Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: "МАШЫГУУЛАРДЫ ИНТЕРНЕТТЕН ҮЙРӨНҮП АЛГАМ"
– Макияжды өзүмө өзүм жасагандыктан, акча кетпейт. Корея, Япония жана Европадан чыгарылган косметикаларды колдоном. Кыш мезгилинде 1-2 айда бир жолу аппараттык косметологияга барып турам. Негизинен үй шартында жасалчу табигый маскаларды колдоном. Алардын зыяны жок жана таасири жакшы. Сулуулук салонуна маникюр, педикюр жана чач жасатуу үчүн бир айда болжол менен 3-4 ирет барам. Анда да тойлорго, жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышарда гана барам. Кээде үйдөн кыздарым жасап беришет. Чач жасалга 800 сом, ал эми маникюр 400-450, педикюр 500 сом болот. Спорт менен машыгуу үчүн атайын залдарга барбайм. Интернеттен йога менен машыгууну үйрөнүп алгам. Күнүгө эртең менен 1 саат, эгер убактым чукул болсо 30 мүнөт көнүгүү жасайм. Аялзаты жашына карабай спорт менен алектенсе ден соолугу чың болуп, жаш курагынан жашыраак көрүнөт. Негизинен эле адам көп кыймылдоо менен оорулардын алдын алат. Кыскасы, келбетиме кам көрүү үчүн айына 3800 сом, кээде андан көбүрөөк акча жумшайм.
Рахат Божокоева, актриса жана телеалпаруучу: "СУЛУУЛУК ҮЧҮН КӨП КАРАЖАТ ЖУМШАБАЙМ"
– Боёнууга көп акча сарптабайм. Анткени сулуулук салондору менен келишимдик негизде иштешем. Тырмагыма шеллак жасатуу да келишимдин ичинде, муну 1 айда бир жолу жасатам. Жасалма кирпик коштурбайм. Чачыма өзгөчө көңүл буруп, маскаларды колдоном жана аларды сатып алам. Баасы 650 сом, эки жума колдонгонго жетет. Жылына 2 ирет косметологиялык процедурага барып турам. Күнүмдүк жашоодо макияжсыз эле жүрөм. Азыркы тапта фитнес менен алектенейин деп 3000 сомго абонемент алдым.
Алиша Диа, актриса жана фотомодель: "КЕЛБЕТИМЕ КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТОРУМДУ БИЛБЕЙМ"
– Тасмаларга тартылганыма, иш-чараларга барганыма жараша сулуулук салонунан макияжды да, чач жасалганы да 1200 сомдон жасатам. Күнүмдүк жашоодо өзүм эле сапаттуу косметикалар менен боёном. Маникюр дизайнына жараша 850-900 сомго турат. Айына бир ирет жасатып турам. Дайыма жасалма кирпик менен жүрбөйм, бирок ишиме байланыштуу жасатканда 1500 сомго түшөт. Эгерде бетимдин териси кургап баратса, сөзсүз косметологиялык процедураларга барам. Ага 2500 сом коротом. Ал эми фитнес менен 16 жашымдан бери алектенем. Азыр деле машыгууларды калтырбайм жана айына 2500 сом жумшайм.
Спорт менен машыгып, сергек жашоону карманган адамдарды жогору баалайм. Өзүм да тамактануу рационумда этти аз, витаминдерге жана минералдарга бай мөмө-жемиштерди көп колдоном. Өзүмө кам көрүү үчүн кеткен жалпы сумманы айта албайм, анткени бул суроо-талабыма жараша бирде азайып, бирде көбөйүп турат.
Айдана Дека, ырчы: "МЕН СУЛУУЛУК ҮЧҮН АКЧА АЯБАЙМ"
– Сырткы келбетиме кам көрүүдө эч качан акча аябайм. Бирок косметикалык каражаттарды чени менен колдонуп, керектүүсүн гана алам. Буга чейин макияжды өзүм жасачумун, ал эми чач жасалгамды курбу кызым жасап берчү. 3 клибимде тең салонго барбай өзүм эле боёнуп, акча сарптаган эмесмин. Акыркы убакта сулуулук салонуна барып, визажисттердин кызматынан колдонуу талабы жаралды. Анткени алардын тажрыйбасы бар жана кайсы учурда кандай макияж жасоо керектигин жакшы билишет. Ошол себептен эл алдына чыкчу иш-чараларга, концерттерге барарда визажисттерге кайрылып калдым.
Ар бир макияжым 1500 сомдон, чач жасалгам 1000 сомдон жогору болот. Ошондо сулуулук салонуна 2500-3000 сом акча коротом. Кирпик да жасатам, бирок салонду жарнамалап бергендигим үчүн мага бекер. Косметикалык каражаттарды саткан дүкөндөрдүн товарларын Инстаграм аркылуу жарнамалап берсең, белек кылышат. Мындай сунуштар көп болот, бирок сөзсүз ал каражатты колдонуп көрүп, жакшы болсо гана макул болом. Кыскасы, боёнуучу каражаттарды айрым учурда гана сатып алам. Эң көп каражатты чачыма коротом. Чачка арналган маска, бальзам, шампундар 2-3 ай колдонууга жетет. Ал каражатты 5000 сомго алам. Шеллакты дизайнына жараша 500-600 сомго жасатам. Фитнеске барбайм, кызыгуум деле жок. Өзүмдүн жеке бий студиям бар, ал жакта хореограф катары кыздарга бийлөөнү үйрөтөм. Бирок өзүм өздөштүрө элек ар кайсы стилдеги бийлерди үйрөнүү үчүн бий курсуна барам. Ал үчүн бир айга 1500 сом төлөйм.
Жалпысынан бир айда өзүмө кам көрүш үчүн 6000-7000 сом акча жумшайм. 10 000 сом короткон учурларым аябай сейрек болот.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg