Жыл башынан бери эле "түгөйлөр Жорж менен Амаль Клуни балалуу болушат экен" деген айың кептер айтылып келген. Алар мындай сөздөргө расмий түрдө жакында гана комментарий берип, маалыматтын чын экенин ырасташты. Актёрдун энеси курсактагы неберелери эгиздер экенин айткан. Ал эми Жорж Клуни: "Мен 55 жашымда биринчи жолу балалуу болгону жатам деп эч уялган жокмун. Тескерисинче, биз абдан бактылуубуз",- деп кубанычы менен тең бөлүшкөн.