3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

– Шерзат, анын оң колунан кач, буйта! Дагы ошондой бир-эки соккусун өзүңө өткөрүп жиберсең, ак сүлгүнү ыргытам! Акыркы машыгууну эстечи, оң кол менен жеб, сол менен кросс! Жеб-кросс, жеб-кросс...
"Беттештин 2-раунду бүттү. Кайдагы жеңиш?.. Жок, жок, бул беттеш меники.." тыныгууда кызыл бурчтагы Шерзаттын ойлору да рингдеги эки мушкердей бири-бири менен алпурушуп жатты. Шерзат дароо селт этти. Оң жагындагы алдыңкы орунда отурган Мединаны көрдү. Шерзат үчүн Алмаз агайдын сөзү эмес, Мединанын көздөрү керек болчу... Эми беттештин нугу өзгөрөт.
Бокс боюнча 68 килограммга чейинки салмактагы финалдык беттеш. Атаандашы – учурдагы өлкө чемпиону Калыс. Ал 3 жылдан бери улуттук курама команданын мүчөсү эле.

ххх

Шерзат Нарын облусундагы Ак-Булуң айылында туулуп-өсүп, катардагы үй-бүлөдө чоңойгон. Атасы Илимбек СССР кезден тарта эле мал доктур болуп эмгектенип, кеч үйлөнгөн. 32 жашында гана уулдуу болуп, жубайы төрөт үйүндө жан берген. Ошондо ал айылдын бардык түтүнүн чакырып түлөө берген дешет. Айылдын төрт-беш аксакалы ырымдап, "балаңдын ысымы Шерзат болсун" дешиптир.
Атасы жаңы бүлө күтсө дагы, Шерзат жаңы апасын өз энесиндей көрө алган жок. Апасы да мээримин төгүп тарбиялай албай койду. Мал доктур деген айылда абройлуу киши, аны малы бары да, жогу да сыйлашат. Эгер сен анын уулу болсоң, сени да баркташат. Эне мээримин толугу менен сезбеген Шерзат атасына жакын өстү. Атасы жаңы аялынан дагы бир кыз жана уулдуу болсо дагы, тун уулун эркелеткенди унутчу эмес. Көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз болуп чоңойду. Чоң кишилер Шерзаттын элпектигин мактап калышчу. Улууну урматтап, чоңдор кайда жумшаса ошону жасагандан эринчү эмес. Аны ылдыйкы көчөнүн атка жеңил, тайга чагы деп коюшчу.
Шерзат бокс менен 8-класста таанышты. Бир күнү мектептин спорт залына жаңы машыгуу шаймандарын алып келип калышты. Бул бокско ылайыкталган груша, мээлейлер эле. Ал кезде мен эркек дегендин баары мектептин спорт залынан чыкпай калышкан. Ошондо айылдын эрмеги спорт зал болуп калган. Көрсө, мунун баары дене тарбия сабагынын мугалими катары Бишкек шаарынан жаңы келген Рустам агайдын демилгеси экен. Болгону 3 ай гана иштесе да, тестиер балдардын көпчүлүгү бир-эки жолу мээлей кийип, чоң муштум атыгып алышкан. Рустам агай 8-б классынын окуучуларынын арасынан бою кичинекей, кара-тору келген Шерзатты көрүп, "кана, мээлейди кий дагы, менин артымдан кайталап көрчү" деген. Өзүн тандаганына эрденип алган Шерзат агайдын артынан кайталап кумга толгон грушага соккуларды узатып баштады. Бир-эки, үч-төрт... Бир-эки, үч-төрт...
– Атың ким?
– Шерзат, агай.
– Азамат экенсиң. Сендей шок жигиттен спортчу чыгат.
– Менден мушкер чыгабы?
– Аны билгиң келсе, машыгууларга кел. Төкпөй-чачпай айтып берем.
– Сөзсүз келем, агай.
Эдиреңдеген бала ошол күндөн тарта Рустам агайдын машыгууларына барып жүрдү. Сабак түштө бүтөт, үйгө барып чай-пайын ичет да, спорт залга жөнөйт. "Сени шаарга алып барып, республикалык мелдештерге катыштырам" деп көп жолу айтар эле. Муну уккан Шерзат ого бетер ээлигип, тер аккыча машыгып калат. Агайы көрсөткөн ыкмаларды кайра-кайра кайталап, соккуларды келиштире аткарып калган. "Боксто башкысы колдун иштеши эмес, буттардын иштеши маанилүү. Сокку эмес, туура дем алуу маанилүү" деп кулагына күндө куят. Сабак жок дем алыш күндөрү болсо айылды тегеренип чуркап калышчу.
Рустам бир көрүп Шерзаттын тулку бою спортчулардыкындай экендигин баамдаган. Бою кичинекей болсо да, сокку узатуулары дээринде болгондой сезим калтырган. Анын буттарынын иштеши Рустамга өзгөчө көрүнгөн эле. Бир-эки жолу көрсөткөн ыкмаларын бат эле өздөштүрүп кетчү. Эмнеге канчалаган балдардан бул бала көзүнө жакшы көрүнгөнүнө өзү да маани берген жок. Же Шерзат кичинекей кезиндеги өзүн эске салдыбы... Ал дагы классында бою эң кичинекей болуп, шылдыңга кабылып эле жүрчү. Мына сага деп мектепти бүткөн соң Дене тарбия жана спорт институтуна көк беттенип тапшырып алган.

ххх

Рустам агай 3 айга жетпей көрүнбөй калды. Айылда күбүр-шыбыр айың кептер бат эле тарайт эмеспи, бири "дене тарбия сабагынын мугалими өз үйүндө муунуп калыптыр" десе, кай бири "ал Бишкекке кеткен" деп калышты. Чоң кишилерге эмне, бул сезилген деле жок. Бирок мектептин окуучулары Рустам агайды жакшы көрүшчү. Жадакалса мен тентек дегендин баарын ордуна коюп, дене тарбия сабагын көңүл коюп окутар эле. Баарынан Шерзат Рустам агайдын жок болуп кетүүсүнө кайгырды. "Мени чемпион кылам дебеди беле, биз чет өлкөгө чейин барабыз" деген сөздөрүн эстеп, улам жолдун боюн карайт. Күндө сабактан кийин спорт залга барат. Эшикти тартса, ачылбайт. Рустам агайы кеткенден бери спорт зал кулпуланып калган. Шерзат тиштенген боюнча үйүнө жол тартат. Баёо сезимдер менен машыктыруучунун сөзүнө сүңгүп кирген Шерзат чын эле келечекте чемпион болуп, атагым алыска тарайт деп ишенип алган... Эми ал кыялдарга күн сайын жарака кетип, акырындан урай баштады...

ххх

– Эй, мушкер! 3 айга жетпей бокстун акесин таанытып калдыңбы?
– Таанытса таанытып коём.
– Кана, көргөзчү эмнени үйрөнгөнүңдү. Көрөлү да, агай сени эмнеге тандап алганын. Класстагы эң кичинекей болгонуң үчүн агай сени тандап алган да...
8-б классы кыраан-каткыга түшүп калышты. Тураттын бул сөзү калган балдарга да майдай жакты. Аларды Рустам агай эмнегедир машыгууга чакырган эмес. Ошондо ичтери күйүп калган...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nurtilek969796
2017-03-01 09:31:05
биринчи
-1
medetbek
2017-03-01 11:21:26
Кийнкисин кутуш керек
0
baltabai
2017-03-01 15:43:20
Оа
0
baltabai
2017-03-01 15:43:46
1994
0
Basko94
2017-03-01 18:37:47
О рингге чыгат экенбизда эми
+2
jama9210
2017-03-01 19:30:50
Жакшы чыгарма окшойт
+1
sezarbrat
2017-03-01 23:16:03
Ээээми рингди коздой сапар алдыкбы
+1
originalkgz96
2017-03-03 12:40:04
жакшы чыгармаго
+1
iiiiiisuzhanym
2017-03-04 18:51:22
Эми боксташабыз го э бир жагынан банкка ууруга кирсек☺
+2
FC.KERBEN
2017-03-06 02:04:39
Жаны башталдывы
0
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан