Өлкөдөгү СУДЬЯЛАРДЫН жана алардын жакындарынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү милдеттүү түрдө тыңшалсын деген сунуш берилүүдө. Аталган демилгени Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары 22-февралда Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында көтөрүп чыгышты.
Муфтияттын маалыматына караганда, АЖЫЛЫК САПАРГА барчулардын саны 22-февралга карата 3903кө жетти. Кыргыз өлкөсүнө быйыл 4585 адамга квота берилип, билет баасы 1550 долларды түздү.
Бишкек шаарындагы 91 мектептин короосуна жана ичине ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ коюлду. Жыл аягына чейин борбордогу бардык мектептерге видеокөзөмөл орнотулары пландалууда.
Жогорку Кеңештин депутаттары административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизишүүдө. Алардын биринде унаада бара жатып таштанды ыргыткандарга 10 миң сом АЙЫП САЛУУ каралган. Ушул сыяктуу демилгелер учурда коомдук талкууда.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Ыйман, адеп жана маданият" жылынын логотибин ойлоп табуу боюнча өлкөдө СЫНАК жарыялады. Логотиптерди кабыл алуу 27-февралга чейин жүрүп, байге фонду 50 миң сомду түзмөкчү.
2011-жылга салыштырмалуу 2016-жылы өлкөдөгү ИШКЕРЛЕРДИ текшерүүнүн саны 3 эсеге кыскарган. Башкача айтканда, 2011-жылы 44 202 текшерүү болсо, 2016-жылы 15 849 текшерүү болуп өткөн.
2016-жылы мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында 44 миң сынак болуп, 43,5 миллиард сомдук ТЕНДЕРЛЕР ишке ашырылган. Аталган маалыматты финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
17-февралда БАЛЫКЧЫ-КОРУМДУ жолунун жумушчуларына маяна үчүн 95 миллион 965 миң 72 сом которулду. Буга чейин айлык берилбей жатканы маалым болгон болчу.
Мамлекеттик ипотекалык компания ИПОТЕКАЛЫК ШАРТТА берилүүчү турак жайлардын баасын аныктап, "чарчы метри үчүн баа 40 миң сомдон кымбат болбошу керек" деп билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.