ОТОЛАРИНГОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго борбордогу №3-бейтапкананын отоларинголог врачы Надира Амантаева жооп берет.



"КУЛАГЫМДЫН ТЕШИГИ ЧОҢБУ?"

– Бишкекке жаңы келип эжемдикинде жер тамда жашаган жылдары кулагыма жөргөмүш кирип кеткен.Түнү менен кытыратып, аябай жиниме тийип уктаткан эмес.Эртеси дарыгер чукуп алып берген.Андан кийин кабаттуу үйдөн да эки жолу таракан кирип кетти. Эмнеге кулагыма ушундай нерселер кире берет деп тынчсыздана берем. Кулагымдын тешиги чоң эмеспи?

Арзуу, 18 жашта, Баткен


-Мындай көрүнүш көбүнчө жайында болот. Жөргөмүштөр, курт-кумурскалар жайында муздак жер издеп уктап жаткан адамдын кулагына кирип кетет. Бул кулактын тешигинин чоң-кичинелигинен эмес. Аны жууп чыгарабыз. Кээде өзү эле чыгып кетет.

"ГАЙМОРИТ БОЛГОНДО МУРУНДАН СУУ КУЮЛАБЫ?"

– Гайморит экенимди жакында эле билдим. Гайморит болгондо мурундан суу куюлуш керек экен го, меники какырык болуп ичине кетет окшойт, эч нерсе куюлбайт. Ушундай болушу мүмкүнбү жана зыян эмеспи?

Сабира, 32 жашта, Ош


-Гайморит болгондо баш, каштын, көздүн тегереги ооруйт. Мурундан суюктуктун акпашы деле мүмкүн, буга мурундун сөөгүнүн кыйшыктыгы себеп болот. Ошондон улам сыртка какырып саласыз же жутуп аласыз. Мурундан чыккан суюктукту жутуу зыян эмес, бирок бара-бара фарингитке айланат. Анткени какырыктагы микробдор тамакты сезгентет, пневмония да пайда болот.

"ЭРТЕҢ МЕНЕН ДАЙЫМА МУРДУМДУН ИЧИ КАТЫП КАЛАТ"

– Эртең менен турганда, андан сырткары көп эле учурда чимкирик катып калат. Анан чыпалагым менен чукуп чыгарам, ага көнүп да калдым. Ал жер кайра жара болот, бул эмнеликтен?

Канат, 40 жашта, Нарын


-Мурдуңуздун ичи кургай берсе – бул кургак ринит. Атайын майларды тамызып майлап туруу шарт. Бул бөлмөдөгү абанын кургактыгынан, кандын аздыгынан, остеохондроздон пайда болот.

"МУЗДАК СУУСУНДУК ИЧСЕМ ДАРОО ТАМАГЫМ ООРУП КАЛАТ"

– Муздак ичсем тамагым кызарып, шишип калат. Врачтар ангина эмес деп дары жазып беришип, 2-3 жолу дарылангам. Бирок муздак ичсем кайра эле кармайт. Бул эмне болгон оору, биротоло жок болобу?

Акыл, 20 жашта, Каракол шаары


-Бул оору – фарингит деп аталат. Тамактын чел кабыгынын сезгениши. Мисалы, ишине байланыштуу көп сүйлөгөндөр, чаңда иштегендер бул ооруга көп жолугат. Дартты дарылап таптакыр жок кылуу мүмкүн эмес, бирок ал башталганда дары менен токтотууга болот. Көп кайталанбашы үчүн иммунитетти көтөрүп, фарингитти пайда кылуучу нерселерден качыңыз.

"ТАҢДАЙЫМ ШИШИП, ДЕНЕ ТАБЫМ КӨТӨРҮЛӨ БЕРЕТ"

– Муздак аба менен көбүрөөк дем алып койсом эле таңдайым шишип, дене табым көтөрүлүп кетет. Эртең менен күнүгө кармайт, анан акырындан басаңдайт. Жайкысын бутум үшүп калса да кармайт. Туз менен чайкоо керек деп угуп, аны да жасадым. Укол да алгам. Бул оору эмне деп аталарын да билген жокмун?

Айкыз, 25 жашта, Жалал-Абад


-Сиздикиндей оору белгилери бар адамдардын муздакка сезгичтиги жогору. Муздак тамак-аш жесе, суусундук ичсе тамагы да дароо ооруп калат. Сиздин айтканыңызга караганда, бул фарингит да болушу мүмкүн. Фарингит – тамактын чел кабыгы, кан тамырлары ичкерип, тамак керектүү азык-заттар менен толук камсыздалбай калганда келип чыгат. Коркпой эле муздак суусундуктан аз-аздан көп ичиңиз, ошондо муздакка иммунитет пайда болот.

"КЫЗЫМДЫН КУЛАГЫНЫН ТАРСЫЛДАГЫ ЖАРЫЛЫП КАЛДЫ"

– Кызым "кулагым ооруп жатат" деп айтып калчу, суук тийип калган го деп башына жоолук салып койчумун. Ооруканага барсам "кулагынын тарсылдагы жарылыптыр" дешти. Врачтар "отиттен болду" деп дары жазып берген, азыр дарылап жатабыз. Эми тешиги өзү бүтөлөбү? Отит деген кандай оору?

Альмира, 36 жашта, Балыкчы


-Кулак негизи сырткы, ички жана ортоңку болуп үч бөлүккө бөлүнөт. Ортоңку кулак сезгенүүгө кабылганда отит пайда болот. Отитте кулактын тарсылдагы сезгенет, кызарат. Бул учурда кулакка өз алдынча дары тамызууга болбойт. Эгер тарсылдак жарылса, анда ириңдүү отит болот. Аны врач тазалап, анан дарылоо жүргүзөт. Жаш балдардын жарылган тарсылдагы тез эле бүтөлөт, бирок аны да дарыгерге убак-убагы менен алып барып көрсөтүп туруш керек.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот жеkenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
regina86
2017-03-01 16:43:53
Суперчилер сураныч женск.кичирейтуучу конугулордудун ссылкасын берип коесуздарбы таппай жатам
0
admin_superstan
2017-03-01 16:57:47
Aynura87
2018-11-10 15:33:58
Аранарда кулагынан операция болгондор барбы? Жарылып калган тарсылдагын жаматкандар. Операциядан кийин угуунар жакшырдыбы?
0
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан