ОШТО МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙДЫН ЖЕТЕКЧИСИ ӨЛТҮРҮЛДҮ. КЫЛМЫШКА 30 МИҢ СОМДУК КАРЫЗ ТҮРТКҮ БОЛДУБУ?

24-февраль күнү Ош шаарындагы май куюучу жайлардын биринде иштеген Абдираим Жапаров аттуу жаран киши колдуу каза болду. Анын өлүмүнө шектүү катары анын колунда 2 жылдан бери иштеп жүргөн кызматкери кармалды. Кылмышка шектүү 30 миң сом үчүн өлтүрүп салгандыгын айтууда.

"КЫЛМЫШ АЛДЫН АЛА ПЛАНДАЛГАН"

Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков окуя тууралуу буларды билдирди:
– 2017-жылдын 24-февраль күнү саат 7:05 чамасында Ош шаардык "Тез жардам" кызматы тарабынан Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 35-40 жаштар чамасындагы адамдын өлүмү тууралуу маалымат түшкөн. Ош ШИИБинин жетекчилиги жана оперативдик тобу аталган жерге барып, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында киши колдуу каза болгон адамдын денеси жатканына күбө болушкан. Маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал 1983-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган Абдираим Жапаров экени белгилүү болгон. Маркум май куюучу жайда улук оператор болуп иштечү экен. Ал башынан жана ичинен алган жаракатынан улам каза болгондугу аныкталган. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 25-февраль күнү бул кылмышка шектелип Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Тарык айылында 1990-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран кармалды.
Каза болгон Абдираим Жапаров менен кылмышка шектүү чогуу иштешип жүргөн. Ортолорунда акча боюнча пикир келишпестиктер болгон экен. Кылмышка шектүү маркумдун үйүнүн жанына барып, ал үйүнөн чыкканда колундагы бычак, арматура менен башына жана ичине уруп, из жашырып качып кеткен.
Ал кылмыш кылардан мурун күнүгө эртең менен каза болгон Абдираим Жапаровдун үйү тарапта чуркамыш болуп, кылмышты пландаштырып жүргөн экен. Окуядан кийин кан болгон кийимдерин жууп койгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"КОРКУТУП КОЁЮН ДЕГЕМ"

Кылмышка шектүү тергөө убагында төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Өлтүрүү максатында эмес, коркутуп коёюн деп гана баргам. Мен барганда ал эшикке чыкты, аны арматура менен 4 жолу урдум, андан соң ич тарабына 2 жолу бычак сайып кетип калдым. Андан 30 миң сом карыз алган элем, бирок ал доомат кылып "40 миң сом бересиң" деп жаткан. Кылган кылмышымды моюнума алам. Ошол учурда эмне кылып жибергенимди билбей калдым.

"ИНИМ БИРӨӨНҮН ЭМГЕГИН ЖЕБЕЙТ БОЛЧУ"

Маркумдун бир тууган агасы Керим Жапаров "эмнеден улам мындай болуп кеткенин билбейм" дейт:
– Иним Абдираим үй-бүлөлүү, 2 эркек, 1 кызы бар. Ал көптөн бери май куюучу жайда иштеп жүргөн. Бизге жумуштары жөнүндө көп айта бербегендиктен, эмне болуп кеткенин түшүнө албай калдым. Акыркы убакта намазын калтырбай окуп жүргөн. Инимди өлтүргөн адамды тааныбайм. Азыр экөөнүн ортосунда акча маселеси болуптур деп айтып жатышат. Иним Абдираим 30 миң сом үчүн мынчалык ишке баргыдай деле кылган эместир ал баланы. "40 миң кылып бер" дегени болбогон кеп, себеби иним антип бирөөнүн эмгегин жей турган адам эмес. Жанда жок боорукер эле. Сот чечимди адилеттүү чыгарып, кылмышкер кылганы үчүн жооп берсин.

"АРТЫМДАН БИРӨӨЛӨР АҢДЫП ЖҮРӨТ ДЕГЕН"

Маркум менен бирге иштеп, дайыма чогуу жүргөн досу Сардарбек буларга токтолду:
– Абдираим экөөбүз 8 жылдан бери таанышпыз. Ал түз жүргөн, бирөөгө жамандыгы жок адам эле. Аны өлтүрдү делип кармалган баланы өзү жумушка алып, жакшы эле иштешип жүргөн. Экөөнүн ортосунда буга чейин эмне болгонун билбейт экем. Бир ай мурун Абдираимдин жумушуна барсам, аны өлтүрдү деп жатышкан баланын машинасы токтоп туруптур. Сурасам, Абдираим "аны жумуштан айдап жибердим. Жумуштан туура эмес иштерди кылып жиберген, ошого машинасын алып калдым" деген эле. 15 күн мурун досум экөөбүз жолугуп, чайканага барып отурганбыз. Ошондо ал "артымдан бирөөлөр аңдып жүрүшөт, подъездге чыксам же сыртка чыксам кошо чыгып жаткандай сезилип жатат, негизи бир нерсе эле болуп жатат" деп койгон.
Акыркы жолу экөөбүз 23-февраль күнү түштө чогуу тамактанганбыз. Анан эле эртеси багымдат намазына жөнөгөндө өлтүрүп салышпадыбы... Мен досумду өлтүрдү делип жаткан бала менен бир-эки жолу сүйлөшкөм. 30 миң сом акча үчүн досум деле ага жаман сөздөрдү айтып же башка нерселерди кылбайт болчу.

"МЕНИН ОЮМЧА, ЖАЛГЫЗ АЛ БАЛАНЫН КОЛУНАН КЕЛМЕК ЭМЕС"

Маркумдун аталаш иниси Арстан агасы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
– Кылмышка шектелип кармалган баланын байкемдин кол алдында иштегенине 2 жылдан ашып калган. Аны жардамчы кылып алгандыктан, ал агамдын бардык иштерин аткарып жүргөн, башкача айтканда, оң колу болчу. Абдираим байкем дагы ага абдан ишенип, көп жардам кылып, айылга салган үйүнө дагы көмөктөшүп жүргөн.
Ал бала документтерди башкача толтуруп жүргөнү билинип калып, байкем аны ушул жылдын 5-январында жумуштан кетирген. Көп суммадагы акча карыздар болгону үчүн ал машинасын таштап кетиптир. Эгерде 30 миң сом карыз болсо, анда унаасын таштабайт эле да. Эми болсо "30 миң сом карызымды 40 миң сом кылып бер деген" деп актанып жатат. Агам андай акчаларды сурамак түгүл жетим-жесирлерге жардам катары эле берип жүргөн. Буга чейин дагы агам жумуштан кечинде келе жатса, подъезддин ичинен 2 адам кол көтөрүп, бирок ойлору ишке ашпай, байкем да аларды кармаганга жетишпей калыптыр болчу. 24-февраль күнү эртең мененки 6:45те үйдөн чыкканда подъезддин алдынан өлтүрүп кетишиптир. Мага жеңем телефон чалып айтканда саат 7де жетип бардым. Бирок байкем үзүлүп кетиптир, эч кандай жардам кыла албай отуруп калдык. Менин оюмча, жалгыз ал баланын колунан келмек эмес, шериктери дагы бар болушу мүмкүн.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Tunerbei1812
2017-03-08 16:54:59
Жаны бейиште болсун. Бул акчанын эле жанжалынан болгондугу анык.
+1
Prokuror
2017-03-08 17:36:40
Мен бул маркумду тааныйт болчумун. Маркумдун "акча аркасынан чуркаба жетпейсин, жумушту мыкты аткар акча сени озу кууп жетет" - деген созу менин кулагымда азырга чейин жанырып журот. Бул маркум эл арасында эн жакшы мамиледе жургон жакшы инсан болчу. Жайы жаннатта болсун.
+21
Elzira.91
2017-03-08 19:45:27
Багымдат намазына бара жатып каза болуптур,демек Алланын жолуна баратып каза болуптур,бул адамды Алла Таалам шейит кылган болсун,Алланын жолунда каза болгондорду Шейит болот деп укканым бар,ошол соз чын болсо,бул маркум Шейит болгон болсун,ал эми кылмыш кылган зоокурдун бул дуйнодо жазасын бере албай калыштыго,тааныштары кучтуу болсо,биздин соттор акчан болсо кулунмун болуп калышкан бул дуйнодо адилеттик издоонун кереги жок,чыныгы дуйнодо адилетти оз козун менен коросун,туугандарына Сабыр тилейм
+8
nakiw
2017-03-08 21:55:09
Мактаса татыган жигит болчу действительно 30 40 минге майлаланган жигит эмес эле.бироого жардам бергенди суйот эле.жайын жаннаттан болсун.
+5
kg01-lt
2017-03-08 22:43:04
Абдираим ага мыкты жигит эле, жараткан жаткан жерин бейиштин бакчаларынан кылсын, уй-булоосуно сабыр канаат берсин аамин
+4
Gulzina1993
2017-03-09 19:10:58
Алла Таалам баарыбызга тынчтык берсин, уй булосуно сабырдуулук тилейм
+1
tumann.
2017-03-09 20:57:10
Маркумдун бул дуйносун зоокур алыптыр, зоокурдун акыретин маркум алыптыр. Жайы туболуктуу ырахатка толгон Жаннаттын бакчаларында сызып журсун. Негизи шейит женил жан берет экен.Бул беш кундук омур отот кетет. А акыреттеги эсеп китеп оор. Акырет дуйно сурагы Пайгамбарлардын да чачын агарткан экен.
+3
Asyl10
2017-03-10 18:00:34
Жаткан жери жайлуу болсун. Жапжаш мырза экен,тиги ХХХ 30 мин сомго баалаптыр да адам омурун, ылайым турмодо жок болусун уч баланы чыркыраткан ХХХ. Жакшылыкча эле суйлошуп,адамкерчилик менен ошол 30 мин сомдук келишпестикти бутурсо болмок да, Азыр адамдын омуру бир тыйынга деле тете болбой калган заман. Эмне болуп баратат адамзат?Ата-энесине жана жубайына кыйын болду, сабыр берсин эми Кудай. Акча учун адам олтургон зоокурлого мин наалат.
0
munduz2016
2017-03-11 07:37:20
Жакындарына Алла сабыр берси.
0
ilgis1991
2017-03-12 03:02:11
А балким 300.000сом карыздыр.30.мин эмес.Неси болсо да туура эмес кылыптыр.
-1
Aziz_9292_kg
2017-03-12 14:57:22
Уйбулосуно сабыр берсин. Акча колдун кири бугун бар эртен жок карыз болсода адамгерчилик болуш к.к эле адамда турмодо чириш к.к ал
0
AKCAHAT
2017-03-13 12:35:36
Коркутуш учун бычак сайабы ? Адамдан откон жырткыч жок.
+1
aks_77
2017-03-13 13:06:09
Окунучтуу!
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан