ЧЕМПИОНДОР ТҮГӨЙҮ – БАСТИАНА

Бири футболчу, бири теннисчи.
Экөө тең чемпион.
Бири Бастиан, бири Ана.
Экөө бир үй-бүлө.

БАСТИАН ШВАЙНШТАЙГЕР


Каймана аты – Басти, Швайни, Бастиш-Фантастиш
Туулган жылы – 1984-жыл, 1-август
Туулган жери – Германия, Кольбермор
Жетишкендиктери – Дүйнө чемпиону (2014-жыл), Германиянын 8 жолку чемпиону, Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (2013-жыл)
Ойногон клубдары – "Бавария" (2000-2015-жылдар), "Манчестер Юнайтед" (2015-жылдан азыркыга чейин)

АНА ИВАНОВИЧ


Туулган жылы –
1987-жыл, 6-ноябрь
Туулган жери – Сербия, Белград
Жетишкендиктери – "Роллан Гаррос" жеңүүчүсү (2008-жыл), теннис рейтингиндеги №1 теннисчи (2008-жылы)
Спорттук карьерасы 2016-жылы жыйынтыкталган

"ЖЕҢИШ ФОРМУЛАСЫ – ШВАЙНИ"

Бастиан Швайнштайгер Германия командасын 2014-жылы Бразилияда Дүйнө чемпиондугун жеңиш жолуна салып гана өз өлкөсүнүн улуу футболчуларынын катарын толуктады. Эгерде аталган мелдештин финалында жеңишке жетпесе, анда Бастини футбол сүйүүчүлөрү ири мелдештердеги чечүүчү беттештерде утулгандан кийинки ыйлары менен эстеп калышмак. Анткени буга чейин ал улуттук курама команда менен Дүйнө чемпиондугунда 2 коло, Евродо 1 күмүш жана 1 коло байгеге жетишкен.
Чоң футболдогу атагы чыгып калган, бирок 30 жашка чыга элек футболчулар карьерасы тууралуу автобиографиялык китептерди жазып келишет. Швайнштайгердин 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында кандай ойногону тууралуу жазса эле бир китеп чыкчудай. Лео Месси жана анын командасына дал ушул талаанын ортосунда оюн жүргүзгөн немис футболчусу бир дагы мүмкүнчүлүк бербей койгон эле. Оор басырыктуу, лидерлик сапаттарга ээ, акыр-аягына чейин күрөшкөн Швайни мундиалдан соң гана мыктылардын арасынан ордун тапты. Германиянын машыктыруучусу Йоахим Лев "Мундиалдагы жеңиштин негизги формуласы – Швайни" деп белгилеген.

ӨЗ ОРДУН ТАПКАН ЖАРЫМ КОРГООЧУ

Кичинекей Басти тоо-лыжа спортчусу болом деп кыялданчу. Мунун себеби анын ата-энеси лыжа чыгарчу ишканада эмгектенишчү. "Бул спортто лыжаларыңды өзүң көтөрүп жүрөсүң" деген сөздү уккандан кийин топтун артынан түшүүгө өтүп кеткен. Машыктыруучу Оттмар Хитцфельд Швайнини чоң футболго жетелеп келген. Көпчүлүк учурда машыктыруучулар "Бастианды талаадан тап" деген баш катырма менен алек эле. Анткени жарым коргоочулук позицияны ээлеген футболчу талаада дээрлик көзгө урунчу эмес. Аны жаңы деңгээлге Луи ван Гал чыгарганын өзү белгилейт. Бул насаатчы Швайнинин орду талаанын так ортосу, атаандаштын чабуулуна тоскоол жаратуу экендигин белгилеген. Ушундан тарта Германияда дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты оюнчу өсүп чыкты.
Бул учурда Ана Иванович чоң теннисте алгачкы кадамын таштаган. Моника Селешти кумир туткан теннисчи 17 жашынан тарта мелдештерди жеңип баштайт. Көпчүлүк күйөрмандар Ивановичтин сулуулугун белгилеп, модель эмес, спортчу болгонуна таң калышчу. Швайни менен таанышууга чейин дагы бир канча жыл бар эле...

СҮЙҮҮ СПОРТТУ ЭКИНЧИ ПЛАНГА КАЛТЫРДЫ

2014-жыл Бастиан үчүн ийгиликтүү жыл болду. Жайында Дүйнө чемпиондугун жеңсе, күзүндө сүйүктүүсү сербиялык теннисчи Ана Иванович менен таанышкан. Бул түгөй мамилелерин канчалык жашырбасын, маалымат каражаттар тарабынан түрдүү чабуулга кабылган. Себеби эки чемпиондун мамилеси спорттогу эң атактуу түгөйлөрдүн арасында эле. Ана 2008-жылы Чоң шлемдин бири "Роллан Гарросту" жеңип, дүйнөлүк рейтингде №1 болуп турган. Ана үчүн немис футболчусу Сара Бранднер менен болгон 7 жылдык мамилесин үзгөнгө чейин барып, Ана менен 2016-жылы Венецияда баш кошот. Бирок... Сүйүүнүн артынан эки спортчунун карьерасы экинчи планга калды.
29 жаштагы Иванович ошол эле жылдын соңунда спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирген. Ал эми Швайнштайгер "Манчестер Юнайтед" командасына кошулгандан бери алмашууга чыккандардын арасында гана ордун табууда. 32 жаштагы футболчу мындай сыноолордон сынып калчулардан эмес: "Жеке жашоом менин жеке жашоом. "МЮнун" негизги курамында ойноо үчүн эки эселеп машыгууга даярмын",- дейт.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан