ОРУС ЭЛЧИЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРИ ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?

Орусиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин кызматкери Виктор Пухов өлкөдөн чыгып кетти. Ага карата жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу.
16-февраль күнү Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Орусиянын элчилигине таандык Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц спринтер унаасы кагышкан. Натыйжада Мерседес-Бенц спринтер унаасынын 62 жаштагы айдоочусу Евгений Лексин ооруканада көз жумган. Тартып алынган видеодо элчиликтин унаасы жол чыракта кызыл жанып турган учурда өтүп келип, жүк ташуучу унааны сүзгөнү көрүнөт. Элчиликтин маалымат катчысы Дарья Пахомованын билдиришинче, аталган мекеменин биринчи катчысы болуп иштеген Виктор Пухов Орусияга учуп кеткен. Негизинен дипломатиялык миссиядагы кызматкерлердин кол тийбестик статусу бар. Ошондуктан Орусиянын элчилигинин кызматкеринин да жазага тартылар-тартылбасы анык эмес.
Айта кетсек, Пуховго 281-берене (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан