СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кышкы Азия оюндары: КҮМҮШКӨ ТАТЫГАН ХОККЕЙЧИЛЕР

26-февралда Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндары расмий түрдө жабылды.
VIII ирет уюштурулган мелдеште 11 спорт түрүнөн 64 комплект медаль ойнотулду. Кыргыз мамлекетинин атынан жалпы 33 спортчу катышып, алар хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан күчтөрүн сынашты. Азиада оюндарында хоккей боюнча мелдеште командаларды 3 дивизионго бөлүшкөн. Жогорку дивизиондо Азия континентинде мыкты делинген Казакстан, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу командалар болсо, калган өлкөлөр 1-2-дивизионго бөлүштүрүлгөн. Эске салсак, 2011-жылы Казакстанда өткөн Азиада оюндарында кыргыз хоккейчилери 2-дивизиондун жеңүүчүсү аталган эле. Жобо боюнча Кыргыз өлкөсү 1-дивизионго көтөрүлүшү керек болчу, бирок быйылкы оюндарда да кыргыз хоккейчилери 2-дивизиондо калды. Кыргыз өлкөсүнүн хоккейчилери өз тайпасында Кувейтти 5:0, Филиппинди 10:5 жана Катарды 7:2 эсебинде жеңип, финалга аттанды. 26-февралдагы финалдык оюнда Түркмөнстан менен кез келип, 7:3 эсебинде утулуп калышты. Жыйынтыгында кыргыз хоккейчилери күмүш медалдардын ээси болушту. Бул оюндар Муратбек Жакыповдун шакирттерине алдыга дагы өсүү керектигин, мыкты жана алсыз жактарын көрсөттү.
Ал эми лыжа жарыш, биатлон жана муз үстүндө бийлөө боюнча күч сынашкан спортчуларыбыздын эң алдыңкы көрсөткүчү тоо-лыжачы Евгений Тимофеевдин 8-оруну болду. Жалпы медалдар тизмесинде үй ээлери медалдар боюнча алдыга эч кимди салган жок. Япон спортчулары жалпы 74 медаль жеңип, алардын 27син алтын түздү. Бул оюндар Азия спортчулары үчүн "Пхенчхан-2018" Кышкы Олимпиадасына даярдык болду. Кийинки Кышкы Азия оюндары 2021-жылы Кытайда өтөт.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Higuain9009
2017-03-09 20:29:15
Супер инфо:Аргентиналык футболчулар Гонсала Игуаин жана Поуло Дибала жонундо кенири маалымат берип койгулачы сураныч.Бул оюнчулар Ювентуста ойношот
0
admin_superstan
2017-03-10 10:43:22
Higuain9009, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
ggvatua
2017-03-11 03:39:39
Бардык спортсмендерге ийгилик!!!Азамат Евгений Тимофеев!!!Хоккейчилерибиз да мыкты ойношту!!!
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан