КАР КӨЧКҮДӨН 4 АДАМ КАЗА ТАПТЫ

Өлкө аймагында тынымсыз жааган кардан улам көпчүлүк аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу туулуп жатат. 19-февраль күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган аялды басып калып, каза болгон. Ошол эле күнү Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында көчкү түшүп, 2 үйдү басып калган. Куткаруучулар келгенге чейин тургундар бир үйдөн 6 адамды куткарып чыгышкан. Ал эми кийинки үйдөгү 6 адамдын экөөсү каза болгон. Көз жумган бир туугандар 3-4-класстын окуучулары экендиги маалым болду. 21-февралда Нарындын Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айыл аймагында кой кайтарып жүргөн 18 жаштагы жигит да көчкү астында каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кар көчкүнүн айынан 141 мал-жандык да өлгөн. Адистердин маалыматы боюнча, февралдын алгачкы он күндүгүндө эле бир айлык кардын нормасы жаады.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Elzira.91
2017-03-01 09:31:10
Кожо Келен айылында кар кочкунун алдында калган дагы бир келин бар жаш эле болчу 93 жылкы болсо керек,аныда кошкондо 5 болуп калат экен,жаткан жерлери жайлуу болсун топурактары торко болсун,туугандарына сабыр берсин.
+6
ozgeldi
2017-03-01 12:04:40
Озу быйыл ашыкча эле жаап койду да
+1
guzel55
2017-03-01 17:54:32
Баткенде кар аз жаады.
0
aika0906
2017-03-02 00:14:19
жалабат кочкоратада деле аз жаады ...бирок былтыркыдан коп.
+2
nuriwka
2017-03-02 02:00:26
aika0906,аааааа)))) кой)))) ал жакта деле кар аз жаадыбы а?????
0
Beka.kaba
2017-03-03 11:48:31
Биз жакта 2метир жаады
0
KurcAinura
2017-03-06 06:23:19
Beka.kaba, метр деп жазылат "метир" эмес.
0
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан