Атамбаев: "САЯСАТТА КАЛАМ..."

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз өлкөсүнө болчу сапары күн мурунтан кызуу талкууга алынып жаткан эле. Расмий визит кандай өттү жана кандай окуялар орун алды?

АТАМБАЕВ ПУТИНГЕ КҮЛҮК ТАРТУУЛАДЫ

28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетине бир күндүк расмий иш сапары менен келип кетти. Буга чейин ал Казакстан жана Тажикстанга барып, өлкө лидерлери менен жолуккан болчу. Владимир Путин Кыргыз өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу маселелер боюнча сүйлөшүштү. Маалымат жыйын учурунда Кыргыз мамлекетинин ЕАЭСтин шарттарына ылайыкташуусу жана эки өлкөнүн стратегиялык мамилелеринин келечеги тууралуу сөздөр айтылды. "Кыргыз өлкөсүнөн барган 16 миңден ашуун студент Орусияда окууда. Быйыл да 420 студент үчүн бекер орундар бөлүндү. Кыргыз мамлекети биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Ал эми өлкө ичиндеги саясатка Орусия кийлигишпейт",- деди Путин. Канттагы Орусиянын аскердик базасы 2000-жылдардын башында кыргыз жетекчилигинин суранычы менен ачылганын, керек эмес деп айтылган күнү орус аскерлери чыгып кетерин айтты. Аягында эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча 3 документке кол коюлду. Ошондой эле жолугушуунун соңунда Атамбаев Путинге күлүк ат белек кылды.

"КЫЛМЫШКЕР ТҮРМӨДӨ ОТУРУШУ КЕРЕК"

Маалымат жыйын учурунда президент Алмазбек Атамбаевге учурдагы саясий кырдаал жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча суроо берилди. Өлкө башчы буга чейинки 2 революциянын башында турганын жана өзү каалабаса үчүнчү жолу революция болбой турганын айтты. "Бир гана Текебаев эмес, 2010-жылы бийликке келген күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мындай иштерге барган. Бул кылмыш ишинен эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Дагы кайталайм, ууру түрмөдө отурушу керек",- деди Алмазбек Атамбаев. Андан сырткары ал президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин деле саясатта каларын белгиледи.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан