SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

16-февраль:
ӨКМӨТТҮН 37 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРЫЗ БОЮНЧА АКЫРКЫ ҮМҮТҮ ПУТИНДЕ

Үстүбүздөгү айдын соңунда Орусия президенти Владимир Путин Борбор Азиянын бир нече өлкөлөрүнө турне жасамакчы. Анын алкагында Путин Кыргыз өлкөсүнө келерин Кремлдин басма сөз кызматы ырастаган. Орусия лидери Алмазбек Атамбаев менен эмнелерди талкуулайт? Серепчилер Путиндин Кыргыз өлкөсүнө иш сапарынан соң бийлик президенттикке өз талапкерин жарыялайт деп жоромолдошууда. Кремлдин "батасын" талапкерлер кандай колдонушары 2010-2011-жылдардагы шайлоолордон улам белгилүү. Албетте, Москванын, Казакстандын колдоосуна ээ болууга башка талапкерлер да аракет кылышат. Бирок бийликтин талапкеринде бул жагынан мүмкүнчүлүк жогору болот. Бүгүн парламент жыйынында социал-демократ Төрөбай Зулпукаров КСДПга "талапкер чыгарбаш керек, мураскер калтырбаш керек" деген түшүнүк таңууланып жатканына нааразы болду. Социал-демократтарды бул маселе тынчсыздандырууда. Буга чейин Чыныбай Турсунбеков дагы КСДП алып чыккан талапкерди Атамбаевдин мураскери катары карабоого чакырган. Бирок бийликтин атынан чыккан талапкерге "мураскер" атагынан арылуу кыйын болот.
Бүгүнкү күндө Москва менен Бишкектин мамилесин бир аз суутуп, чырга айлануу абалында турган маселе – бул "РусГидро" компаниясынын Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга короткон 37 миллион доллары. Кыргыз тарап аталган курулуш аймагына чын эле 37 миллион доллар коротулганына ишенбей, баалар рынок баасынан ашыкча көтөрүлүп көрсөтүлгөн деген позицияда турат. Орусия тарап эл аралык аудит өткөрүүгө кызыкдар эмес, келишим шарты боюнча иштешүүдөн баш тарткан тарап коротулган акчаны кайтарып берүүсү зарыл. "РусГидро" келишим шарттары аткарылбаса сот аркылуу маселени чечишерин кулак кагыш кылган. 2 күн мурун 14-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда бул маселе көтөрүлгөн. Депутаттар эмнеге кыргыз тарап аталган долбоор боюнча көз карандысыз аудит жүргүздүрбөй жатканына кызыгышты. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев Орус тарап анын жыйынтыгын кабыл албай коюшу мүмкүн дейт. Башкача айтканда, 1 миллион доллардын тегерегинде каражат коротуп өткөргөн аудит жыйынтыгын Орусия кааласа кабыл албай коёт дейт. Келишим түзүлүп жатканда мындай жагдайлар эмнеликтен эске алынбагандыгы түшүнүксүз, айтор, өкмөт чарасыз абалда. Вице-премьер-министр Олег Панкратов эгер тараптар өз ара түшүнүшүүгө келсе, аудитти өткөрүү зарылчылыгы жоюларын билдирди. Демек, кыргыз өкмөтүнүн 37 миллион долларлык карыз маселесин чечүү боюнча акыркы үмүтү Путинде...

17-февраль:
САЛЯНОВА, ШЫКМАМАТОВ... КЕЗЕК ТЕКЕБАЕВДЕБИ?

"Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура: "2011-жылы Эсептөө палатасы тендер жарыялабай туруп 2 фирма менен сүйлөшүп, 5 кызматтык унаа сатып алган. Тендер документтерин кийин жасап коюшкан. 5 машинанын бири Алмамбет Шыкмаматовдун аялына тийиштүү болгон. 2011-жылы Эсептөө палатасы Мерседес унаасын 14 637 долларга, базар баасынан 4 миң долларга кымбат сатып алган. Тендердик комиссиянын төрагасы Ж.Иманалиев менен комиссия мүчөсү А.Шыкмаматов бул иштерди сүйлөшүп алып жасашкан. Мамлекеттик каражаттын максаттуу жана мыйзамдуу пайдаланылышын көзөмөлдөшү керек болгон Эсептөө палатасынын кызматкерлери ошентип мамлекетке чыгаша келтирүүчү келишим түзүшкөн",- деп айыптоодо. Кылмыш иши "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча козголуп, иликтөө УКМКга берилди.
Бийликти активдүү сындап келе жаткан "ата мекенчилердин" илгери кетирген катачылыктары саясий тирештен улам калкып чыга баштады. Буга чейин Аида Саляновага каршы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шыкмаматовго байланыштуу 2011-жылкы окуянын 6 жылдан кийин дал ушул маалда ачылышы коомчулукта "саясий куугунтукпу" деген суроону жаратты. Европада иш сапары менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев "жыл аягында өзүм менен кошо ичи тар саясатчыларды ала кетем. Саясатка жаш, жаңы элита келиш керек",- деп комментарий берди. Алгач Салянова, эми Шыкмаматов... Президенттин кебине караганда, саясий тирештин кийинки баскычы Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш ишинин козголушу болот. Ар бир бийликтин мөөнөтү аяктап бара жатканда Өмүрбек Текебаев жана анын командасына каршы кылмыш иштерин козгоо, камоолор орун алат. Өлкөдө бул көрүнүш трендге айланганы калды...

20-февраль:
ЭГЕМЕН ЭЛ ЭКЕНИБИЗДИ АТАМБАЕВ ЕВРОПАЛЫКТАРДЫН ЭСИНЕ САЛДЫ

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Европага сапарында "Евроньюс" телеканалына маек берип, Азимжан Аскаров, Владимир Путиндин талапкери жана ЕАЭС өңдүү актуалдуу суроолорго жооп берди. Июнь окуясына байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун маселеси президенттин буга чейинки Европа өлкөлөрүнө болгон сапарларында да көтөрүлүп келген. Бул жолу Бельгияда кыргыз башчысын Азимжан Аскаровду колдоп пикетке чыккан активисттер тосуп алышты. Президент маселенин өзөгү АКШнын аскердик майданын Кыргыз өлкөсүнөн чыгаруу чечимине байланыштырды. Мамлекет башчынын айтымында, бул маселе саясатташкан. Оппозицияда 15 жылдан ашуун жүргөнүн эске салган президент бир да жолу Аскаров деген укук коргоочу же журналист бар экенин укпаганын айтты.
"Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын арада Кыргыз мамлекетине жасай турган сапарында Кремлге ыңгайлуу талапкерди көрсөтөт дегендерге эмне дейсиз?" деген суроого "Бул – абсурд, Кыргыз мамлекетинин президенти ким болорун Москва да, Вашингтон да эмес, биздин өлкөнүн жарандары чечет" деп жооп берди Алмазбек Атамбаев.
ЕАЭСтин пайдасын Кыргыз мамлекети эмес, баарынан мурун Орусия көрөт деген түшүнүктү четке кагып, кыргыз башчысы эмгек мигранттарынын укугу орусиялыктар менен тең болуп калганын айтты. "ЕАЭСке кирбесек, анда бизди экономикалык блокада күтүп турмак" деген Алмазбек Атамбаев союздун рыногу керек болгонун билдирди. Бирок азырынча ал рыноктун жар салынгандай пайдасын кыргыз тарап көрө элек…

21-февраль:
АТАМБАЕВ АЙТКАН АКЫЙКАТКА КОҢШУДАН МУРУН ОППОЗИЦИЯ "КАПА"

Тышкы иштер министрлиги президент Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылдагы абал боюнча сөзүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Казакстандын Кыргыз жериндеги элчиси менен жолугушту. 2010-жылкы оор кырдаалда Казакстан чек арасын жаап салып, бул абал Кыргыз жарандарына бир топ кыйынчылыктарды алып келгенин, атүгүл айрым керектүү дары-дармектер киргизилбей, кыйын абал жаралганын, жарандар чек араны дарыя аркылуу кесип өтүүгө аракет жасаган учурлар болгонун, ошондой окуялардын биринде бир жаш бала сууга агып кеткенин эскерди.
Өткөн аптада "Евроньюска" берген маегинде президент Алмазбек Атамбаев 7 жыл мурунку абалды эскерип өткөн эле. Маекте 2010-жылы Казакстан чек арасын 1,5 айга жаап салганы, ошондо Кыргыз жеринде адамдар өлгөнү да айтылган. Мындан улам Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан президенттин билдирүүсү боюнча түшүндүрмө сураган. Тагыраагы, "эмне үчүн минтип айтат?" деген нааразычылыгын билдирген. Казак тараптан келген нааразычылык Кыргыз жергесиндеги президенттин оппоненттерине сындардын жаңы толкунун жаратууга жакшы шарт түзүп берди. Бирок өлкөнүн башынан ушундай күндөр өткөнү чындык. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызда бийлик алмашып, республикада кыйын кырдаал түзүлгөндө, революция толкунунан чочулаган Казакстан чек арасын жаап салган. Бул аракетин алар "Казакстан Республикасынын аймагына ок атуучу курал, баңгизат жана башка тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз ташуу коркунучтары бар" деп түшүндүрүп, майдын аягына чейин чек арасын ачпай турушкан. Кыргыз тарап кескин кадамдарга барбаса, балким, чектөө бир нече айларга алынмак эместир. Кыргыз-казак чек арасы Казакстан тарабынан жабылганына 41 күн болгондо Кыргыз Республикасы Киров суу сактагычын жаап, Казакстанга суу бербей койгон. Бир күндөн кийин Казакстан чек араны ачкан. Бул чындыкты президент айтса да, айтпаса да, кыргыз эли, ошол учурда Кыргыз мамлекетине назар салып турган мамлекеттер жакшы билет. Ушундай эле жагдай 2010-жылкы Июнь окуясында да кайталанды. Казакстан түрдүү себептерге, эрежелерге шылтап 2 жылдан бери чек арасынан Кыргыз жеринде өндүрүлгөн эт, сүт, айрым учурларда жашылчаларды да өткөрбөй коюп келе жатат. Бул жагынан алганда коңшулаш жайгашкан өлкө Кыргыз мамлекети менен экономикалык бир альянста болгонуна карабай эки тараптуу өнөктөштүк мамиле жасабай келет. Албетте, бул коңшу өлкөнүн эмес, ириде Кыргыз өлкөсүнүн тышкы мамилелер тармагын жетектеген топтун, өкмөттүн чечүүсү керек болгон маселеси...

22-февраль:
МУФТИЙДИН ОРДУ КИМГЕ КЕРЕК БОЛУУДА?

Кыргыздын муфтийи Максат Токтомушев "жогорку диний билими жок" деп күнөөлөнүп жатат. Бишкекте маалымат жыйын берген айрым укук коргоочулар Токтомушев билим алган Пакистандын "Аль-Арабия" медресеси мамлекеттик стандартка жооп берген сертификат бере албасы аныкталганын айтышты. Нааразы тарап муфтийден кызматтан кетүүнү, акыркы 3 жылда алган маянасын кайтарып берүүнү талап кылууда.
Бул жыйын муфтийдин ордун талашуу аракетине көбүрөөк окшошууда. Анткени бүгүн муфтийди күнөөлөп жаткандардын бири Келдибек Аскаралиев 2014-жылы Максат Токтомушевди "Таблиг жамаат" уюмунун мүчөсү" деп айыптап чыгып, бирок далилденген эмес. Адатта муфтияттын тегерегинде чуу ажылык сапар жакындаганда башталат. Анткени бул иш-чаранын тегерегинде миллиондор айланат. Кыргыздын муфтийлери кызматтан ызы-чуу менен кеткени да адатка айланып баратат. Убагында муфтийлик кызматты аркалаган Чубак Жалилов ажылык зыяратты уюштуруудагы акча чыры боюнча айыпталып кызматтан кетсе (кийин соттон акталды), Рахматулла Эгембердиев жашыруун тартылган видеотасма чырынан улам кетти. Мыйзамга ылайык, муфтийликке шайланган адамда 2: светтик жана диний жогорку билими тууралуу диплом болушу шарт. Муфтияттын өкүлү ММКларга Токтомушевдин 2 диплому тең бар деп билдирди. Эми ошол 2 дипломду элге жарыялоо иши калды..

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан