ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРҮП ПЕНСИЯ АЛУУГА БОЛОТ. МИГРАНТТАРДЫН ДАГЫ КАНДАЙ УКУКТАРЫ БАР?

Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө болуп киргени мигранттар үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Бирок ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз аны толук билбей жаткандай. Мигранттар темасы узун-туурасынан жазылып келсе дагы баары бир алар маалыматтарга муктаж экенин байкоого болот. Көптөгөн мекендештерибиз өз укуктарын билбегендиктен азап чегип, тапкан акчасын полиция кызматкерлеринин колуна карматып коюшууда. Бул сапар мекендештерибиз эң көп барчу Орусияда иштөө үчүн керек болгон азын-оолак маалымат сунуштайбыз.

ДОКУМЕНТТЕРДИ ТУУРАЛОО

Орусияга барып иштейм деген ар бир жаран эң биринчи документтерин бул жактан толуктап, тууралап алуусу шарт. Мисалы, паспорт, эл аралык айдоочулук күбөлүк (эгерде бар болсо), эмгек китепчеси, билими тууралуу документ (диплом же ар кандай кесиптерде окуганы тууралуу сертификаттар).

ТУРУКТУУ ЖАШАГАНГА ЖАЙ ТАБУУ

Аэропорттон түшөр замат туугандарыңыз же досторуңуз ал жактан күтүп алат дейли. Демек, сиз бир канча күн алардыкында конок катары жүрөсүз. Бирок акыр аягы сиз өзүңүзгө жашай турган жер табууңуз шарт. Кээ бир мекендештерибизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Андай боло турган болсо сиз метродон же аэропорттон кыргыз жарандарына убактылуу жашаганга жай сурап кайрылып көрүңүз. Эгер аны каалабасаңыз, анда интернет аркылуу hostel деген сайтка кирип, утурумдуу жашай турган жай тапсаңыз болот. Төлөм акы барган шаарыңызга жараша бир айга
2 миңден 5-6 миң рублга чейин.

КАТТООГО ТУРУУДА САК БОЛУУ

Чек арадан өткөндө сизге миграциялык карта берилет. Аны менен Орусиянын бардык аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө аласыз, бирок каттоого турууну унутуп калбаңыз. Расмий түрдө МФЦдан (Көп тармактуу кызмат көрсөтүү борбору) гана каттоого турганыңыз оң. Жасалма каттоого туруу менен өзүңүзгө көйгөй жаратып аласыз.

УКУКТАРЫҢЫЗДЫН САКТАЛЫШЫНА КАМ КӨРҮҢҮЗ

Эми бардыгы жайында болгон документ менен өзүңүзгө ылайыктап жумуш карасаңыз болот. Жумуш тапкан соң милдеттериңизди жана укуктарыңызды толук ажырата билүүңүз зарыл. Алгач иш берүүчү койгон талаптарды угуп, таанышып чыгуу керек. Орусиянын мыйзамдарын сактоо менен, өзүңүздүн дагы укуктарыңызды эске алуусун айтып, ортодогу мамилени сактай билиңиз. Эгерде сиздин айлык акы убагында төлөнүп берилбей жатса, чырдашуунун ордуна сотко жана юристтерге кайрылган жакшы. Алар аркылуу акыңызды толук кайтарып алууга укуктуусуз.

ПОЛИЦИЯДАН КОРКПОЙ, ТАЛАП КЫЛЫҢЫЗ

Сизди кайсы учур болбосун полиция кызматкери токтотуп, документтериңизди сурап, же болбосо кармап кетүүсү мүмкүн. Ошол учурда сиз эч коркпостон айтканын аткарып, аны менен бара бергениңиз оң. Эгер жумуштан калып же кечигип жатсаңыз алардан "маалым кат" жазып берүүнү талап кылыңыз. Ошондой эле алар алып барганда кандайдыр бир документ толтуруп, сиздин кол коюшуңузду суранышы мүмкүн. Кол койбостон алардан бекер жактоочуну жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн же элчиликтен котормочу чакыртууну талап кылыңыз. Алар чакырып же кабар берүүгө милдеттүү. Ал эми көчөдө өзүбүздү таза, тыкан жана маданияттуу да алып жүрүүгө милдеттүүбүз.

"ДОКУМЕНТТЕР МЫЙЗАМДУУ БОЛСО ООРЧУЛУК БОЛБОЙТ"

"Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери мигранттар патент алууга милдетүү эмес. Бирок жарандарыбыз сабатсыздык кылып, каттоого турбай депортация болуп же 3 жылга чейин "кара тизмеге" кирип калышууда. Эгерде мекендештерибиз документтерин туура толтуруп пайдаланса, полиция кызматкерлери кубанып тосуп, ийгилик каалап узатат эле",- дейт юрист Феликс Садабаев:
– Биздин көп жарандарыбыз Орусияда мыйзамсыз иштеп, пенсия, медициналык жардам, эмгек китепче деген нерселерди унутка калтырып коюшкан. Бирок өз мекенинде иштеп жүргөндөй эле бардыгын мыйзамдаштырып алуу эч кандай оорчулук жаратпайт. Мисалы, жумушка мыйзамдуу орношкондон кийин ал жерге эмгек китепчени алып барып каттатып, иштеген же жашаган жерден пенсияга чыгууга атайын каттоого туруп, айлыктан ай сайын которуп турса болот. Ал документ СНИЛС (индивидуалдуу өздүк эсептин камсыздандыруу номери) деп аталат, ал өздөрү жашаган райондон пенсия бөлүмүнө барып арыз жазып коюу менен бекер берилет. Ошондой эле салык төлөөчү документ ИНН деп аталып, бул дагы бекер жасалып, салыктарды убагында төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми медициналык камсыздандыруу үчүн жылына 1 жарым миң рубль төлөнөт. Бул документтерди толук жасаткандар үчүн бардык жерде жол ачык. Ал тургай Кыргызстанга жашы жетип калганда кайтып барып, маселеси жок пенсияга чыгып алса болот.
Мигранттар үчүн эң чоң көйгөй полиция. Эгер алар кармаса эч коркпостон, документтерди көрсөтүп, берилген суроолорго туура жооп берсе болду. Көбү коркуп кетип, акча кармата салышат. Бирок ал кайра кармалып калса ушундай эле көрүнүштөр кайталанып жатпайбы. Орусиянын мыйзамдары деле мигранттарды коргойт, болгону аймагында мыйзамдуу жүрүү талап кылынат. Эгер полиция кызматкерлери жөнү жок кармап, акча талап кылып же мыйзамсыз депортация кыла турган болсо Ички иштер полициясына, прокуратурага арыз жазуу керек.

"РАСМИЙ КАТТООГО ТУРГАНГА ҮЙДҮН КОЖОЮНДАРЫ УРУКСАТ БЕРБЕЙТ"

Мындай жоопту уккан соң "эмнеге биздин мекендештерибиз бул документтерди толтуруп иштеп жүрө бербейт?" деген суроо узатсак, көп жылдан бери Москвада иштеп жүргөн мекендешибиз Шермамет Турдали уулу мындайча түшүндүрүп берди:
– Биз деле СНИЛС, ИНН жана медициналык камсыздандыруу сыяктуу документтерди жасатып койгубуз келет. Бирок кептин баары башкада, көбү жасалма түрдө катталат. Себеби расмий түрдө катталуу үчүн батирдин кожоюну чогуу барып, "меникинде мыйзамдуу жашайт" деп кол коюп бериши керек. Тилекке каршы, батирдин ээлери ага макул болушпайт жана уруксат да беришпейт. Анан айла жок, эптеп башка даректе жашайт деп жасалма документ жасатасың. Ошентип полиция кызматкерлери текшерсе өзүң жашаган даректен атыбыз чыкпай калып маселелер жаралат. Жаңы жылдан бери токтотуп текшерген полиция кызматкерлери "депортация кылам" деп коркутуп, 5 миң рублдан жөн эле алып коюшууда. Анткени алар деле биздин расмий эмес жашап жүргөнүбүздү беш колдой билишет, анан акча берип кутулууга туура келет. Кимдин эле аларга акча бергиси келсин?

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nazi25
2017-03-01 09:26:47
Акыркы жооп туптуура.Расмий каттоо деген маселе жаратат.
+3
Santini
2017-03-01 20:46:59
Мен Питерде иштейм. Ортомчу фирма баардык документацияны оз мойнуна алып СНИЛС ти да озулору бутуруп берди. Мен чуркап убара болгон жокмун.
+1
aiman1983
2017-03-02 09:10:08
Мигранттардын койгойу толо. Кагаз маселесин барган адамдар жакшы билишет, жумуш менен камсыз кылууда, айлыгын ала албай кыйналган мигрант толтура. Документтеринди толуктап барсан эле ме сала жумуш деп бере салган жумуш жок. Бул жакта отуруп алып суйлой беребиз да. Бир мигрант, бир кудай билет. Кыргыз окулчулугуно барасын, Кыргызстанга баргандай болуп сагынып, тиктеп да коюшбайт, жардам кылышбайт. Байкуш кыргыз кочмон элбиз деп озубузду алдап келебиз. Оз жеринде жашаганга не жетсин.
+3
islamidin
2017-03-02 14:20:15
мен москвада иштейм снилис жумуштан берген инн жок пенсяга инн сосуз керекпи
0
konurat.93
2017-03-04 02:45:18
Мен ишенбейм Москвадагы элчилике 2009-жылдан бери Москвадамын ишин тушуп умут менен барсан умуттун у су да жоок.
Бизге мигранттарга женилдик кылып берип бизди кайра Россияга кызыктырбай иш орундарын тузбойсунорбу Кыргызстанда барайлычы оз жерибизге айына 15000 сомдук иш болсо келбейт элем мен ушул кетиште кетсе Кыргызстан дагы 15 жыл адам калбай калат кыргызстанда баары билимсиз мигрант дворник грузчик сушист электирик сантехник болуп калат азыркы жаштар.
ОЙЛОНГУЛАЧЫ 120хххх
+1
Targarien
2017-03-05 00:01:20
Кыргызстандын окмоту баарыбызга жетиштуу жумуш орундарын тузуп бере албайт Себеби бийликте тургандар озун гана ойлойт Ошол Россияга барып тытынып иштегендердей Кыргызстанда да тытынып иштегендер бир нерсеге жетет
+1
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан