ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ КТРКга НААРАЗЫ

"120 кой" сатирасын ойноп атагы артып, ошол эле маалда тымызын кысымга да кабылган куудул Тынар Курбаналиев буга чейин "концерт коёлу десек зал бербей жатат" деп нааразы болгону бар эле. "Спорт Ордосун эптеп алып, концерттин жарыясын берели десем КТРК жарыябызды кабыл албай койду" деп нааразычылыгын айтып куудул бизге кайрылды.
– Концерт коёлу десек бизге зал бербей жатышкан. "Эмнеге бербей жатасыңар?" десек, жооп айта алышпайт. Эмнеге бербей жатканын өздөрү деле түшүнүшпөйт экен. Спорт Ордосунун директоруна кирип залды эптеп алдым. Анан "концерттин жарыясын берейин, канча десеңер төлөйүн" деп КТРКга барып сүйлөшсөм, менеджери "убакыт жок, бере албайбыз" деп калды. "Эмнеге бере албайсыңар?" десем, "шеф ушинтип айтты" дейт. Шефине кирейин десем кабыл албай койду. Президентибиз быйылкы жылды "Ыйман жана маданият жылы" деп жарыялаган. Телевидениенин жетекчилиги маданият кызматкерлерин колдогондун ордуна бут тосуп жатышат. Бул деген президентке каршы чыкканы деп түшүнөм. Бирин-бири ушактап, жамандагандарга кенен убакыт бөлүп, элдин маанайын көтөргөн концерттин жарыясын акча төлөп чыгарууга 2 секунд убакыт бере алышпаганы мени таң калтырды,- дейт ачууланган куудул Тынар Курбаналиев.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
meni_kut
2017-03-01 10:50:07
Шефи авария болуптур,абалы оор экен,ушундай майда каргыштар да тиет да
+32
Nazikbaigazy
2017-03-01 10:57:57
Кайсы кундору болот, мына супер инфодон жарыяла баары барат кудай кааласа силер элдин уулусунар, тиги директорго жакшы болуптур жатсын эми
+21
tatynam_88
2017-03-01 14:52:32
Nazikbaigazy,концерти болуп отту 27.28инде
-3
admin_superstan
2017-03-01 14:39:48
Kairat.96, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
bak1122
2017-03-01 20:27:07
сентиябрь каналына берипсинерго рекламанарды
-5
Aikan1966
2017-03-02 13:09:55
Тынар,молодец,сага куч кубат,ден соолук,омур,иштей бер эл учун,биз сени менен.
+9
mratbashy
2017-03-03 00:20:47
Ктрк жонундо да сатира жазгыла 120кой сыяктуу ошондо жетет буларга силер артиссинер силер ктркадай ар кимдин айтканвн кылбайсынар силер алардан ойдо турасынар
+10
Santini
2017-03-03 00:59:29
Тынар бир зал бербейт деп нааразы болуп журду эле, кийин залды алып бере албайсын деп Жанар Акаевге нааразы болуп журду,эми кезек КТРге келген го. Дагы нааразы)).. Тынар ака,деги бир нерсеге ыраазы болгон кунунуз бар болду бекен))
-18
farida.kg.1991
2017-03-03 05:44:07
тынар курбаналиев аяш ава деп лейлектиктерди шылдындаган
-16
Adilet_adi
2017-03-05 10:47:44
farida.kg.1991,шылдыңдайтда кыргызча сүйлѳй албасаңар
+3
futboler
2017-03-06 22:59:31
Adilet_adi,суйлой албайсынар деп кыйынсынасын, не кытайча суйлоп жатыптырбы
0
bond02
2017-03-03 11:35:38
КТРК концертине каршы болсо керек да бийликтегилерди анан кечээ авария болгон шефин мазактайт деп.
-4
Eliza.nurjanovna
2017-03-03 19:05:22
Биздин бийлектегилердин алы жеткени эле куудулдар.ушуларды эле каалышынча калчай беришет
+3
chyngyz84
2017-03-04 22:09:30
Азамат! Тынар дайым карапайым эл менен, элдин жагдайын сатира кылып элибизге күйүп, бийлике үн созот. Бирок куудулдарыбызды, бийликтегилерибиз бут тоскону туура эмесда.
+3
Qnet
2017-03-05 02:38:40
КТРКсы жок эле адам коп барды го концертке!Дагы коптогон жаны программадагы концертинизди кутобуз!
+3
anyshka
2017-03-06 01:33:39
Ктрк бай атакебиздин мнчик каналы
0
Gulzina1993
2017-03-09 19:32:31
Болгону аз калкпыз, ансыз да тентип ар кайсы олколордо эмгектенип журобуз. Дагы батышпай кырылышабыз, ынтымак деген нерсени таптакыр унутуп калдык. Бут тоскондон башка ишибиз жоктой.
0
tynchtyk--230899
2017-04-02 16:10:49
Биздин бийлик кууудулдардан коркобу
0
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан