"БААТЫР" - РЕЖИССЁРДУН КООПТУУ КАДАМЫ

Чыгыш дүйнө таанымы, философиясы сизди кызыктырса, бул тасма сиз үчүн. Уламышты чындыкка айландырган таланттуу режиссёрдун эмгегине атайын эффекттер, таң каларлык трюктар кошулуп, мыкты тасма түзүлгөн. Назарыңыздарда «Баатыр» тасмасы.
Тарткан өлкө – Кытай
Жанры – Боевик
Режиссёру – Чжан Имоу
Сценарийин жазгандар – Фенг Ли,Ван Бинь, Чжан Имоу
Оператору – Кристофер Дойл
Композитору – Тань Дунь
Башкы ролдордо – Жет Ли, Тони Люн, Чу Вай, Мэгги Чун, Чжан Цзыи

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • «Падышага он кадам жакын турган адам өлүм жазасына тартылууга тийиш» деген мыйзам чындыгында эле уламыштарда айтылып калган.
  • Башкы каармандын ролун аткарган Жет Ли сценарийди окуп алып көзүнө жаш алган. Бул актёрдун 32 жашында биринчи жолу сценарийди окуп алып ыйлаганы эле.
  • Таң калтырганы – сынчылар тасмадан бир да ката таба алышкан эмес.
  • Тасмадагы эпизоддор өзгөчө түскө бөлөнгөн. Мисалы, эки кыз согушуп жаткан учурда сары түс үстөмдүк кылса, дагы бир урушта көгүлтүр түс артыкчылык кылат. Ал эми кум үстүндөгү согушууда боз түс артыкчылык кылат.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ

Мындан 2000 жыл мурун зор Кытай империясы жетиге бөлүнүп, бири-бирине баш ийбеген уруулар тынымсыз согушуп турган. Цинь өлкөсүнүн падышасы бул кыргынды токтотуунун жалгыз жолу легендарлуу үч жоокерди өлтүрүү деп ойлойт. Жеңилбеген үч жоокердин башы үчүн эсепсиз акча сайылат. Бирок он жыл бою бул сыйлыкты алууга эч ким батынбайт. Анткени Сынган кылыч (Сломанный меч), Учкан кар (Летящяя снежинка) жана Асман (Небо) аттуу жоокерлер чыгыш мушташы боюнча алдына эч кимди салбаган, даярдыктары мыкты жоокерлер болчу. Аларга беттеп чыгуунун өзү өлүм эле.
Күндөрдүн биринде ак сарайга белгисиз жоокер келет да (бул каарман тасмада да аты белгисиз деп аталат), падышанын алдына атактуу үч жоокердин куралын таштайт. Бул алардын жок болгонунун белгиси болчу. Император аларды кантип жок кылганын угууга чыдамсызданат. Ошентип, аты белгисиз жоокердин баяны башталат. Айлакерлиги, эрдиги, кытай философиясын мыкты түшүнгөндүгү, бийик духу менен үчөөнү жеңгени сүрөттөлөт. Аты белгисиз жоокер үчөөнү байлык үчүн эмес, элдин биригиши, кан төгүүнү токтотуу үчүн өлтүргөнүн айтат. Бирок мыйзам боюнча падышанын алдына он кадам жакын келген адам өлүм жазасына тартылышы керек болчу. Падыша аты белгисиз жоокердин баянын укканы менен, аны өлтүрүүгө буйрук берет. Аты белгисиз ак сарайдан чыгып бара жатканда миңдеген жаанын жебеси денесин тешип каза болот.
Чыгыш философиясы жана Чжан Имоу Кытай режиссёру Чжан Имоу өмүр бою чыгыш күрөшү тууралуу тасма тартууну кыялданган. Кесибин сүйгөнүн мындан билиңиз, өзү кан борборуна барып канын сатып, акчасына кымбат баалуу камера сатып алган экен. Биринчи фотограф, анан оператор, кийин режиссёр болгон Чжан Имоу философия, чыгыш күрөшү боюнча көп жылдар бою маалымат топтойт. Тасманын өзөгүн Конфуцийдин «Күчтүү дух менен дененин мүмкүнчүлүгүнүн чеги жок» деген философиялык ою түзөт.

КЫТАЙ ТАСМАЛАРЫНЫН КЫМБАТЫ

«Баатыр» тасмасы – режиссёрдун опурталдуу кадамы. Бул кытай кинематографиясындагы эң кымбат фильм. Анткени буга чейин 30 миллион доллар коротуп, эч ким тасма тарта элек эле. Чогулткан байлыгын, алтургай жашаган үйүн да сатып, үй-бүлөсү менен батирде күн өткөргөн режиссёр бул фильм үчүн картага баарын койгон. Тасма 2001-жылдын жай айынан 2002-жылдын күз айына чейин тартылган. Тасманы өзү каалагандай ийгиликке жеткирүү үчүн режиссёр ири кинокомпаниялардын бири «Miramax Films» менен келишим түзгөн. Сценарийди өмүр бою мээсинде сактаган Чжан Имоу үч жылдын ичинде жардамчылары менен бирдикте жазып бүткөн. Режиссёрдун үмүтү акталып, экранга чыгары менен «Баатыр» тасмасы резонанс жараткан. Түндө карапайым оператор болуп уктаган Чжан Имоу эртеси даңктуу режиссёр болуп ойгонгон. Аталган тасма дүйнөлүк прокаттан 176,2 миллион доллар киреше алып келген.

СУЛУУЛУК ДҮЙНӨНҮ САКТАП КАЛАТ

«Баатыр» – дүйнөлүк кинематографияда чыгыш дүйнөсүнүн сулуулугун, табышмактуулугун, духун даңктаган бирден-бир фильм»,- дешет кино сынчылары. Тасмадан эки кыз күзгү жалбырактын арасында кылычташып жаткан учурду байкагансызбы? Ал эми жалбырактардын үзүлүп түшүп баратканы, сокур чалдын буту менен аспапты черткени, кыздардын абада калкып кылычташканычы! Табияттын көркөмдүгү менен чыгыш мушташынын бийик искусствосу айкашып, укмуш көркөмдүктү түзгөн бир эпизод 17 камера менен тартылган. Тасмадагы кооздугу көз талдырган костюмдар япон кызы Эми Ваданын колунан чыккан. Бул Акира Куросаванын атактуу «Самурай» тасмасындагы костюмдарды тиккен айым болчу. Тасманын дагы бир өзгөчөлүгү – атайын эффекттердин колдонулушу. Башкача айтканда, «Miramax Films» компаниясына таандык өзгөчөлүк менен тартылган.

СЫЙЛЫКТАР

Режиссёрдун үмүтү акталып, «Баатыр» тасмасы бир топ сыйлыктарга ээ болгон. 2003-жылы «Оскар» сыйлыгына талапкер болуп, бирок башкы байгени ала алган эмес. Ошол эле жылы «Алтын глобустун» «Мыкты режиссура үчүн» деген наамын алган. Кийин «Алтын аюу» сыйлыгына татыктуу болгон.


Кино жаңылыктары

МИСТЕР РЕЖИССЁРДОН МАСТЕР-КЛАСС

Кино сүй­үү­чүлөр, эгерде сиздер кино искусствосуна кызыгып, тасма тартууну максат кылсаңыздар, жакында ал ти­легиңиздер ишке ашат.
Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун 3-мас­тер-классы өткөнү турат. Мурун өткөрүлгөн мастер-классы ийгиликтүү өтүп, бир канча таланттуу улан-кыздар кыска метраждуу тасмаларды элге тартуулашты. «Таене», «Өлгөндөр жана тирүүлөр» жана башка жакшы тасмалар жаралды. Ал эми бул жолку мастер-класс 5-апрелден 11-апрелге чейин болуп, кино тартууну каалаган улан-кыздардын режиссёрдон сабак алып кеткенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Окуу аяктаган соң окуучулар 2 мүнөттүк кино тартышып, анан жайкыга он мүнөттүк кино тартып келүүгө тапшырма алышат. Мастер-класстын жыйынтыгы жыл сайын 15-ноябрда өтөт.


“НИКА” СЫЙЛЫГЫ ЭЭЛЕРИН ТАПТЫ

Орусиянын жылда берилүүчү негизги кино сыйлыгы “Ника” быйыл да өз милдетин аткарды. Быйылкы жылдын мыкты режиссёру катары Андрей Хржановский табылды. Анын “Жарым бөлмө же мекенине кайтуу”деген тасмасы бул сыйлыктын башкы ээси болду.
Мыкты тасмалардын катарына Василий Сигаревдин “Бөлтүрүк” тасмасы, Карен Шахназаровдун “№6-палата”, Павла Лунгиндин “Падыша” тасмалары кирди. Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн Владимир Ильин жана Олег Янковскийге (каза болгондон кийин) сыйлык берилди. Ал эми аялдын ролун мыкты чагылдырганы үчүн Светлана Крючкова сыйланса, мыкты роль жаратканы үчүн Мария Шукшина статуэткага ээ болду.


МУМБАЙЛЫК “ЗОЛУШКА” ГОЛЛИВУДДУ БАГЫНДЫРГАНЫ ТУРАТ

Индия актрисасы Фрейд Пинто (“Жарды аймактан чыккан миллионер” тасмасында роль жараткан) эми Голливудду багындырганы турат. Болгондо да Жеймс Бонддун өнөктөшү болуп тасмага тартыла турган болду.
Атактуу агент Жеймс Бонд тууралуу көп сериалуу тасма 1962-жылдан бери тартылып келет. Агентти коштоп жүрүүгө Фрейд Пинтону бекитишти. Бул ролго алгач Анжелина Жолини тартабыз деп ойлогон режиссёрлор акыркы учурда пикирин өзгөртүшүп, Фрейд Пинтого токтолушкан.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан