ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯДА

Meitu
– бул сүрөткө түшүүнү сүйгөн жана эксперимент жасоону жакшы көргөндөр үчүн кытайлык ойлоп табуучулар тарабынан түзүлгөн тиркеме. Мисалы, камерага өзүңүздү тартып, тиркеменин жардамы менен өзүңүздү арыктатып, бетиңизди агартып, көзүңүздү чоңойтуп, айтор, көз ирмемчелик убакытта сүрөттөгү бийкечтей сулууга айлана аласыз. Муну планшеттин жана смартфондун ээлери пайдалана алышат.


АШКАНАДА

Панкейк – англис тилинен келип чыккан жана бизче которгондо “көмөч казан куймагы” деп түшүндүрүлөт. Америка куймагы деген да атка ээ. Курамында ун, сүт, жумуртка, каймак май, кант, көптүргүч болуп майсыз бышырылат. Сыртынан бисквит коржун элестетет. Бул азык бал, кыям, шоколад менен кошо берилет. Америкадан тышкары Шотландия, Ирландияда кеңири колдонулат.



ГАРДЕРОБДО

Тайтсы
– бул чыпташкан спорттук шым. Жөө күлүктөр жана велосипедисттер үчүн алмашкыс шым болуп эсептелет. Анткени кыймыл-аракетке жолтоо болбойт. Тигилген кездемеси абаны жакшы өткөрөт жана дененин температурасын бир калыпта кармайт. Шымдын узуну, кыскасы жана жыл мезгилдерине карата жайкысы жана кышкысы да бар.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан