БИР БҮРКҮМ

  • Бишкек жана Ош шаарларына ЖЫЛУУЛУК берүү март айынын орто ченинде токтотулушу мүмкүн. Былтыркы жылы жылуулук берүү 10-мартта өчүрүлгөн.

  • 5 жашар баласынын көзүнчө аялды ЗОРДУКТАГАН таксистти 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Тоң райондук сотунун өкүмү күчүн жоготуп, ишти Ысык-Көл райондук соту карамай болду. Маалыматты Ысык-Көл облустук сотунан кабарлашты.

  • 1-марттан тарта 50 жана 100 сомдук ЖАҢЫ БАНКНОТТОР колдонууга чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

  • 2016-жылы Кыргыз өлкөсүнөн 95,5 миллион долларлык тигилген буюмдар экспорттолуп, бул жалпы ЭКСПОРТ көлөмүнүн
    7 пайызын түзгөн.

  • Кыргыз мамлекетиндеги ЭРКЕКТЕР аялдарга салыштырмалуу 7-10 жылга аз жашашат. Буга эркектердин арасында жыныстык органдарынын онкологиялык ооруларынын өскөндүгү себеп болгон. Муну Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

  • "Өрт өчүрүүгө колдонулуучу 1992-жылы чыгарылган жалгыз ТИК УЧАКТЫН эскилиги жетип, бузулуп жатат. Аны оңдотуу үчүн
    1,5 миллион доллар керек",- деди өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

  • Өлкөдө РАДИАЦИЯ чыгарып турган 61 радиоактивдүү объект бар.

  • Аскердик соттун мурдагы төрагасы Нурлан Ашымбеков "50 миң доллар ПАРА алган" деп кармалды. Тиешелүү кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура маалымдады. 

  • Мамлекеттик каттоо кызматы 1-марттан тартып ПАСПОРТ АЛУУДА бланкаларды толугу менен электрондук толтурууга өтөт.

  • Быйылкы жылы АЖЫЛЫК САПАРДЫН чыгымы 2 миң 600 доллардан ашпайт. Зыяратка баруу үчүн Ош облусунан 1 миңден ашуун адам, ал эми Нарын облусунан 1 адам электрондук кезекте турат. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов айтты.

  • Орусиядагы кыргыз ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ мекенине 2016-жылы 1 миллиард 938 миллион доллар которушту. Бул көрсөткүч 2015-жылга караганда 855 миллион долларга көп. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги берди.

  • Синоптиктер МАРТ АЙЫ өлкө ичинде нормадан жылуу жана жаанчыл болот дешет.

  • Бишкек шаарында жайгашкан АЯЛДАМАЛАР ушул жылдын сентябрына чейин толук оңдолот. Учурда 35 аялдаманы ижарага алган тараптар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүүдө.

  • Өлкөдөгү 77 миң МУГАЛИМДИН 25 миңге жакыны турак жайга муктаж. Бул маалыматты Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу парламентте айтты.

  • Бишкектеги АВИАКЫРСЫКТАН жабыркагандарга чогултулуп жаткан акча каражаты 2-март күнү 94 миллион 637 миң 658 сомго жетти.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан