"Акылдан адаштырган ашыктык", "Бийик кыялдан" сериалдары менен атактуу болгон кореялык актриса Сюзинин “эгизи” жаралды. 200 жылдык тарыхы бар Мадам Тюссонун музейинде корей актрисасынын момдон жасалган фигурасы коюлду. Бул эмгек өтө кылдаттык менен жасалгандыктан, интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн актрисанын күйөрмандары чыныгы Сюзи менен экспонаттын айырмасын таба албай убара болуп жатышат.
Сюзинин момдон жасалган фигурасы атактуу корей айымдарынын ичинде биринчиси болду.