Евросоюз: "АТАМБАЕВ – ДЕМОКРАТИЯНЫН АРХИТЕКТОРУ"

Президент Алмазбек Атамбаев 15-февралдан 18-февралга чейин Европанын бир катар өлкөлөрүнө расмий иш сапары менен барып келди. Бул анын мамлекетти жетектеп турган мезгилинде жасаган Бельгияга бешинчи, ал эми Германияга үчүнчү сапары болду.

ЕВРОПАНЫ КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛОРУ КЫЗЫКТЫРАТ

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 15-февралда расмий иш сапарын Бельгия падышалыгынан баштады. Алгачкы эки тараптуу жолугушуу 16-февралда Европа биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен болуп, Кыргыз өлкөсү менен аталган биримдиктин ортосундагы кызматташтык талкууланды. Андан кийинки жыйын Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен уланды. Жолугушуу учурунда быйыл өлкөдө өтчү президенттик шайлоо маселеси козголуп, Туск Атамбаевге "сиздин ордуңузга келчү президент ким экенин билсеңиз керек?" деп суроо узатты. Ал эми өлкө башчы "менин ордума келчү адамды, ачыгын айтканда, билбейм. Шайлоо качан өтөрү гана маалым. Президентти эл тандайт" деп жооп берди. Буга улай президент Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолукту. Бул сүйлөшүүлөр учурунда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди Дональд Туск менен Жан-Клод Юнкер мамлекеттеги демократияга кошкон салымы үчүн "Борбордук Азиядагы уникалдуу демократиянын архитектору" деп сыпатташканын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Дональд Туск менен Алмазбек Атамбаев алдыдагы президенттик шайлоо жөнүндө сүйлөшүштү.


ЖАЛАЛ-АБАД ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛОТ

16-февралда Бельгиянын борбору Брюссель шаарында 2 каржылык макулдашууга кол коюлду. Биринчиси – Кыргыз өлкөсүндөгү мыйзамдуулукту камсыздоо иштерин улантуу жана жакшыртуу боюнча 13 миллион евролук долбоор болсо, экинчиси – өлкө аймагын өнүктүрүү боюнча 10 миллион евролук гранттык долбоор. Аймактар үчүн берилчү акча каражаты Жалал-Абад облусунда "Таза суу" программасын ишке ашырууга жумшалат.
Маалыматтарга караганда, өлкө аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча 2014-2024-жылга карата түзүлгөн программада Жалал-Абад облусунун 404 айылынан 104 айыл кирген. Аталган облус республика боюнча эң көп айылга таза суу жетпеген аймак деп табылган (2014-жылга карата). Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргыз мамлекетинин 1200дөн ашуун калктуу пункту таза суу менен камсыздалган эмес. Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргыз өлкөсүнө Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан миллиондогон сомдук гранттар бөлүнгөн. Бирок аталган тармактагы коррупциялык иштерден улам аталган мекемелер каржылоону азайтышкан.

МЕРКЕЛЬ "КУРМАНЖАН ДАТКА" ОРДЕНИНЕ ТАТЫДЫ

Бельгиядагы бир нече ири жетекчилер менен болгон жолугушуудан соң өлкө башчыны 17-февралда Германия күтүп алды. Эң алгач ал 1996-жылдан бери Кыргыз мамлекетинде иш алып барып жаткан "Сорос Кыргызстан" фондунун башчысы, "Ачык коом" институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолугушту. 18-февралда президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Мюнхен шаарында өткөн коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышты. Иш-чарага улай өлкө башчы менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусу болуп, анда Кыргыз ажосунун колунан Германиянын канцлери "Курманжан датка" орденин тагынды. Аталган сыйлык Ангела Меркелге эки өлкө кызматташтыгына кошкон салымы жана дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык мааракесине карата берилген. Кыргыз тарыхында Германия канцлери аталган сыйлыкты алган алгачкы чет өлкөлүк айым катары сакталып калды. Ага кошумча Меркелге 2016-жылы Кыргыз өлкөсүнө алгачкы ирет жасаган иш сапарын чагылдырган сүрөттөр жыйнагы белекке берилди.

Меркель "Курманжан датка" орденин алган алгачкы айым болду.


Меркель Атамбаев тартуулаган альбомду барактап, "Кыргыз жери үчүн жүрөгүмдө орун бар" деди.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 747, 24-февраль-2-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан