АПОКАЛИПСИС

Режиссёру – Мел Гибсон
Сценарийин жазгандар – Мел Гибсон, Фарад Сафиния
Продюсери – Нед Дауд
Ролдордо: Руди Янгблад, Далия Эрнандес, Морри Бёрдйеллоухед, Рауль Трухильо

Мазмуну
Илгери-илгери, тагыраак айтканда, 1500-жылдары Юкатан жарым аралында, калың жунглинин ичинде эч кимге тийишпей, табият менен достукта бир чоң уруу жашайт. Алп денелүү, тиштери апакай адамдар мергенчилик менен жан багып, үйбүлө күтүп, бала чоңойтушат. Кечкисин оттун тегерегинде аксакалдардын сыйкырдуу жомокторун угуп, бактылуу жана ынтымактуу жашашат.
Күндөрдүн бир күнүндө түрлөрү суук, тиштери кара, моюндарына адамдын сөөк­төрү­нөн жасалган шуруларды тагынган башка уруунун адамдары майя уруусуна кол салат. Ошол учурдан тартып улуу цивилизация жоголо баштайт...
“Миң уккандан көрө бир көргөн жакшы” дегендей, тасманын мазмунун толук айтып берүүнүн кажети жок. Ар ким фильмде берилген ойду өзү­нүн көз карашына жараша кабыл алат. Гибсондун элге жеткиргиси келген идеясы – бул адамдын ач көздүгү. Фильмде картаң санжырачы айтып бергендей, “адам баласынын курсагында чоң тешик бар. Ал тешик – түбөлүк ачкөздүктүн белгиси. Канчалык акылдуу, күчтүү болбосун, адам акыры өзүн-өзү ачкөздүктүн айынан жоготоору анык”.

Тасманын өзгөчөлүктөрү

  • Мел Гибсондун бул тасмасынын оригиналдуу аталышы “Apocalypto”. Бирок, аны англисчеден “акыр заман” деп которбой, грекче котормосунан “жаңылык” маанисинде түшү­нүү дурус.
    “Апокалипсистин” башка фильмдерден айырмаланган бир нече өзгөчөлүктөрү бар.
  • Тынымсыз кыймыл. Баштан аягына чейин баарысы аракетте. Бири кубалайт, экинчиси качат. Тасманын дээрлик жарымында башкы каармандын чытырман токойдо көзгө илешкис ылдамдыкта жүгүр­гөнүн тартууда камера бир секундга да токтогон эмес.
  • Режиссёрдун кандуу эпизоддорду аябаганы. Тасмада адамды белгилүү чекке чейин кубалап барып, качып кутула албай калгандарын ырайымсыздык менен курмандыкка чалгандарын чыдаган киши эле көрөт.
  • Драмалык эпизоддор. Сууда бир баласын колуна алып, экинчисин төрөп жаткан аялды көргөндө, кимде гана аёо сезими пайда болбосун?!
  • Фильм майя уруусунун тилинде тартылган. Жоголуп бараткан тилди ар бир актёр дисктен угуп отуруп жаттаган. Фильм азыркы тилдерге которулбастан, субтитрлердин жардамы менен берилет.

Майя ордо шаарын кайра куруу
Майя империясы учурунда азыркы Гвемателада орун алып, биздин замандын VIII кылымында кыйрай баштаган. Учурдагы Гвемателада азыр да майя элинин урпактары жашашат. Алардын жашоо деңгээли төмөн, кээ бирлеринин билим алууга да каражаты жок.
Гибсон менен Сафиния Майя цивилизациясынын пайда болуу жана талкаланышы тууралуу санжыра, жомокторду окуп чыгууга бир нече ай кетиришкен. Майя уруусунун жоголушун далилдеген бир канча теорияларды изилдеп, алар жашаган жерлерге саякатка жөнөшкөн. Майя маданиятын канчалык терең казган сайын, кино тартуу ошончолук жеңилдеген.
Тасманын кеңешчи адиси археолог жана тарыхчы Ричард Хансен менен биргелешип фильмдин сүрөтчүсү Том Сэндерс майя элине таандык курал-жарактар, буюмдар жана кийимдерди толук изилдеп чыккандан кийин гана илгерки кездегидей шаарды курууга камынат.
Тактык менен кылдаттыкты талап кылган оор жумушту бир нече куруучу топтор, сүрөтчү­лөр, скульпторлор, жашылдандыруучулар жана жергиликтүү кара жумушчулар аткарышкан. Алгач бийиктиги 5 метрлик болгон макет жасалып, андан соң жыгач, таш, жез сыяктуу табигый материалдардан чыныгы калаа курула баштаган. Куруучулар пирамидалар менен эстеликтерди, имараттар менен алачыктарды, аянт менен базарды кайрадан жаратууда жоголгон элдин куруу ыкмаларын колдонушкан. Жоопкерчиликти өзүнө алган Сэндерс 60 миллион доллар сарптап, Майя ордосун орнотуп, аны жергиликтүү элге мураска калтырып берди.

Тасмага актёр тандоо

  • Фильмде белгилүү актёрлор жок. Майя элдерине окшогон келбеттүү актёрлорду тандоо Мексика, АКШ жана Канадада жүргөн. Сынакта үч канадалык, эки АКШнын жашоочусу тандалган. Көпчүлүктү (“массовка”) түзгөн 700 адам Мексиканын тургундары. Фильмдин кээ бир жаш катышуучулары индеец урууларынан табылган жана алардын арасынан мейманканага өмүрүндө биринчи жолу келгендер чыккан.
  • Башкы ролдогу Руди Янгбладдын теги майя уруусуна тиешелүү. Спорт менен машыккан ырчы жана шаман бийлерин аткаруучу Янгбладды тапканда режиссёр көктөн издегенин жерден тапкандай болгон. Шамдагай, келбеттүү жигит дайым кыймылда болгон ролду аткарууга төп келген. Ягуардан качып кутулуу жана шаркыратмадан секирүү эпизоддорун тажрыйбасыз жаш актёр өзү аткарган.
  • Акылмандын ролун Чапас шаарынан келген Фернандо Эрнандес ойногон. Анын да теги майя уруусунан жана ал азыр Канадада элдик дарыгер катары таанымал.
  • Картаң санжырачынын кичине, бирок, маанилүү ролуна чыныгы жашоосунда да санжырачы болгон юкатандык кыштактын тургуну тандалган.
  • Башка ролдорду ар кандай кесип ээлери: бийчилер, акробат-гимнасттар, цирк жана көчмө театр артисттери, музыканттар ойношот. Алардын арасында карапайым адамдар да бар. Мисалы, башталгыч класстын мугалими.
  • Тасманын продюсери айткандай, режиссёрдун мурда бир да жолу киного тартылбаган тажрыйбасыз актёрлорду фильмге түшүргөнү анын мыкты адис экендигин далилдеди. Азамат, мырза Гибсон!

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aminali
2010-10-05 02:33:12
BAwinan ayagina 4ikki4a nerv bolup jatip aran korgom jakwi tasma juroktu oorytkan.
0
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан