Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Германиянын Берлин шаарында 9-19-февраль аралыгында орун алган Берлин эл аралык кинофестивалынын алкагында сынактан тышкары көрсөтүлдү. Ошол эле жерде тасманын дүйнөлүк бет ачары болду. Күтүүсүздөн "Кентавр" тасмасы CICAE автордук тасмалардын эл аралык конфедерациясынын сыйлыгына татыды. Анын жыйынтыгы 18-февраль күнү кинофестивалдын жабылуу аземинде жарыяланган. Сыйлыктын диплому тасманын Германиядагы продюсери Танассис Каратаноско ыйгарылды. Анда "Сыйлык автордук киного, дүйнө элинин көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүгү бар, мыкты сапатты чагылдырган, дүйнөлүк киноиндустриясына салымын кошо алган тасмага ыйгарылат" деп белгиленген. Мекендешибиздин эмгеги "Кентавр" фестивалдын алкагында 8 ирет көрсөтүлүп, ага 2 миңдей көрүүчү күбө болду. Кыргызстанда аталган тасманын бет ачары 26-март күнү болот.