ПУТИН БИШКЕККЕ 28-ФЕВРАЛДА КЕЛЕТ

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз өлкөсүнө жасалчу расмий иш сапары 28-февралга белгиленди. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭСтин алкагындагы маселелер тууралуу сүйлөшүшмөкчү. Буга чейин Путиндин сапары саясий өңүттө талкууга алынып, "2017-жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого КСДПдан ким талапкер катары чыгары ушул жолугушуудан кийин ачыкталат" деген ойлор айтылып жаткан. Башкача айтканда, Кыргыз өлкөсүнүн кезектеги президентинин ким болушун аныктап, шайлоо жараянынын башталышына себеп болот деп баа берилген. Буга байланыштуу суроо президент Алмазбек Атамбаевге "Евроньюс"телеканалы тарабынан да берилди. Өлкө башчысы кыргызстандыктардын тагдырын эл өзү гана чечерин, буга Москва да, Вашингтон да кийлигише албасын айтты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан