«I LOVE ENGLISH VIDEO CONTEST 2017» сынагынын сыйлык берүү аземи Бишкекте өткөрүлдү

"I Love English Video Contest 2017" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү салтанаттуу аземи 2017-жылдын 14-февралында Баялинов атындагы Балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан Америка борборунда өткөрүлдү. Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни, Билим берүү жана илим министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мектеп директорлору, англис тил мугалимдери жана АКШ алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү аземге катышышты.

2016-жылдын 19-декабрынан 2017-жылдын 23-январына чейин созулган сынакка үч жүзгө жакын кыска тасмалар Facebook'тагы “I Love English” баракчасына тартууланган. Маалымдоо каражаттарынын адистери менен АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия үч категорияда жеңүүчүлөрдү тандашты: эң күлкүлүү (Гульнура Эркебаева – Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу), эң романтикалуу (Сулайман Садырбеков – Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти) жана эң оригиналдуу (Анара Бочолоева – англис тил мугалими, Бишкек шаары). Жеңүүчүлөр iPhone 6 менен сыйланышты. Гран-принин ээси – Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Талгат Кадыров жараткан кыска тасма Facebook'тагы сынак баракчасында коомчулуктун кароосуна ээ болуп, баарынан көп “лайктарды” жана ой-пикирлерди топтоп, жеңүүчү iPad Air 2 сыйлыгы менен сыйланды. Ошондой эле экинчи жана үчүнчү орунду алган жеңүүчүлөрдүн сынак учурунда көрсөткөн активдүүлүгүн жана чыгармачылыгын баса белгилеп, АКШ элчилиги аларга шыктандыруучу байгелерди тапшырды. "I Love English Video Contest 2017" сынагынын сыйлык берүү аземи учурунда "Сабактын мыкты жазылган план-конспектиси" аттуу сынактын жеңүүчүлөрү болуп үч англис тил мугалимдеринин ысымдары аталды. 2016-жылдын 20-декабрынан 2017-жылдын 22-январына чейин өткөрүлгөн сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынын орто мектептеринде иштеген кырк англис тил мугалимдери катышышты. Алар окуучуларды англис тили менен эл аралык баарлашуу тил катары же АКШ маданиятынын ар кандай аспектилери менен тааныштыруу максатында жазылган сабактын оригиналдуу план-конспектилерин иштеп чыгышкан. Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, англис тил мугалимдеринин Форум ассоциациясынын жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия сынактын жеңүүчүлөрүн: Динара Султанованы (Сасык-Булак, Талас облусу), Асель Сапарбаеваны (Тоголок Молдо, Ак-Талаа району, Нарын облусу) жана Назгуль Дюйшенбиеваны (Теңдик, Кочкор району, Нарын облусу) аныкташты.
"Америка ыры-2016" сынагынын жеңүүчүсү Бишкек шаарынын №5 улуттук компьютердик гимназиясынын окуучусу Эрбол Нурболоттун, мектеп ичинде өткөрүлгөн "Америка ыры-2017" сынагынын жеңүүчүсү №37 орто мектептин окуучусу Борис Кимдин жана Шопоков шаарындагы ACCESS программасынын студенттеринин чыгышы менен сыйлык берүү аземи аяктады.
Сыйлык берүү аземи Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган «Англис тил жумалыгы» алкагында 10-февралдан 18-февралга чейин болуп өткөн иш-чаралардын жыйынтыгы болду. Англис тилине болгон кызыгууну ойготуу жана бул предметтин окутуу сапатын жогорулатуу максатында Кыргызстандын орто мектептеринде «Англис тили – эл аралык баарлашуу тили» деген темада Америка ыр сынактары, викториналар, дебаттар, дубал баракчалар сынактары жана башка көптөгөн интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. АКШ элчилигинин дипломаттары жана Тынчтык Корпусунун волонтёрлору Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун бир катар мектептерин кыдырып, окуучулар менен жолугушуп, уюштурулган сынактарда калыстар тобунун мүчөлөрү болушту.
Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү иш-чараларга активдүү катышышты. Алсак, мектеп окуучулары менен алмашуу FLEX программасынын бүтүрүүчүлөрү орто мектептердин окуучулары үчүн англис тилинде мыкты оюндарды уюштурушту жана FLEX программасы жөнүндө кеңири айтып беришти. Ал эми орто мектептердин мугалимдери үчүн педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү боюнча TEA программасынын бүтүрүүчүлөрү ачык сабактарда, усулдук семинарларда жана тренингдерде өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Англис тилине болгон кызыгууну арттыруу боюнча иш-чараларды улантуу максатында Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги англис тил жумалыгы ичинде англис тилин үйрөнүүчүлөр үчүн «Мен англис тилин сүйөм, анткени…» деген темада мыкты дубал баракчалар сынагын жарыялайт. Кошумча маалымат Facebook'тагы баракчада жайгаштырылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан