КӨРҮҮ КОМПЬЮТЕРДЕ УЗАК ИШТӨӨДӨН БУЗУЛАТ

АЛЫСТЫ ЖАНА ЖАКЫНДЫ КӨРБӨЙ КАЛУУНУН БАШКЫ СЕБЕПКЕРИ – КӨЗДҮН КАБЫГЫНЫН ЖУКАРЫШЫ

Биздин көзүбүздүн чарасы (глазное яблоко) тоголок болот. Биз жакынды караганда көз чарабыз алдыны көздөй чоюлат. Алысты караганда ал кайра артка тартылып, көз чарасы өз формасына келет. Калыптагы көз ушинтип иштеп турат жана биз алыстагы же жакындагы эмнени болсо да карабайлы, анын элеси көз торчосунда дааналанат. Бирок кайсы бир себептерден улам көз чарасын тартып туруучу кабыкча (склера) начарлап, жукарып калганда көз чарасы кайра артка тартылбай, ордуна келбей калат. Мындайда адам алысты караганда заттардын элеси көз торчосунда эмес, анын алды жагында дааналанып баштайт. Бирок аягына чейин так дааналанбай, элес калкып турган сыяктуу (же тумандагандай) болуп калат. Бул алысты көрбөй калуучулук же миопия (близорукость).
Ал эми жакынды көрбөй калуу эмнеден болот? Мында заттардын элеси көз торчосунун артында дааналанып баштайт, бирок так дааналанбай калкып калган сымал болуп калат. Бул жакынды көрбөй калуучулук же гиперметропия (дальнозоркость).

АЛЫСТЫ КӨРБӨЙ КАЛУУ

СЕБЕПТЕРИ

  • Көзгө көп күч келгендик (узакка китеп окуу же дамамат компьютердин же телевизордун маңдайында отуруу)
  • Тукум куучулук
  • Ара төрөлүү
  • Көздүн булчуңдарынын начар иштеши
  • Оорулар: кант диабети, аллергия, сасык тумоо, ОРВИ, пневмония, аллергия (оорунун айынан көздө зат жана кан алмашуу начарлайт да, акырындап склеранын түзүлүшү бузулат)
  • Чечекейдин склерозу (улгайган кезде)
  • Дары-дармекти көп колдонгондук
  • Көздүн жаракаты

НЕГИЗГИ ТҮРЛӨРҮ

  • Тубаса (өтө чанда кезигет)
  • Жалган түрү (бул кирпик булчуңдарынын тонусу жогорулап кеткенде болот да, тонусу калыпка келгенде жоголот)
  • Кечкисин алысты көрбөй калуучулук (жарык жетишерлик болбогондо көрбөй калат да, жарык жакшы болгондо көрүү деңгээлине түшөт)
  • Күчөп, татаалдашып кеткен (склера жукарып, айрылат же көзгө кан куюлуп, кан уюп калат жана башка. Натыйжасы толук көрбөй калууга жеткирет)
  • Өнүгүп отуруучу (убакыттын өтүшү менен аз-аздан күчөп отурат)

ДАРАЖАЛАРЫ

  • Төмөнкү даража: -1ден -3 диоптрийге чейин
  • Ортоңку даража: -3төн -6 диоптрийге чейин
  • Жогорку даража: -6дан жогору диоптрий

КӨРҮҮНҮ КОРРЕКЦИЯЛОО

  • Көрүүнү оптикалык коррекциялоо. Офтальмологдор көз айнек же контакттык линза сунушташат. Аларсыз көрүү начарлай берет. Көрүүсүнүн даражасына жараша адам көз айнекти дайыма же убактылуу (бир нерсени кароо, көрүү керек болгондо) пайдаланышы мүмкүн.
  • Көрүүнү хирургиялык коррекциялоо:

Склеротерапия. Көздүн жукарган чел кабыгынын үстүнө жасалма чел кабык жабыштырылат. Мындан көздүн кан тамырлары көбөйүп, көз кан жана керектүү азык-заттар менен жакшы жабдылып, көрүүнүн андан ары начарлашы токтойт.
Лазердик коррекция. Аппараттын арты менен көздүн сыртындагы тунук кабыкчанын бир катмары алып салынат. Жыйынтыгында жаңы катмар өсүп чыгып, көрүү жакшырат. Кээ бирлер көз айнексиз көрүп калат.

Дарылоо

  • Негизинен дары-дармек, витаминдер, ошондой эле физиотерапия, көзгө гимнастика жана пневмомассаж жана башка жүргүзүлөт.

ЖАКЫНДЫ КӨРБӨЙ КАЛУУ

КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ ТӨМӨНКҮЛӨР:

  • Жаштын өтүшү, карылык. Жашыбыз 40-45тен ашкандан кийин көздүн булчуңдарынын иштөөсү начарлайт. Бара-бара чечекейдин формасы өзгөрөт да, адам жакынды жакшы көрбөй, алысты жакшы көрүп баштайт.
    Көрүү андан да начарлап кетпеши үчүн көз айнек тагынып, көрүүнү курчутуучу азыктарды жеп, көзгө көнүгүүлөрдү жасап туруу кажет. Көрүү абдан начарлап кеткенде хирургиялык ыкма сунушталат.
  • Тубаса. Канча бир пайыз балдар көз алмасы калыптагыдан кичирээк төрөлөт. Бирок алардын айрымдарынын чоңойгон сайын көз алмасы формасына келип, жакынды көрбөй калуучулук жоголот. Кээ бириники өзгөрбөй кала берет. Бала көрүүнү коррекциялоочу көз айнек тагынуусу (же контакттык линза) же операция жасатуусу керек болот.

ДАРАЖАЛАРЫ

  • Төмөнкү даража: +1ден +3 диоптрийге чейин
  • Ортоңку даража: +3төн +6 диоптрийге чейин
  • Жогорку даража: +6дан жогору диоптрий

КӨРҮҮНҮ КОРРЕКЦИЯЛОО

  • Лазердик коррекция
  • Чечекейди жасалмасына алмаштыруу
  • Кератопластика жана башка

Жакынды көрбөөчүлөр жакындан бир нерсени карап иштөөдө нервдерине күч келип, баштары ооруйт. Андыктан врачтын кеңешин күндөлүк жашоодо эске алып, пайдалануулары керек.

ДАРЫЛОО

Дарылоодо биологиялык активдүү кошулмалар, көздү машыктыруучу атайын көз айнектер, дары-дармектер, витаминдер жана башкалар колдонулат.

АЛЫСТЫ КӨРБӨЙ КАЛУУДА КӨРҮҮНҮ ОҢДОО ҮЧҮН КӨНҮГҮҮ

(Көнүгүүнү 1-күнү 3 ирет жасап, кийинки күндөн тартып санын көбөйтүп, акыры санын 7ге жеткирүү керек)

1. Солго, оңго тиктейбиз.
2. Көздү болушунча чоң ачып, жумабыз.
3. Өйдөгө, ылдыйга тиктейбиз.
4. Көздүн кыйыгы менен өйдөдөн төмөнгө, төмөндөн өйдөгө карайбыз.
5. Эки көзүбүздү оң, солго тегеретебиз.
6. Эки көздү мурун тушка алып келип, кайра калыпка келебиз (ар бир көнүгүү 2 сыйрадан жасалат).


ЖАКЫНДЫ КӨРБӨЙ КАЛУУДА КӨРҮҮНҮ ОҢДОО ҮЧҮН КӨНҮГҮҮ

(Көнүгүүнү 1-күнү 3 ирет жасап, кийинки күндөн тартып санын көбөйтүп, акыры санын 7ге жеткирүү керек)

1. Көздү бекем 2 секунд жумуп, кайра ачасыз.
2. Көздү ачар менен бат-бат 1 мүнөт ирмегилейсиз.
3. Өйдөнү, ылдыйды, оңду, солду карайбыз.
4. Көздү оңго, солго тегеретебиз.
5. Көздү жумуп 3 секунд турабыз.
6. Көздү ачып, көнүгүүлөрдү кайра баштайбыз.

КӨРҮҮНҮН БУЗУЛУШУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Компьютер менен иштөө убактысы окуучуларга 15-30 мүнөт, чоңдор болсо ар 2 саат сайын тыныгуусу жана көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасоосу керек.
  • Компьютерден 50-60 сантиметр аралыкта отуруу кажет.
  • Эмне менен алектенгиңиз келсе да, жарык жакшы тийип турган жерди тандаңыз. Болбосо көзгө күч келет.
  • Көрүүнү жакшыртып жана курчутуучу азыктарды, мисалы, черника жана андан жасалган витаминдер, сабиз,өрүк, деңиз балыгын, уйдун тилин, үндүк жана коён этин, жашылчаларды, укроп, петрушканы жана сүт азыктарын көп жеңиз.
  • Китепти же дептерди көздөн 35-40 сантиметр аралыкта кармап окуңуз, жазыңыз.
  • Көрүү бузулбаш үчүн жатып алып жана унаада кетип баратып китеп, гезит окубоо керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Alpengold.
2017-03-08 23:19:16
Жакшы кенеш экен рахмаат
+1
-Sumitra-
2017-03-09 14:41:22
Миопия высокой степениде склеротерапия же лазердик коррекциялоодо жакшы коруп кеткен адамдар барбы?Супер ушул жонундо маалымат алып бергилечи.Жана канча акча каражаты кетет?Рахмат!
0
admin_superstan
2017-03-09 15:11:53
-Sumitra-, саламатсызбы? Суранычыңыз тиешелүү бөлумгө жеткирилди, рахмат.
0
ggvatua
2017-03-11 03:37:01
Тренажер массажер коз айнектерди колдонуп жакшыргандар болду бекен:Ушул туурасында да маалымат берип коюнуздарчы?админ суперстан!!!
0
Baatur7777
2017-03-12 15:29:10
Балык гана жетишпейт экен да)))
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан