ИБРАГИМДИ КОРДОГОНДОРГО КАТААЛ ӨКҮМ ЧЫКТЫ

28-февраль күнү Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту "катуу сабалып, зордукталды" делген 2 жаштагы Ибрагимдин окуясы боюнча айыпталгандардын ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, күнөөлүү деп табылгандардын бири өмүр бою, экинчиси 15 жылга эркинен ажыратылды.

ЭСКЕ САЛСАК...

2015-жылы 10-январдан 11-январга караган түнү Бишкек шаарындагы
№3 балдар ооруканасына 2 жаштагы баланы оор жаракаттары менен эс-учун жоготкон абалда «тепкичтен кулап кетти» деп атасы алып келген. Текшерүүгө алган дарыгерлер баланын денесиндеги жаракаттардан улам катуу сабалып, атүгүл сексуалдык зомбулукка кабылган болушу да мүмкүн экендигин айтып, укук коргоо органдарына билдиришкен. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын бир тууган агасы Жаныбек Түлебеков менен анын аялы Айзада Аккөзова кармалган. Бул экөөнүн ортосунда 5 бала бар. Андан соң Ибрагимдин атасы да камакка алынган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүн райондук соту 2015-жылдын 24-мартында 2 жылга жатак абакка кескен.

"ЭМИ БАЛАМДЫ ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕЙМ"

Тергөөдө наристенин атасы дааватка кетип, уулун Аламүдүн районундагы Озерное айылында жашаган агасынын үйүнө убактылуу калтырып кеткени маалым болгон. Ошол убакта биз наристенин атасы менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берген:
– Уулумдун ушул абалга кептелишине мен күнөөлүүмүн. Өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Аялым экөөбүз бири-бирибизди жакшы билбей эле баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Ажырашканыбызда анын 3 айлык боюнда бар экен. Уулум төрөлгөндө апасы аны 2 ай эмизип карап берди. Аялымдын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Уулумду өзүмө алып, экинчи жубайым экөөбүз карачубуз. Тагдыр экен, экинчиси менен да ажырашып кеттим. Курулушта иштегендиктен баламды жалгыз карап кыйналдым, анан агамдан жардам сурагам. Алар каршы болбой өткөн жылдын ноябрь айынан бери карап жатышкан.
Башында уулума күнүгө барып турчумун, бирок келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам «баланын жүрөгүн оорутуп көп келбей эле койчу. Андан көрө телефон аркылуу байланышып тур» деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны бир жарым ай мурун көргөм. Телефон аркылуу акыбалын сурап турчумун. 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агам телефон чалып, "тезинен кел, балаң ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деди. Үйгө киргенимде уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм оозума тыгылды. Бети-башынын баары тытылып, канжалап, кырылдап араң дем алып жатыптыр. Сураштырсам «тепкичтен кулап кеткен» дешти. Шашкалактап ооруканага алып барайын деп кийинтип жатып анын денесиндеги жарааттарды көрүп нес болдум. Башы жарылганын да байкадым. Абалы аябай эле оор болчу. Уулумду ооруканага алып келдик. Мен үчүн учурда эң негизгиси – уулумдун сакайып кетиши. Ал менин жалгыз байлыгым, бакытым. Эми аны эч кимге бербейм, куса болуп мени күтүүсүнө да жол бербейм.

ИБРАГИМ АТАСЫНЫН КАРАМАГЫНДА

Наристенин мындай абалга келиши коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анын тагдырына кайдигер карабаган көптөгөн мекендештерибиз наристеге кийим-кечек, оюнчук чогултуп, дарылануусуна акчалай жардам беришкен. Ал бир нече ай эсине келбей жатып, кийин өзүнө келген. Наристенин атасы уулун 2015-жылдын 1-майында ооруканадан чыгарып кеткен. Ибрагимди асыроого атасы жана өгөй энеси жоопкерчилик алышкан.
Бул иш боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 104 (ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү) жана 130-беренелери (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүп берген. 2017-жылдын 28-февралында бул ишти караган Аламүдүн райондук соту наристени кордогондорго карата өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, Айзада Аккөзова күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн аялдар колониясында өтөмөкчү. Жаныбек Түлебеков болсо өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өзгөчө режимдеги колонияда өтөй турган болду.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Nazikbaigazy
2017-03-08 13:24:48
Мына бул татыктуу жаза, супер инфо азыркы убакта баланын абалы кандай, ошончо жарааттан кийин майып болбой мурунку калыбында чоноюп жатабы билип сурап келсенер жакшы болмок
+12
gulperi.kg
2017-03-08 15:03:23
2 жаш ой кудай кичинекей бала кантип колу барды
+4
1985lana
2017-03-08 15:21:03
Эн эле татыктуу жаза болуптур!
+4
Aylini
2017-03-08 17:33:30
Айбандарга өтө жакшы жаза берилиптир, аялына дагы 10жыл кошуп берсе болот эле ага чала 15жыл. Акмактар Аллахтын жазасын аркы дүйнөдө да алгыла. Ибрагим алтыным сенин келечегин кең болсун өмүрүн узун ден соолугун чың болсун чырагым
+4
Aylini
2017-03-08 17:34:31
Жакшы жаза берилиптир, аялына дагы 10жыл кошуп берсе болот эле ага чала 15 жыл адам сымал айбандар
-1
Zein
2017-03-08 21:02:34
Жон эле 15 жыл аз дейсинер. Алардын балдарын да бир ойлоп коюш керек. Канча болсо да кечиримдуу болгонду унутпайлы. Темир тор артын Кудайым эч кимге коргозбосун...
+7
Cholpon2801
2017-03-09 08:45:45
Zein Балдарын ойлосо бул ишке барбайт болчу!Байкуш 2 жаштагы балада емне куноо?Ырас кылыптыр мынданда катуу жазаласа болмок Акмактарды!!
+3
klassika
2017-03-09 11:50:39
Zein жон эле боорукер болуп чыга келесин!жеткиликтуу жаза жоктугунан башталат ушундай айбанчылык.Баланы кордогондорго ото катаал жаза беришсин.Ибрагим ананайын бактылуу болсон экен.сени жакшы карабаган ата энене наалат.
+2
abdyldaeva
2017-03-09 14:59:38
klassika ал эмне дегенин туугандарына ишенип таштап журбойбу баары эле ал да ишенди да! Ал да жыргаганынан таштаган жок да
+1
JANNA00
2017-03-10 04:08:14
Бул жерде баланын ата-энеси да,тиги токмоктогон адамдар да куноолуу. Бирок тигилердин 5 баласына эмне болот? Аларга да ата-энеси жокто бироо зомбулук корсотсо аларга эмне болот? Тигилер турмодон чыкканча балдары кыйналып чоноет экен да эми.Окунучтуу, ата-энесинин катасына балдары да жооп берип калышты. Кудай берип тигилердин балдары кордук корбой чонойсо экен.



+4
rahatmiku
2017-03-10 18:18:15
Биз негизи эле адамдар толук б илип билбей эле айта беребиз нег чындыкты бир кудай анан куноолонуп жаткан экоо билет биз жанында болбогондон кийин айта албайбыз! Бирок бул эже жердешим болот бирок мен жакындан деле суйлошуп коргон эмесмин куйосу казак экен.Айзада эженин кичинекейинен апасы каза бп огой эненин колунда чоноюптур нег бул эжени бут айыл мактачу угуп алып аябай ж аман болдум бул дагы болсо тагдыр кырсык экен кимибизди к андай кун к утуп турат бир аллахым билет.Мени кылмышкерге
0
nargiza1986
2017-03-13 02:58:14
rahatmiku,огой эненин колунда чонойгон болсо,анда кичинесинде кордук коруп чонойсо психологиясы айныган. Бироонун жашоосун сырттан коргон адам билбейт.андыктан ал эженин кандай экенин эч ким билбейт. Кошо жашаган адам билет. Ал тургай туугандарындын да кандай экенин кошо жашаганда билесин. Ал эми кыздарын ойлогондо бул кылмышты кылбайт болчу. Кантип эки жашар баланы кордогонго колу барды тушунбойм. Манкурттар
+1
rahatmiku
2017-03-10 18:30:01
болушту д ж аман корбогуло болушкан жокмун бул эже жонундо кичинекей кезимдеги укканымды жаздым мен деле жакшы эже ушунчалык ж аман адамга айландыбы д тан калдым. Аябай сулуу эже болчу алысыраак байкелерибиз аябай жакшы коруп журуп жетпей калган 5 чуроктой болгон кыздары бар д айтышат алар дагы энесиз осо т ошол эже жонундо окуп алып ичим ачышып билгендеримди жасып койдум.Ибргимге ден соолук к аалайм байкуш Балага ж аман болду ошон у чун ЭНЕНИ БАЛАДАН БАЛАНЫ ЭНЕДЕН АЙРЫБАСЫН Деп тилейм
+2
rahatmiku
2017-03-10 18:31:56
тируулой жетим калтырган ата энелерге наалат!!!
+1
rahatmiku
2017-03-10 18:42:15
Табаа кылбай тобоо кылып жашайлы
+1
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан