МАКАРУН

Кызыл, сары, жашыл, көк... Көз жоосун алган бул таттууну ар ким ар кандай атайт – макарон, макарунс, макаронс. Маалыматтарга таянсак, 16-кылымда падыша Генрих II менен ханыша Екатерина Медичинин үйлөнүү тоюнда атайын Италиянын Венеция шаарынан кондитер чакырышып, ушул таттууну жасатышкан. Ушундан кийин бул десерт Францияда популярдуу болгон. Мындан сырткары "кечил эже-сиңдилер Маргарита жана Мари-Элизабет кечилканадагы катуу диетадан улам ушул таттуунун түрүн ойлоп табышкан" деген кеп да айтылып келет.
Элдин шилекейин куюлткан, даярдоодо өтө кылдаттыкты талап кылган ­десертти биз үй шартында жасап көрдүк.

Керектелүүчү азыктар:

  • Бадам уну – 165 грамм
  • Кант упасы – 165 грамм
  • Кумшекер – 150 грамм
  • Жумуртка – 4 даана
  • Лимон ширеси – 0,5 чай кашык
  • Туз – 1 чымчым
  • Азыктарга кошулуучу боёк – 1-2 тамчы

Крем үчүн:

  • Каймак май – 200 грамм
  • Кумшекер – 0,5 стакан

Даярдоо ыкмасы


1.
Макарун жасоодо эң керектүү азык – бул бадам уну. Тилекке каршы, аны ар бир эле дүкөндөн табуу мүмкүн эмес. Анткен менен бадам унун үй шартында эле жасап алууга болот. Ал үчүн кадимки бадамды алып чагып, данегине кайнак сууну куябыз. 1 мүнөттөн соң сүзүп, муздак сууга салабыз. Мындай ыкма менен данектин сыртындагы сары күрөң чел кабыгын оңой тазалоого болот. Мындан соң тазаланган данекти 100 градуста ысып турган электр мешине 20-25 мүнөткө салып, таза кургатып алабыз. Эми данектерди аз-аздан, 40-50 граммдан блендерге салып майдалайбыз. Буга кумшекер упасын кошо салсаңыз, бат жана жабышкак болбой майдаланат.


2.
Эми меренга жасоого киришебиз. Меренга – бул кумшекер менен жумуртканын агынан жасалган азык. Жумуртканын агын бөлүп алып, жакшы көбүктөнүшү үчүн ага лимон ширесин, туз кошуп аралаштырабыз. Андан соң чубурта кумшекерди салып, коюуланганча чалабыз. Буга каалооңузга жараша азыктарга кошулуучу боёктон (сары, кызыл, көк) 1-2 тамчы тамчылатып дагы аралаштырабыз. Эске алыңыз, макарун жарылбай, тегиз, жылтырап бышсын десеңиз, жумуртканын агын “эскиртип” алуу керек. Башкача айтканда, аны 1-2 күнгө муздаткычка салып коюу шарт. Бул учурда курамындагы альбумин заты жоголуп, белок суюк тартып, чалганга да жеңил болот.
Көбүртө чалынган белокко бадам унун кошуп, бирдей массага келгенче жакшылап аралаштырабыз да, кондитердик мүшөкчөгө куябыз.

3. Макарундардын көлөмү бирдей болсун десеңиз, алдын ала пергамент кагазына өзүңүз каалагандай диаметрдеги айланаларды чийип алыңыз. Мисалы, 3 же 4 сантиметр. Андан соң пергамент кагазын табага төшөп, чийген айланадан чыгарбай аралашманы куябыз. Эми муну бөлмө температурасында, үстү катканча 30 мүнөткө тыныктырабыз.


4.
Андан соң 150 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөткө салып бышырабыз. Бышкан макарунду табадан дароо чыгарууга болбойт. Муздагандан кийин акырын чыгарып алуу керек.


5.
Кумшекер менен каймак майды жакшылап аралаштырып крем жасайбыз. Мунун ордуна эритилген шоколад колдонууга да болот. Аны бир макарундун астына сүйкөп, экинчи макарунду жабыштырабыз. Десертибиз даяр.


Бадам уну кондитердик азыктарды, десерттерди, ар кандай соустарды жасоодо колдонулат, ошондой эле биринчи жана экинчи тамактарга кошулуп берилет. Ал тамакты коюулантып, ага єзгєчє даам жана жыт тартуулайт. Курамында глютен заты жок болгондуктан аллергия кылбайт. 100 граммында 602 килокалорий бар.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан