КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ: ФИНАЛГА АТТАНГАН КЫРГЫЗ ХОККЕЙЧИЛЕРИ

19-февралда Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында Кышкы Азия оюндары старт алды. Тарыхында 8-ирет уюштурулуп жаткан бул мелдеште 11 спорт түрүнөн 64 комплект медаль ойнотулууда. Анда жалпы 32 өлкөнүн 1500дөн ашык спортчулары күч сынашууда.

ЖАЛПЫ 33 СПОРТЧУ КАТЫШАТ

4 жылда бир өтүүчү мелдешке өлкөбүздүн атынан жалпы 33 спортчу катышып жатат. Алар хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан күчтөрүн сынашууда. Алардын арасынан Муратбек Жакыпов машыктыруучулук кылган хоккей боюнча улуттук курама командадан күйөрмандар үмүт кылышууда. Себеби Азия чакырык кубогунун учурдагы жеңүүчүсү аталган хоккейчилерибиз Азия континентинде баш көтөрүп келе жатканын эч ким тана албайт. "Улуттук курама команда 2-дивизиондо орун алды. Бирок Азия континентинде Казакстандан башка бардык командалар менен тең тайлашып ойногонго күчүбүз жетет",- деп билдирген Азия оюндарынын алдында хоккей федерациясынын вице-президенти жана улуттук курама команданын дарбазачысы Элзар Болотбеков.
Ошондой эле биатлон менен лыжа спорту боюнча Алматы шаарында Универсиада оюндарына катышып келген жаш спортчулар Кундуз Абдыкадырова, Тариэл Жаркымбаев, Нурбек Доолатов жана Наталья Левданская күчтөрүн сынаганы аттанышкан. Муз үстүндө бийлөө боюнча Лаура Исмагулова менен Александра Нестерова күчтөрүн сынаса, тоо-лыжа спортунда медалдар үчүн Максим Гордеев, Евгений Тимофеев, Ольга Палюткина жана Дариха Мураталиева ат салышат.

ЛЫЖА СПОРТУ ЖАНДАНУУДА


Лыжа жарышына жаш спортчулар Тариэл Жаркымбаев менен Кундуз Абдыкадырова жарышка түшүүдө. Өлкөбүздөгү кышкы спорттун абалы мышык ыйлаарлык болсо дагы, эл аралык мелдештерге катышып жатышкан спортчулар алкышка татыйт. Биздин спортчулар менен Азиянын алдыңкы өлкөлөрдүн спортчуларынын даярдыктарын салыштырып болбойт. Тариэл Жаркымбаев 1400 метр аралыкка спринт жарышында чейрек финалга дейре жетип, жалпы 20дан ашык спортчулардын арасынан 16-орунга жазылды. Ал эми Кундуз Абдыкадырова кыз-келиндер арасында жарышка түшүп, 18-орунда келди.

ЖЕҢИШ ЖОЛУНА ТҮШКӨН ХОККЕЙЧИЛЕР

Кыргыз өлкөсү – Кувейт 5:0

Хоккейчилерибиз 2-дивизиондо чүчү кулактын жыйынтыгы менен "В" тайпасында орун алган. Анда Кувейт, Бахрейн, Филиппин аралдары жана Катар командалары менен күч сынашууга туура келди. 18-февралда Аман Эсен уулунун капитандыгы алдында команда Кувейт менен кез келишти. Атаандаштын көпчүлүк оюнчулары Европа жана Америкада ойноп жүрүшкөн спортчулар, андыктан бул беттеште Кувейт фаворит саналган. Бирок оюнга келгенде араб өлкөсүнүн хоккей чеберлери спортчуларыбызга туруштук бере алган жок. Буга намыстанып кетишкен атаандаштар муз үстүндө мушташ чыгарууга да үлгүрүштү.
"Коргоочубуз Урмат Шейшенов менен шайба талашкан кувейттиктер урушту баштап жиберишти. Хоккейчилердин согушуусу бул спортто кадимки эле көрүнүш",- дейт беттештен кийин башкы машыктыруучу Муратбек Жакыпов.
Финалдык ышкырык 5:0 эсебин каттады. Кыргыз өлкөсү Азиадада алгачкы жеңишине жетишти!
"Эл аралык мелдештерде колдонулган муз менен биз машыгып жүргөн муздун айырмасы чоң. Анын жарык менен чагылышы да алда канча күчтүү болгондуктан көнүүгө бир аз убакыт кетти",- деп белгилейт команда капитаны.

Кыргыз өлкөсү – Филиппин 10:5

Мекендештерибиздин экинчи оюну 21-февралда өтүп, анда филиппиндиктер менен күч сынашты. Оюндун 13-секундасында эле чабуулчу Антон Кудашев эсепти ачканга жетишти. 1-бөлүктүн соңуна чейин аталган спортчу менен Олег Колодий эсепти 6:0 кылышса, атаандаштар 1 шайба менен гана жооп бере алышты. Намыстана түшкөн филиппиндиктер 2-бөлүктө катары менен 3 жолу гол киргизишсе, Саламат Тыналиев 1 гол менен жооп кайтарды. Соңку бөлүктө Даниил Шушенков, Владимир Ничипуренко эсепти ири айырма кылууга жеткиришти. Жыйынтыгында 10:5 эсеби менен экинчи жеңиш катталды. Оюндардын бардыгын ири эсепте утуп жаткан кыргыз хоккейчилери күйөрмандарды гана эмес, атаандаштарын таң калтырууда десек жаңылышпайбыз.

22-февраль күнү Бахрейн өлкөсү менен кез келмек, бирок араб өлкөсүнүн спортчулары Азия оюндарына келишкен эмес. Эми тайпада Катарды утушса, Азиада оюндарынын 2-дивизионун финалында "А" тайпасынын жеңүүчүсү менен беттешет.

"В" ТАЙПАСЫ


ЕВГЕНИЙ ТИМОФЕЕВ АЛДЫҢКЫ ОНДУКТА

22-февралда тоо-лыжа спортуна старт берилди. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан Евгений Тимофеев менен Максим Гордеев катышышты. Гигант слаломго жалпы 44 спортчу катышып, алардын 30у гана финишке чейин келген. "Сочи-2014" Олимпиадасынын катышуучусу Евгений Тимофеев биринчи жарышта 7-орунга жазылса, Максим Гордеев 18-келген. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгүндө Евгений Тимофеев 1-орунду алган япон спортчусунан 6 секунда артта калып, 8-орунда калса, Максим Гордеев 16-орунда келди. Спортчуларыбыз эми дагы слалом бөлүгүндө медалдар үчүн күрөш жүргүзүшөт. Оюндар 26-февралга чейин уланат.

23-ФЕВРАЛГА КАРАТА МЕДАЛДАР ТИЗМЕГИ

Кыргыз спортчулары Кышкы Азия оюндарынын ачылуу аземинде.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан