) жана www.dpi.kg сайтынан тааныша аласыздар.

Сыймыктануу менен белгилей кетүүчү жагдай, финансылык сабаттуулук тармагындагы жетишкендиктери үчүн 2016-жылы Кыргызстан Армения жана Бельгия өлкөлөрү менен биргеликте Европа жана Борбордук Азиядагы 50дөн ашуун өлкөнүн ичинен CYFI тарабынан демилгеленген "Global Inclusion Awards 2016" сыйлыгынын "Country Award" категориясы боюнча финалист катары таанылган. Сыйлыкты берүү аземи 2016-жылдын 28-ноябрында Швециянын Стокгольм шаарында болуп өткөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат кызматы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
chika-chika88
2017-03-01 23:37:42
Жакшы иш чара экен,
0
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан