ЖОГОЛГОН СМАРТФОНДОРДУ ИЗДЕЙБИЗ

Учурда көпчүлүгүбүз смартфон колдонобуз. Аны менен бирге кээ бирибиз ар түрдүү себептерден улам жоготкон учурлар кездешет. Ошентсе да жоголгон телефонду табууга мүмкүн. Ал үчүн көпчүлүк биле бербеген, бирок керектүү программалар сизге жардамга келет.

ANDROID

Android платформасында иштеген смартфондор үчүн антивирустук программалардын алкагында түрдүү кошумча кызматтар каралган. Болгону сиз телефонуңузга антивирустук программаны жүктөп жатып анын "Уурулуктан коргонуу" (учурда дээрлик көпчүлүк программаларда кездешет) деген бөлүмүндөгү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурушуңуз керек. Анда сөзсүз түрдө төмөнкү тиркемелердин болушу шарт:

  • Камера-капкан
  • Телефонду автоматтык түрдө бөгөттөө (блокировка)
  • Алыстан телефонду башкаруу

Бул кызматтарды колдонуп баштаардан мурун аны өзүнчө жандыруу зарыл. Ал үчүн сиз "Уурулуктан коргонуу" деген бөлүмгө кирип, ага электрондук дарегиңиз аркылуу катталасыз. Эми жогорудагы кызыктуу мүмкүнчүлүктөргө кененирээк токтолсок:

АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ БӨГӨТТӨӨ

Чөнтөкчүлөр уурдаган смартфондун SIM-картасын дароо чыгарып салышарын билебиз. Бирок ушул кызматтын жардамы менен телефонуңуздагы SIM-картаны алмаштыруу аракети көрүлсө, ал сыр сөзүн терүүнү талап кылат. Демек, башка SIM-карта салып смартфонуңузду иштетүү мүмкүн эмес. Бул телефондогу жеке маалыматтарыңызды да сактап калат.

КАМЕРА-КАПКАН


Антивирустук программаны смартфонуңузга жүктөп, аны ишке киргизген соң андагы эч ким байкабаган кызмат иштей баштайт. Мындан кийин телефонуңузду ачуу үчүн сиз орноткон сыр сөздү смартфонуңузду уурдап кеткен адамбы же кызыккандарбы, айтор, 3 ирет туура эмес терсе, аны камера байкатпастан сүрөткө тартып алат да, смартфонуңузга байланган сиздин электрондук дарегиңизге жөнөтөт. Дүйнө жүзүндө дал ушул кызматтын жардамы менен жоголгон уюлдук телефондорун тапкан адамдардын саны арбын.

АЛЫСКЫ АРАЛЫКТАН ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ТЕЛЕФОНДУ БАШКАРУУ


Телефонуңузду жоготуп алган учурда башка смартфон же компьютер аркылуу антивирустук программанын расмий сайтына киресиз. Андагы телефонду картадан табуу кызматын таап, телефонуңузга жазылган электрондук дарегиңизди терип кирип, издөөнү баштайсыз. 4 мүнөт ичинде жоголгон смартфонуңуз кайсы шаарда, кайсы көчөдө экени картадан көрсөтүлөт. Бул учурда алыстан туруп телефонуңузду колдонуу мүмкүнчүлүгүнө чек коюп койсоңуз болот. Эгер аны кайтарып алууга көзүңүз жетпесе, жок дегенде ичиндеги сизге тиешелүү жеке маалыматтарды өчүрүп салуу мүмкүн.

АЙФОН


Айфондун колдонуучулары үчүн учурдагы мындай көйгөйлөрдү анын ойлоп табуучулары чечип коюшкан. Дегенибиз, "Apple" фирмасынын учурда колдонулуп жаткан смартфондорунун дээрлик бардыгында камера-капкан бар. Анан да айфонду жаңы сатып алган ар бир кардар аны ишке киргизүү үчүн телефондогу iCloud (айклауд) бөлүмүнө жеке маалыматтарды калтырышат. Айфон жоголгондо iCloud.com сайтына телефондо кайсы сыр сөз болсо, ошону терип, андагы "Айфонду табуу" кызматынын жардамы менен алыстан туруп смартфондорун башкара алчу мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

WINDOWS PHONE

Алгач смартфонуңуздагы алыстан башкаруу кызматын жандырып коюңуз. Андагы жөндөө бөлүмүнөн "Телефонду издөө" деген тиркемеге кирип, "Телефонго кызмат жана буйрутмаларды жиберүү максатында рush-кулактандырууларды колдонуу" сунушунун маңдайына галочка коюңуз.

ЖОГОЛГОН WINDOWS PHONE’ду ИЗДӨӨ

Жогорудагы эреже аткарылган болсо, смартфон жоголгондо дароо компьютер аркылуу windowsphone.com сайтын ачыңыз. Аталган сайтка биринчи жолу кирип жатсаңыз өзүңүз тууралуу маалымат калтырасыз. Кийинки кадамыңыз сайттын жогорку оң бурчунан "Менин телефонум" бөлүмүн таап, андагы "Телефонду издөө" тиркемесин басуу болмокчу. Жыйынтыгында картадан смартфонуңуз учурда кайсы жерде экендигин билдирген чекит пайда болушу керек.

ЖОГОЛГОН ТЕЛЕФОНГО ЧАЛУУ ЖЕ БӨГӨТТӨӨ

Смартфонуңуздун кайда экенин таппай жатсаңыз жогоруда айтылган сайтка кирип, кайра эле "Телефонду издөө" тиркемесиндеги "Чалуу" шилтемесин басыңыз. Саналуу секунддардан кийин телефонуңузга келген коңгуроонун үнүн угасыз.
Смартфонду жоготуп алган учурда аны бөгөттөп, ага билдирүү жазып жиберсеңиз болот. Ал үчүн "Телефонду издөө" тиркемесиндеги "Бөгөттөө" деген шилтемени басып, "Бөгөттөөдөн кийин телефонго чалуу" деген сунушту жандырып телефонуңузга билдирүү жазыңыз. Бөгөттөлгөн смартфонуңуздун коңгуроосу жаңырып, анын экранында сиз жазган билдирүү чыгып калат. Аны кайтарып алышыңызга көзүңүз жетпесе тиркемедеги "Өчүрүү" шилтемесин басып, смартфондогу маалыматтарды өчүрсөңүз болот.

Мындай мүмкүнчүлүктөрдүн артында бир гана шарт бар. Ал сиздин смартфонуңуз дайым интернетке кошулган болуусу керек. Болбосо бул артыкчылыктардын аракети жыйынтыксыз. Айта кетчү нерсе, бир нече кызматтар айрым антивирустук программалардын алкагында бар делгени менен, аларды сатып алуу зарыл.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
elmurat.kg
2017-03-08 17:01:20
эгер андроидти сброс кылса анда бутту баары...ошол антивиоусту атын айтып коюнуздар рахмат
+2
Realtilia
2017-03-08 21:02:21
elmurat.kg,ccleaner master
-1
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-11 09:12:41
elmurat.kg,Сброс кылып жатканда парольду сурайт
-1
bom.bon
2017-03-11 19:01:27
elmurat.kg,«CM Security»,Деп аталат
-1
baltabai
2017-03-08 18:52:41
ати вирусту кантип жуктойт адимин
0
Kanat969023
2017-03-08 23:33:30
baltabai,плей маркеттен ...айфон болсо епс стордон кочуросунор...[moderated] каналынан кичине мамат алгыла .баары тушуруктуу болот...жоголуп кетсе бат эле таап аласынар
-1
Omurbek998
2017-03-08 19:23:59
Айфондуку жакшы екен э
+2
Atlantic
2017-03-08 21:20:59
Сброс кылган болсо бардык маалыматтар очуп кететго?
0
Shekeev969798
2017-03-08 22:14:37
serial nomerinen tapsa da bolot
0
baha-1283
2017-10-14 13:06:23
Shekeev969798,кантип тапса болот билсениз кенири тушундүрсонүз
0
Doni99
2017-03-08 22:15:28
iPhone baardyk jagynan yngailuu telefon
+1
Мэри
2017-03-08 22:52:11
Менин кызымдыкы Айфон 6S (алтын түстүү) "Бишкек Парк" соода борборунан уурдалды, уурдап жатканда тартылган видеосу да бар. 1-Май РИИБи карап жаткан. Мага баары эле айтышты, ал эчак эле табылган болуш керек, милициялар өздөрү эле алып коюшту деп. Же тааныш керек, болбосо алар жүрө беришет, же акча бергиле дешти. Уурдалган Айфондор Казакстанга, Россияга кетет, же тетикке сатылат дешти. Айклауду күйбөптүр да, биз өзүбүз издей берели десек.
0
seni.gana
2017-03-09 18:39:48
Мэри,мен да жоготком 10 кундун ичинде таап бнребиз деген ертен бир ай болот дагы еле жок
+1
Мэри
2017-03-08 22:56:27
Билгендер жолун айтып койгулачы, кантип издесе батыраак жана натыйжалуу болот?
0
boston___
2017-03-09 11:26:06
Антивирус сброс кылганда очуп кетет азыркы чыгып жаткан телефондордо ушул программа бар найти телефон деген мисалга самсунг J нын бардыгында бар порол койгондон кийин сброста болбойт порол сурап тураберет
0
rawid
2017-03-11 18:34:10
boston___,hard reset kysan anti manti kuluch muluch ochup ketet
+2
ere
2017-03-11 10:39:52
Чынында тааныш керек мен да жоготуп 1ай дегенде таап беришкен телефонумду
-2
rawid
2017-03-11 18:35:10
Hard reset kysan anti manti kuluch muluch baary ocgup keterda zavotskoi bop kalat
+3
Girl1996
2017-03-13 10:04:13
мен Москвадан жоготком, мүмкүнчүлүк жокта тапканга э?
0
Hotinhere123
2017-03-13 14:55:19
Мен да москвада кузьминки метродо часпик болгон учурда жоготуп алгам 1 ай болду эле алганыма.самсунг s4 болчу.издеген да жокмун,таппайсын эми деп коюшкан
0
elmurat.kg
2017-03-13 18:55:44
телефондун паролу болсо телди очуруп туруп эки кнопканы басса звуковой менен жандырганды чыгатко англисче бирдемелер ошондон сброс кылышатта
0
Appaz4ik
2017-04-17 21:53:38
Очуп кетет экен мен да алдым эле кызыгып анан паролун эстен чыгарып койдум анан сброс кылдым эле баары очуп кетти
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан