Азамат Уланов: «КОРЕЙ СЕРИАЛЫНА ТАРТЫЛУУДАН БАШ ТАРТТЫМ»

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнүУланов Азамат Уланович
Туулган жылы, күнү 2000-жыл, 12-август
Туулган жери Бишкек шаары
Хоббиси футбол ойноо
Тартылган тасмалары "Бир тууганчик", "Султан Сулейман", "Три лимона", "Сен эмне кылмаксың?", "Апамды издеп"
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси, 2 эжеси бар.

– Кандайсың, Азамат? Маегибиз сен окуган мектепте өтүп жатканынын себеби ата-энеңдин «мындан ары окуу менен гана алектен» деген талабы болду окшойт...
– КВНге катышуу үчүн, "Тамашоуго" байланыштуу сабакты көп калтырып койдум. Жакында эле "Апамды издеп" тасмасынын Казакстанда бет ачары болду, ага бардым. Буга чейин Түштүк Кореянын "Сеулдан качуу" аттуу сериалына тартылуу боюнча сунуштан баш тарткам. Ата-энем мени ар дайым колдоого аракеттенет. Сабактан калсам деле, дүйнөнүн бир бурчуна бара жатсам жакшы сөздөрүн айтып турушат. Ага карабай мен азыр жөнөкөй окуучу экенимди түшүнөм. Окуп, сапаттуу билим алуум зарыл. Ата-энем дагы "эми окууңдан алаксыба" деген кеңешин айтышты. Анын үстүнө келерки жылы студент болууга даярданышым керек.

– Сен башкы ролду жараткан "Апамды издеп" тасмасын көргөн адамдын баары мактоо сөздөрүн гана айтып жатышат. Өзүң фильмди алгачкы жолу көргөндө кандай сезимдер болду?
– Алгач тасманы жабык көрсөтүү болгондо көрдүм, ага чейин фильмди тартуу процессине катышкан адамдар "өзүбүз көрөбүз, кел" деп чакырышкан. Бирок мен барган эмесмин. Себеби чоң экрандан көргүм келди. Кинотеатрда отурган элге кошулуп ыйлаган учурум да болду. Тасма аягына чыкканда тигил жактан деле, бул жактан деле ар ким келип "азаматсың!" деп жатышты, андайда албетте, жыргайт экенсиң. Андан бери 5 жолу кинотеатрга барып "Апамды издепти" көрдүм, 5 жолу тең ыйладым жана мындай мыкты тасмада роль жаратканым үчүн сыймыктандым.

– Фильмде англис тилин учакта бара жаткан жериңде эле жаттап алып, эркин сүйлөп каласың. Жашоодо тил жаатында кандайсың?
– Англис тилим "вау" эмес, баалаганда "4кө" билем. Тауекел аганын дагы англисчеси өтө сонун эмес экен. Ошондуктан аябай көп сөз жатташ керек болду. Баары бир режиссёр "камера, мотор, начали" дегенде толкунданып туура эмес сүйлөп алып каткырып эле жаттык.

– Окурмандарыбызга бул фильмге кантип тартылып калганың кызык болсо керек...
– Эң жөнөкөй жол менен, үйдө отурсам Бакыт Осмонканов телефон чалып, "тасма тарталы деп жатабыз, Америкада тартылат. Сен башкы ролдосуң, кандай карайсың?" деди. Мен ойлонмокчу болдум, продюсериме чалып кеңеш сурасам "жакшы тасма болчудай, тартылсаң жакшы болмок" деп уруксатын берген.

– Продюсер менен иштешип баштаган болсоң, демек, карьераңа олуттуу мамиле жасап, келечегиңди ушул жаатта көрүп жатат окшойсуң?
– Продюсерим тууралуу айта кетсем, окуя мындай башталган. Мен буга чейин "Тамашоудо" ойногом, командабыз менен 2011-жылы Казакстанга таймашка бармай болдук. Менин жашым жете элек болгондуктан, ата-энем ишеним катын Айбек деген командадагы байкеге жазып берген. Ал мени менен кечке убара болот, тамак берет, кийимимди карайт, кыскасы, атамдай эле мамиле жасачу. Кийин долбоорго тартылуу боюнча сунуш түшсө Айбек байке менен кеңеше турган болдум, анан айттым, "Айбек байке, сизди папа эле дебейинби" деп. Ал макул болду, ошондон тартып аны "папа" дейм, жубайын "мама" дейм. Папам мага жөн деле ушунча камкордук көрсөтүп жатпайбы, балким, келечекте дагы тасмаларга тартылып калам деген ойдо ага менин продюсерим болууну сунуштадым. Папам макул болду. Көпчүлүккө "продюсериме же менеджериме (ред.: экөө 1 адам) байланышыңыздар" десем, "жылдыз болуп алганын" деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул көп жыл мурун пайда болгон жагдай.
Келечегим тууралуу кеп кылсак, өзүмдү жеке ишкер катары көрө алам. Тамадалык, актёрлук бош убактымда алектенчү хоббим болуп калса жакшы болмок.

– Өзүңдүн атаң башка бирөөнү папа деп алсаң таарынган жокпу?
– Жок, "эмнеге?" деп таң калып да сураган жок.

– Казак актёру Тауекел Мусилим менен дароо эле тил табышып кеттиңерби?
– Америкада 1 ай жүрдүк, 1 бөлмөдө Такеш ага менен чогуу жашадык. Башында 1 жумадай көп ачык сүйлөшө албай, ортодо аралыкты сактап жатканбыз. Кийин жакын болуп кеттик. Күн сайын күлкү-тамаша, каткырык бөлмөбүздө жаңырып турду, күрөшүп эле жүрдүк. Азыр аны менен бир туугандай мамиледебиз.

– Сөз жаттап кыйналган учурдан башка тартуу учурунда көп кызыктар болсо керек...
– Эң эле эсимде калганын айтайынчы. Шаардын четинде маймыл менен тартылган кадр бар. Лос-Анжелестеги күндүн ысыгын сөз менен жеткирип бере албайм. Ысык, күн жонубузду куйкалап турат, суусаганыбызды айтпай эле коёюн. Маймыл болсо тапшырма беришсе аткарбай жаныбызды кашайтат. Адам болсо го кыйкырып, урушуп туруп тарта бермекпиз. Маймылга кыйкыра да албайт экенсиң. Анан эмне кылабыз, ошончо адам бир кичинекей маймылдын кылыгына чыдап отурдук да, күнгө куйкаланып.

– Бул сенин Америкага алгачкы жолу барышың да, ал мамлекет сенин эсиңде эмнеси менен калды?
– Кыргызстандагыдай тоолорду көрө алган жокмун, бирок тоодой бийик имараттары бар экен. Адамдардын көчөдө өзүн сылык алып жүргөндөрү жакты. Ичимден Кыргызстанга дагы ушундай бийик имараттар курулуп, адамдар бири-бирине өтө сылык мамиле жасап калган учур келсе экен деп ойлодум.

– Социалдык тармактардагы баракчаларыңды карап, кыздар арасында өзгөчө атактуу болуп жатканыңды байкадык...
– Ооба, азыр кыздар көп жазып жатышат. Мурун анчалык кызыгышчу эмес. Мектепке келсем деле "В поисках мамы" баратат" деп карап калган учурлар болуп жатат. 4-5-класстын кыздары жазып калышат, колумдан келишинче баарына жооп бергенге аракет кылам.

– Анан көптөр сенин канча жашта экениң тууралуу сурашат...
– Ооба, азыр айтып коёюнчу, мен 16 жаштамын. Учурда борбор калаабыздагы №6 мектепте 10-класста окуп жатам. Аябай жакшы окуйм (күлүп). Ошол... Чындыгында "канча жаштасың?" же "кайсы жылы туулгансың?" деген суроону аябай көп беришет.

– Сен жараткан образдарды карап көрсөк, жалаң гана куйкум сүйлөгөн шок балдарды ойноптурсуң. Жашоодо да ошондойсуңбу?
– Аябай шайырмын, бирок жаңы таанышкан адам менен ачык сүйлөшө албайм. Көнүшүп калгандан кийин тамаша аралаштырып сүйлөй баштайм.

– Маегиң үчүн рахмат.

Тасмада апасын издеген Азаматтын өз апасы.


"КВНге катышып жүрүп, актёрлук карьерам башталды".


"Такеш ага менен бир туугандай мамиледебиз".


"Бир тууганчик" тасмасында Азамат башкы каарманга гүл саткан жигиттин образын жараткан.


Нуркыз Курманбек кызы
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Азамат Уланов: "Тасманы 5 жолу көрүп, 5 жолу тең ыйладым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
bakyt9
2017-03-02 00:28:23
Азамат азаматсың!! Тамекини ташта өпкөңдү ая. Спорт сарайдын ардында тамеки тартканыңда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн боорунда туруп далай жолу кыйкырганым эсиңдеби? Ичип чегиштене алыс бол өнөрүң өркүндөй берсин. Админ менин пикиримди чыгарып коюуңуз.
+6
nuriwka
2017-03-02 01:53:50
bakyt9,тамеки тартып турганда кордунор беле ия?
-6
bakyt9
2017-03-05 11:55:24
nuriwka,Ооба канча жолу кыйкырдым жаңы салынып жаткан тамдын боорунда туруп. Спорт сарайдын чүй проспекти жагындагы тамда туруп.
+1
Jaz8888
2017-03-03 02:59:45
bakyt9,койчу айланайын калпты суйлобой
-1
bakyt9
2017-03-05 12:12:01
Jaz8888,Мен көргөнүмдү айттым калп айтып кара жаныма эмне күч келди. Тамекини таштаса өзүнүн ден соолугуна эле жакшы.
+1
owtu
2017-03-02 02:53:13
Напарникте деле катышкангоо
-2
owtu
2017-03-02 02:54:04
Дагы башка кинолордо деле катышканго
+2
Asanovna1805
2017-03-02 09:01:30
Апеей мен бул баланы кичинекей эле бала го десе...
+3
rayana2015
2017-03-02 10:00:30
Азаматсын ийгилик сага
0
Doni99
2017-03-02 20:59:20
Ooba uje 17 ge chygyp kalyptyr
+2
Jaz8888
2017-03-03 02:58:49
Молодец.Азамат.Сени менен сыймыктанабыз.Оркундоп осо бар.Ата энене Рахмат.Сендей баланы тарбиялап остургонуно.Азаматсын.Кыргызымдын патриот жигиттеринен бол
0
farida.kg.1991
2017-03-03 05:53:42
бешиктеги баланын бек болорун ким билет жагат ушул Азамат.
+2
vbrb
2017-03-03 09:29:38
Азамат азамат башка соз жок, келечегин кен болсун, бактылуу бол
0
qwert123
2017-03-04 23:28:38
келечегин кен болсун
+1
Hurem
2017-03-06 14:03:31
Буюрса дагы коптогон ийгиликтерди багынта бер. Алга Азамат!
0
tyrgon
2017-03-07 00:23:27
Азамат ою жамандын озу жаман, биро сен жондо терс оюн айтса ушундай жооп бер!
0
Dybala.
2017-03-07 21:55:30
Азамат Азамат Азаматтар Азамат болушат Азаматсын Азамат
0
semo
2017-03-07 22:28:00
Азамат
0
Kama94
2017-03-10 00:02:52
Азаматсын Азамат!!!Ийгилик сага.
0
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан