Аяна Касымова: "БААРЫН БЕТКЕ АЙТКАН АДАММЫН"

– Аяна, кандайсың, окууларың жакшыбы?
– Жакшы, рахмат. "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин эл аралык мамилелер факультетинин 1-курсунда окуп жатам. Окуум жалаң англис тилинде. Бир семестрди соңуна чыгардым, биздин окуу жайда акча менен бүтүрүү деген жок. Ошондуктан студент өз күчүнө гана ишенет. 1-семестрде экономика сабагынан өтпөй калып, кайра тапшырууга туура келди.

– Америкадан музыкалык билим алсам деген кыялың бар эле, ал күчүндө элеби?
– Күчүндө эле. Азыркы окуумдан академиялык өргүү алып, кийинки жылы Америкадан билим алуу пландарым бар. Учурда бир компания менен иштешип жатам, алар мага ылайыктуу окуу жайды издештирүүдө. Ал жактын деңгээлиндеги музыканттар менен аралашып, тажрыйбасынан өзүмө сиңирип, жок дегенде 1 жыл окуп келсем деген тилегим ишке ашабы, ашпайбы, аны убакыт көрсөтөт. Анткени биз караштырып жаткан колледждердин баасы туура келеби, келбейби, азырынча билине элек.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Окуудан чыгып алып концерттерге барам. Эгер бош убактым болуп калса уктайм. Бирок фитнеске, бассейнге барып турам. Алар мага кадимкидей энергия берет. Анан кээде велосипед тебем. Велосипед тепкенди бала кезимден жакшы көрөм. Эсимде, 1-велосипедди 9 жашымда сатып беришкен. Ал сынып калгыча тепкем. Азыркы тээп жүргөнүмдү 3 жыл мурун туулган күнүмдө белек кылышкан.

– Велосипед тепкенди билген адам машина айдоону оңой өздөштүрүп кетет дешет, айдаганды тез эле үйрөнүп кетиптирсиң да...
– Ооба, тез үйрөндүм. Машинаны ата-энем Жаңы жылга белек кылышкан. Маршруттук таксиде эле жүрчүмүн, бирок өтө ыңгайсыздык жаратты. Анткени менин окуу жайым Тунгучта. Ал жакка мен жашаган жерден болгону 1 маршруттук такси каттайт. Кээде сабактан чыгып бир жакка барып келе калыш керек болот, ошондо кыйналат экем. Айдоочулук күбөлүк алууга келгенде апам "сатып албайсың, кадимкидей окуйсуң, дагы бирдеменин ичинен чыксаң эмне болот?" деп жатып окутту. Менин багыма жакшы инструктор туш болуптур. Эртең менен үйдөн мени алып кетип, ары-бери айдатып үйрөтөт да, кайра үйгө жеткирип коёт.

– Азыр кандай айдап калдың?
– Эртең менен үйдөн чыгып бара жатканда апам менен атам "кызым, жол эрежесин бузба, эч нерсеге алаксыба, шашпай айда" деп какшап кетиришет. Алар эреже бузуп, айып төлөөдөн мурун менин коопсуздугумдан коркушат. Эми үйрөнө баштаганда жаңы сатып алган машинаны беришкен эмес. Үй-бүлөгө тиешелүү эскирээк машинабыз бар, ошону айдатышкан. Андан кийин өзүмдүн машинама отургам. Анда деле атам жаныма отуруп окуу жайга чогуу барабыз, кайра айдап келерде да атам көзөмөлдөп келчү. Качан жакшы айдап калганда гана атам трассага жалгыз коё берди. Бирок ата-энемди унаама салгым келбейт. "Мындай айда, тиякты карабайсыңбы" дей беришет. Аны айтпаса деле көрүп жатам да, алар анткен сайын нерв болом, андан көрө салбай эле койгонум жакшы.

– Ата-энеңдин кандай кызысың? Эркеби, ызакорбу, каяша айтканбы дегендей...
– Эрке, ызакор эмесмин, каяша деле айтпайм. Мен чынчыл кызмын, алдабайм. Алдасам бат эле билип коюшат. Бирөөгө кек сактабайм. Мага жаман комментарий жазып же мен жөнүндө туура эмес сүйлөгөн адам кайра мага жакшы сүйлөсө сүйлөшө берем. Менде апамдын да, атамдын да мүнөзү бар. Апам баарына жетишкен, оокатка тың аял. Атамдын болсо өзүнүн дүйнөсү бар. Түнкү 2-3төргө чейин музыка жазып отура берет.

– "Бой көтөргөн кыз" деп калгандарын угам, кээ бир учурда гана ошондойсуңбу же дайымабы?
– Баарына күлүп-жайнай берген адам эмесмин. Жакпаса жакпайт, жакса жагат деп бетке айткандарданмын. Эгер адам жакпаса, мен ага күлбөйм, сүйлөбөйм, мен ага, ал мага тийишпей өз иштерибиз менен алек болгонду туура деп эсептейм. Ошондо ал киши экөөбүздүн ортобузда эч кандай маселе жаралбайт. Ичинде кири жок, таза адамдарга жакынмын.

– Апаң менеджериң эмеспи, ырчылыгыңа байланыштуу иштерде дайыма чогуу жүрөбү?
– Түшүнбөстүк болуп кетеби же мага орой мамиле кылып коюшабы деп чочулайт окшойт, апам дайыма жанымда жүрөт. Заманбап ойлонгон, идеяга бай, креативдүү, мен үчүн жакшы долбоорлорду иштеп чыккан жаш адам болсо деп башка менеджер караштырып жатабыз.

– Инстаграмдагы түз эфирден бир жигит менен түштөнүп жатканыңды көрдүм, ал жакын досуң окшойт...
– Негизи досторум анча көп эмес, ашып кетсе 2-3 жакын досум бар. Бири эжем, ал Швецияда жашайт. Университеттеги эң жакын досум сиз айтып жаткан Карим, экөөбүз бир тайпада окуйбуз.

– Жигиттер менен жакшы тил табышасыңбы же кыздар мененби?
– Жашоодо аялзаты мырзалар менен, мырзалар айымдар менен жакшы тил табышат го. Ошонун сыңары мен дагы жигиттер менен бат тил табышып кетем. Кыздарда бири-бирин сынамай, сенден мен өйдөмүн дегендик, көрө албастык сыяктуу пенделик иш-аракеттер жолугат, ал эми жигиттерде бул нерсе капарга ала турган деле нерсе эмес. Аларга баары бир.

– Мырзалардын майрамында атаң менен иниңе эмне белек кылдың?
– Атама "Сабырдын түбү сары алтын" деген кыргыздын сонун макалы жазылган футболка белек кылдым. Бул макалды да бекеринен тандаган жокмун. Атам өтө токтоо, сабырдуу, ак көңүл киши. Ошондуктан "ушундай жакшы адамсыз, сиз мен үчүн алтынсыз" деген оюмду билгизгим келди. Иниме да ушундай эле жазуусу бар футболка белек кылдым.

– Рахмат маегиңе.

"Келбетимди бир калыпта алып жүрүү үчүн фитнес менен машыгам".


"Үй-бүлөдө ата-энемдин улуу кызымын. Атам продюсерим болсо, апам менеджерим".


Сүйүн Кулматова
Пери Сабинова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (53)
Prosto-Anjelina
2017-03-09 17:00:52
Ураматтуу супер инфо? Качан жана кайсы санында Бактыгүл Бадыева чыгат интервьюсу мн? Сураныч анык жооп бериңиздерчи?
+3
tram-lam
2017-03-09 17:22:07
Айыманын пиарщиктери жакшы иштейт экен. Аяна жонундо соз болгон жерде бир экоо Айыманы мактап коюшат, элдер да ошолорго ишенип алышып кошулуп кетишет. Муну пиар ход деп коет
+2
roksalana
2017-03-14 00:57:19
tram-lam,мен да акыркы кундору абдан тан калып атам.Аяна жаны чыгып дунгуроп атканда башкасы кайда эле.Баары суктанып,сыймыктанып,мактап жактап эле атты элего.Эми не болду.? Жата калып жамандап киришчу болду го! Лично мага жагат кээ бир *атактуу*ырчыларга караганда уну бар!Аяна,талантын ташкындай берсин!Бироолор жата калып туз жаласын!
+1
jaskaaa
2017-03-09 20:54:56
Таланттуу татынакай кыз! Стилинди ондош керек го! мисалы:Бийик така айрык шымдар ! жана жылдыз оорусу жугуп баратканго деп ойдо калдым.Ак терек кок теректе да кийгун Койногун такыр жарашпайт экен, жаш татынакой кызсын!
+5
jengoo
2017-03-09 21:21:39
Vau
0
sultan.kg
2017-03-10 06:17:02
ммм дааа баарынар акылдуусунар
0
Ronaldo.99
2017-03-10 09:03:29
Ушу кыз бирди торогондон кийин ХХХ.
-4
admin_superstan
2017-03-10 10:14:46
Ronaldo.99, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
-1
aitieva00
2017-03-10 20:06:43
Куудалдардын видеолорун корбой эле,суперге кирип коммент окусан кобуроок кулосун да
+9
Nassa
2017-03-11 08:39:12
Фигура аялдардыкындайго... Эч жакпайт ушул кыз.
0
Asya_92
2017-03-11 18:42:42
Коменттер боорду эзетго чиркин Супер кудуулдар топтолуп алышканго !!!!
+5
rustamov.com
2017-03-11 18:43:24
99 бу бул? чон корунот екен!
-1
aigerimkulmamatova
2017-03-12 00:37:29
башка газетага озумо жаны жылга Машина белек кылдым деп жазган 4,5 эле ыр ырдап машина алат,ал Эми 20-30 жылдап мектепте мугалим болуп иштегендер жебей ичпей эле албаса ала албаса керек
+1
Guliza85
2017-03-12 19:06:28
Ай ушу сен аман эсен оорубай сыркабай, ХХХ,ХХХ уншуп ырдабай эле аман болчу алтыным...жонокой болчу жон эле суранам...
-1
roksalana
2017-03-14 01:04:23
Катуу ырдайсынго сен ээ сoзуно караганда?
0
altynaiB
2017-03-13 10:06:42
Дайым жыртык журтук кийинип журот. Эмнеси жакшы? Кий кыргыздын оймо чиймеси тартылган койнокторун. Шоокулосун тумактарын кийип ырда. Ошол кийимдер менен кобуроок жагат белен дейм да.Апталган чапталган бир балекет койнокту кийгиче.
-1
zinza.girl
2017-03-13 22:55:56
Кечке эле ушу кызды чыгара берет экенсиздер да!
0
Stshcksishd
2017-03-14 01:20:37
ата-энемди салгым келбейт дегени эмнеси? алар деле жаман болсун дебейт да
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан