Ырчы Салтанат Аширова "Голос Украины" теледолбоорунун 7-сезонунун тандоо турунан өттү. Мекендешибиздин катышуусундагы берүү 19-февраль күнү Украинанын "1+1" каналынан көрсөтүлүп, интернетке жүктөлдү. Ырчы айым сынакта америкалык ырчы Алиша Киздин "Fallin" аттуу чыгармасын аткарган. Жыйынтыгында ага 4 калыстын экөө – украиналык Жамала ("Евровидение-2016" сынагынын жеңүүчүсү) жана Потап бурулушкан. Долбоордун эрежеси боюнча Салтанат 2 калыстын бирин тандоосу керек болчу. Бирок Жамала кыргызстандык аткаруучуга ырдын кайсы бир жерин жеткиликтүү аткарбагандыгын айтып, кайрадан ырдап көрүүсүн сунуштаган. Салтанат ырды экинчи ирет аткарганда Жамала көңүлүндөгүдөй аткара албагандыгын айтып, мекендешибизден баш тартып койду. Рэп ырчысы Потап "эреже боюнча катышуучу тандашы керек" дегенден кийин Салтанат "мындай жагдайда, албетте, Потапты тандайм" деп устаты катары рэп ырчысы, продюсер Потапты тандады. Бул көрсөтүүдөн соң Жамаланы калың эл катуу талкууга алып, мекендешибизди долбоорду көргөн украиналыктар, орусиялыктар жана, албетте, кыргызстандыктар колдоп жатышкан кези.
– Салтанат айым, сынактын башында ушундай окуя болот деп күтпөсөңүз керек?
– Ооба. Бизге калыстар тобунда кимдер отурарын айтышкан эмес. Мен ырдап бүткөн соң гана алардын жүзүн көрдүм. Анан Жамала "Алиша Киз кандай ырдаса ошондой ырдай албадың" деп сындай баштады. Кайра ырдадым, бирок ал "бул күрөшкө мен катышпайм" деп менден баш тартып салды. Менимче, менин кыргызстандык экеним жана келбетим ага жакпай калды окшойт. Залда отурган көрүүчүлөр дагы анын бул кылыгын жактырышкан жок. Потап "кимди тандайсың?" деп сураганда мен аны тандаарымды айттым. Сахнадан түшүп баратканымда украиналык дагы бир белгилүү ырчы Тина Кароль мага келип, "сизге Потап канчалык туура келерин билбейсиз" деп жылуу сөздөрүн айтты.
– Интернет айдыңындагы талкууларды карап жатасызбы?
– 20-февраль күнү эртең менен жүктөлгөн видеого түшкө жакын миңдей комментарий жазылды. Бир суткада менин катышуумдагы видеону 250 миң адам көрүп чыгыптыр. Мен чындыгында Жамаланын сындарын уккан соң нес абалда калгам. Бирок элимдин колдоосу менен өзүмө келдим. Мен кыргыз элиме ушунчалык ыраазымын, алар Жамаланы жактырбай жатышканын туура түшүнөм, мага жан тартып жатышат. Бирок Жамаланы жаман сөздөр менен сөгүүнүн кажети жок. Башкалар элибиздин деңгээли бийик экенин билүүсүн каалайм.