КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА САПАР ИСАКОВ

Cоңку 6 жыл бою президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүн жетектеп, ушул жылдын башында Сапар Исаков президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Өлкө башчысынын тегерегиндеги перспективдүү кадр катары мүнөздөлүп келе жаткан бул кызматкер бир айдан кийин президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды. Бул кызматты аркалап келе жаткан Фарид Ниязов кайрадан президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Кырк жаштын кырына келген Сапар Исаковду дасыккан кесипкөй деп сыпатташат. Президент Алмазбек Атамбаев Германия канцлери Ангела Меркелге "менин оң колум" деп тааныштырган бул жигитке карата мамилеси жылуу экенин бул жумада Бишкекке келип кеткен Владимир Путин да көрсөттү. Орусия президентинин Исаковду далыга таптап койгону азыркыга чейин интернетте кызуу талкууга алынууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан