ЧӨНТӨКТӨН ТЕЛЕФОН БАШТЫК
Кийилбей калган жынсы шымдын чөнтөгүн кесип алып, аны телефонду кубаттандыруу учурунда розеткага илип койчу баштык катары колдонсоңуз болот.
ШЕЙШЕПТЕРДИ САКТОО
Эгер шейшеп топтомун бир жерден тапкыңыз келсе, анда шейшепти жана жууркан тышты жаздык тышка салып коюңуз.
МАНЕЖДЕН СТОЛ
Эгер балаңыз чоңоюп, манежи колдонулбай калса, анда аны колдонууга ыңгайлуу столго айландырсаңыз болот. Болгону сизге манеждин үстүн жапканга тактай же калың айнек керек.
МЫКТЫ ОҢОЙ КАГУУ
Бир нерсеге мык кагуу керек болуп жатса, анда колуңузду балка менен уруп албоо үчүн кийим кыпчыткычты колдонуңуз. Ал мыкты бекем кыпчып, бат кагууга да өбөлгө түзөт.
КӨМӨЧ КАЗАНДЫ ОҢОЙ ТАЗАЛОО
Түбү күйгөн көмөч казанды оңой тазалоонун жолу бар. Ал үчүн көмөч казанга бир нече аш кашык туз, сода салып, үстүнө суу куюп таң атканча коюп коюңуз. Эртең менен көмөч казан оңой жана бат тазаланат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg