Бегимай Бекбоева: "БОЛОЧОК КАЙНЕНЕМ МЕНИ ЖАКТЫРЫП, СҮЙҮНҮП ЖАТАТ"

– Бегимай, кандайсың? Жашооңдо чоң бурулуш болгону турат окшойт, көшөгө ичинде ак жоолук салынып отурчу мезгил жакындап калгансыйт...
– Ооба, буюрса, ушул жылы турмушка чыкканы жатам. Жигитим Эрлан да чыгармачыл чөйрөдөн. Ырчы катары эмгектенип жүргөнүнө 9 жыл болуптур. Жулунбаган, жоош, көп нерсеге батына албаган адам болгондуктан, эл оозуна алынып кете алган жок окшойт. Бирок айрым ырчыларга караганда таланттуу, жакшы ырдайт. 27-февраль менин туулган күнүм, ошондо кыргыздын салты менен үйгө келип сөйкө салганы жатат.
Эрлан менен Жакут Сыдыков болуп гастролдоп жүрүп таанышып калгам. Эрланды апасы кичинекей кезинде эле Жакут байкеге алып барып "баламды ырдат, жаныңда алып жүр" деп кошуп берген экен. Анын адамгерчилигин баалап, сыйлап жүрүп жактырып калдым.

– Жактырып калсаң, сүйүү темасын сен биринчи козгогон экенсиң да...
– Эрлан өзү аябай тартынчаак. Курбум Наргиза Айтемирова экөөбүз анын жанында шуулдакпыз. "Кел, тамашага салабыз" деп эле шакаба кыла берчүбүз. Наргиза "экөөбүз сүйлөшүп албайлыбы же аяшым болосуңбу?" дей берчү. Эрлан ансайын уялчу. Мен дагы тамашаны өөрчүтүп "же мени менен сүйлөшөсүңбү?" деп каткырып калчумун. Бир жолу гастролдо жүргөндө телефонума Эрландан СМС келди. Окусам "Балким, сен тамашалап жаткандырсың, бирок мен сени жактырып калдым. Мен сүйлөшчү кызды эмес, болочок жубайымды издеп жүргөм..." деп жазыптыр. Ошондон кийин шакабабыз олуттуу сүйүүгө айланды. Эрлан сыртынан билгизбегени менен Жакут байкенин келинчегинен "Бегимай кандай кыз? Оокатка тыңбы? Мурун кандай кыз эле?" деп сурап жүрүптүр. Кыз-жигит болгонубузга 1 жыл болду.

– Каяктын келини болгону жатасың?
– Эрлан Ысык-Көлдөн, бирок ата-энеси менен Бишкектин четиндеги Ак-Өргөө жаңы конушунда жашайт. Үй-бүлөсүнүн баары менен таанышкам. Эрлан үй-бүлөдө кичүү бала. Болочок кайненем мени көргөндө эле жактырды. "Үй Эрланга калат, жакшы келинчек алса, үй оокатты тыкырайтып кармап калса деп тилечү элем, буюрса, оюм ишке ашканы калды. Уулум мен каалагандай кызга туш болду" деп сүйүнүп жатат. Бат-баттан "тамак ичип кет" деп чакырып турушат. Азыр гастролго чогуу чыгып жатпайбызбы, болочок кайненем өзү кассир болот. Менин ата-энеме да Эрлан жакты. Үйлөнүү тоюбузду дүңгүрөтө берсек деп кыялданчу элем, ал оюм ишке ашпай калды окшойт. Менин ата-энем да, кайын журтум да, Эрлан да намаз окуп дин жолунда жүргөндүктөн, "ысырапкорчулукка жол бербейбиз" деп тар чөйрөдө чакан той кылмак болдук.

– Жакшы, ырчылар арасында дайыма гастроль үстүндө жүргөн сен болушуң керек...
– Сиз айткандай, учурда
гастролдон чарчабаган, тажабаган мен болушум керек. Анткени мен кичинемден эле төрт дөңгөлөк үстүндө чоңойдум. "Мен дагы кийин ушинтип гастролго чыксам экен" деп тиленчүмүн. Мага айылдарды кыдыруудагы сапарыбыздын ар бир түйшүгү жагымдуу. Айылдагы биздин күйөрмандарыбыз – мектеп окуучулары. Концерт баасы 100 сомдон. Эл келбей калып, концертибиз үзгүлтүккө учураган деле окуя боло элек.

– Чыгармачылыкта жүргөнүңө 15 жыл болуптур, материалдык абалыңды жакшырта алдыңбы?
– Биз үй-бүлөбүз менен байлыкка, акчага умтулган адамдар эмеспиз. Бизнес ачсамбы деп акча чогултуп жүргөм, сиңдим турмушка чыкканда чогулган акчамдын баарын ошого короттум. Ресторанда кыз узатуу тоюн бердик, сеп бердик дегендей. Жалгыз сиңдим болсо, эч нерсе аягым келген жок. Өзүмө машина алган элем. Аны да атама белек кылдым. Жакындарымдан негизи эле эч нерсе аябайм.

– Гастролго өзүң теңдүүлөр менен чыгып жатсаң, атаң чыгармачылыктан алыстадыбы?
– Атам гастролдон чарчады. "Мен сага баарын үйрөттүм, эми өзүң кыл" деди. Тамада борборун ачып алган, азыр ошону менен алек. Токмокто, Бишкекте өткөн тойлордо тамадалык кылат. Борборго көчүп келишкен. Апамдын болсо бизнестери бар, аны көзөмөлдөө менен үй кожойкелик милдетти аткарат.

– Ата-энең Бишкекке көчүп келишсе, сиңдиң турмушта, сен Токмокто жалгыз турасыңбы?
– Жок, мен Кантта чоң энем менен жашайм. Мени ал киши кичинемден эле багып алган. Чоң энем 87 жашта, азыр деле күүлүү-күчтүү. Мени эртең менен ойготуп, тамак-ашымды даярдап берип турат. Өзү нан, максым жасайт, тамак-ашты түрлөп бышырат. Дайыма кыймылдап турганды жакшы көрөт. Ошон үчүн дагы алдуу-күчтүү болсо керек. "Күйөөгө тийсең мендей үй кызматчыны кайдан табасың?" деп күлө берет. Бир жактан келгенде сөзсүз акча алып барып беришим керек. Анткени картаң кишинин чөнтөгүндө акча болсо, көңүлү ток жүрөт экен. Эгер акчасы түгөнүп баратса кайгырып, ооруп калат. Энемди ооруп калбасын деп жасалма 500-1000 сомдуктарды толтура кылып чыгарып алып, "чогулта бериңиз, мен жакында үй алам" деп алып барып бергем. Жаш балача кудуңдап сүйүнүп калды. Бир күнү үйгө атам келип "сарай салып жаттым эле, 30 000 сом керек шифер алганга" десе, чоң энем "мен берип турайын, кайра качан бересиң?" деп баягы жасалма акчаны алып чыгыптыр. Атам мага телефон чалып алып "кемпирди эмне алдайсың?" деп урушту.

– Атаң айтмакчы, чоң энеңди эрмектей берет экенсиң да...
– Анан лотерея ойногонду жакшы көрөт. "Мага билет сатып келип берчи" эле дей берет, же утсачы. Утпай калса кайгырып, чай да ичпей отуруп калат. Лотереясын мага толтуртат да, анан бир жолу "телевизор утуп алдыңыз" деп алдадым. Атайын телевизор сатып келип, бир дүкөнгө койдуруп, "эртең энем экөөбүз келгенде куттуктап берип койгула" дедим. Туугандардын баарына телефон чалып сүйүнгөн эле. Чоң энемди көзү барда сүйүнткүм келет деген ойдо калп болсо деле бир нерселерди ойлоп таба берем. Кыскасы, энем экөөбүздүн жашообуз кызыктуу.

– Рахмат маегиңе, бактылуу бол.

"Эрландын талантынын жөн эле калып калышын каалабайм. Ошондуктан алдыда көптөгөн жакшы дуэттерди жаздыралы деген тилектерим бар".


"Чоң энемди көзү барда сүйүнткүм келип, бир нерселерди ойлоп таба берем".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бегимай Бекбоева: "Жигитимди тамашага салып жүрүп сүйүп калдым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
aiba_00
2017-03-03 10:22:55
Бакма кыз дегенге ишенбейм ушул кызды мамасына оло окшош ко.
+7
ady-88
2017-03-03 10:53:23
Жакшы эле интервью бериптир. Бирок чон энесин кобуроок алдаганы жана сандарын жана тош жактарын ачып суротко тушуп жаткан жери жакпады.
+3
bond02
2017-03-03 11:49:19
Алдын ала айткан негизи жакшы эмес, кайын энеси жонундо келечек корсотот деп койсо кыска нуска болмок.
+4
gylnaz
2017-03-04 14:32:19
Аябай ачык кыз экен Бегимай иштерине ийгилик, бактылуу болгула.Эрлан эко сонун пара.
+6
Girl1996
2017-03-04 16:22:14
кайненеси жакшы көрүп, күтүп жаткан болсо бактылуу болот Иншаллах.
+6
1Adilet1
2017-03-05 09:53:57
мен кичинекей чакта биздин айылга концер койуп келген ошондо өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн календарды белек кылып бетимен өпконү есиммен кетпейт
+3
Mahabat84
2017-03-06 13:00:07
Бактылуу болгула,анча мынча терс айтылган создорго конул бурба,чыгармачылыгынарга ийгилик
0
Hurem
2017-03-06 14:11:01
Ит уроо берет кербен журо берет, эн башкысы бактылуу болгула
+1
aseras
2017-03-06 15:00:08
Эн негизгиси намазын бар экен.Аллахым эки дуйно бактылуулукту берсин сага
0
bolsunalban
2017-03-06 19:55:27
Бактылуу болгул...!
0
NAZIK85
2017-03-07 11:31:16
Бегимай, Эрлан бактылуу болгула иштеринерге ийгилик, эл озунда ээлек жок деп айтылат ар кандай сын создорго конул бурбай эле койгула.
Негизгиси болгон аракетинер менен жакын тугандарынарды сыйлагыла,озун айткандай жаны дуеттерди кутобуз, жаны чыгарманар ХИТ болуп суйушкондор ырдап журсун.Аллахым йыман, ынтымак, ден соолук, ийгилик берсин.
+1
aika_sv
2017-03-07 13:03:50
Chon enesin karytpai oturgan ushul kyz okshoit maga jakty. Dagy da chon eneniz menen kyzyktuu kundordu otkorup juro bergile. Iygilik
0
Birimdik5555
2017-03-07 14:56:25
Азаматсын тилегине жет ылайым
+1
Perizat
2017-03-07 21:46:49
Концертибиз узгултуко учураган учур боло элек дептир калп эле,Лейлекке Наргиза Айтемирова экоо келгенде эл келбей концерт и болбой кылдыго
-1
Eldiarkrasavchik
2017-03-08 01:36:04
Турмушка чыкпасанызда болбойт да Эми канча жаш откон сайын жашоодо Адам ожорлонуп кетеберет.жакшы кыласыз турмушка чыгып Кыргыздын санын кобойтуш керек.
+1
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан