Маектешим "редакцияга келдим" дегенинен сыртка чыгып тосуп аларда этно кийим кийген, бет кап тагынган ырчы турса керек деп ойлогом. Коногумду издеп эки жагымды карасам, бет капчан эч ким көрүнбөдү. Маңдайымда салабаттуу, сарысынан келген мырза турган. Шашканымдан "Улан мырза, сизби?" деп суроо салдым. "Ооба" деген анын жообу мен күткөн элестерди такыр эле башка нукка бурду.
– Кандайсыз, Улан мырза? Жакшы келип алдыңызбы? Маегибизди жеке жашооңуз, үй-бүлөңүздөн баштасак...
– Рахмат, жакшы. Мен айтпай жүргөн сөздөрүмдү айттырайын деп жатасызбы (күлүп). Негизи эле маектешкенге жакын эмесмин. Учурда 4 балам бар. Жеке жашоомду эч кимге таңуулабайм, элге жарыя кылбайм деген түшүнүк менен жашайм. Досторум айтып калышат "сен чүмбөт кийгендей эле жашоодо да башкачасың" деп. Чындыгында менин баскан-турганым, жашоо стандартым башкача. Стандарттан чыгып, жаңы нерселерди жасап, өзүмдүн жашоо формуламды түзөм.
– Анда чыгармачылыгыңызга кайрылсак, өлкөбүздө актуалдуу маселе жаралганда ырдап чыгасыз. Себеби эмнеде? Дегеним, авиакырсыктан кийин "Сур булутту аралап" деген ырыңызды уктук, буга чейин "Карындаш" жана башка таасирдүү ырларды жараткан элеңиз.
– Чынын айтсам, "Карындаш" деген ырым азыр деле актуалдуу. Көпкө чейин актуалдуулугун жоготпойт десем болот. Ал эми "Сур булутту аралап" аттуу чыгармам кырсыктан улам жазылды. Көңүлүмө катуу тийди. Ошондуктан кайгымдан жаралган, кайрат айтуу иретиндеги чыгарма болуп калды. Алгач үй-бүлөмө, досторума ырдап берсем, "элге алып чык" дешти. Анан отуруп алып кереги барбы, жокпу деп аябай ойлондум. Жакындарын жоктогондорго кайрат айтуум, жүрөктөн чыккан кошумчам болсун деп ырдап чыктым.
– Ушул чыгармаңызга байланыштуу суроо. Клипте бет кабыңызды чечип ырдаптырсыз. Мындан кийинки ырларыңызда, клиптериңизде сиздин жүзүңүздү көрөт окшойбуз?
– Жок, андай болбойт. Менин бет кабым – бул сахнадагы образым. Ал эми "Сур булутту аралап" деген ырым кокусунан жаралган. Жоготуу, кайгы, кайрат айтуу максатында жазылгандыктан бул жерде калыптанган образдын кереги жок болду.
– "14 жашымдан бери ыр жазам" дегениңизди уккан элем...
– Мурда ыр жазгандан кийин күндө эртең менен туруп алып жазган ырымды кайра-кайра окуп чыкчумун. Бир жумага чейин ошол нерсени кыла берет элем. Эгер жакпай калса баракты айрып, ыргытып таштачумун. Өзүмө өзүм катуу сынчы болгондуктан, ырларымдын маанисине кылдат карайм. Мындайча айтканда, сүттүн бетиндеги каймагын алам. Мага саны эмес, сапаты керек. Кийин менин балдарымдын, урпактарымдын эл арасында жүзү жарык, башы өйдө, сөзү бийик болуусун каалайм. Маанисиз, орунсуз ырларды ырдап, балдарыма сөз тийгизгим келбейт.
– Чыгармачылыктан алыстабай ырларды жазып жүрүптүрсүз, эмнеге сизди сахнадан, экрандан айда-жылда бир көрөбүз?
– Бут тосуулар. Бул башынан эле болуп келе жаткан көрүнүш. Андай тоскоолдуктардын миллиондогон варианттары бар. Эң алгачкы ырым "Диджейканы" Алматы шаарынан кассетага жаздырып келгем. Бул жакта бир да таанышым жок же өзүм таанымал эмесмин. Бир күнү "Ош базарына" барсам, кыргыз эстрадасынын ырлары жаңырып жатыптыр. Ал жерде кассета сатышат экен. Бардым да "ырды угуп көргүлө" десем, "сен кимсиң?" дешти. "Болгону ырды уксаңар" деп, кассетаны таштап кеткем. 2-3 жумадан кийин барсам, ырым жаңырып жатат. Аябай таң калгам. 2003-жылдагы пиардын булагы "Ош базары" эле. Ошондон кийин радиого чакырышкан. Бирок бул деле узакка созулган жок. Ырларымды алып барсам эле "сиздин ырларыңыз форматка туура келбейт" деп коюшат.
– "Шоу адамдарын күйөрмандары багат" дешет. Каражат жаатында маселе сахнадан оолак жүргөнүңүздүн таасири эмеспи?
– Чыгармачылыкка кадам таштагандан бери эле мага кысым көрсөтүлүп келген. Бул тармактан жарыган деле акча тапкан жокмун. Бизде шоу-бизнес деген той-бизнеске айланды. Ырчылар концерт берсе, андан түшкөн акча чыгашаны жапканга жарайт. Мунун себеби калкыбыздын саны аз. Ал эми киреше тойдон гана болот. Чакыруу болуп калганда тойлорго барам. Андан тышкары жеке ишкерлик менен алектенем. Кудайга шүгүр, ошол тапканымдын берекеси болуп, үй-бүлөмдү багып жатам.
– Өзүңүздү рэп ырчысы деп эсептебегениңиздин жөнү болсо керек?
– Сахнага чыгуудан мурун рок, поп, рэп жанрындагы ырларды жазгам. Бул өзүмдү сыноо болчу. Кайсы жанрдагы ыр жакшы болсо, ошол багытта ырдайм дегем. Тандоодо рэп өтүмдүү болду. Бирок менин ырларымды рэп деп айтууга болбойт. Стили рэп болгону менен, ыргактары нукура кыргызча болуп жатат. Бул менин ойлоп тапкан жаңылыгым.
– Сөзүңүздү бөлөйүн, аталышы барбы?
– Аталышы этноакын Тата Улан, болду (күлүп).
– Кайталанган суроолордун бири. Эмнеге Алматыдан Кыргызстанга келдиңиз, кыргыз тилин кантип үйрөндүңүз?
– Ошону айтсаң. Досторум айтышат "эмнеге келдиң, казак жеринде эле ырдап, иштеп жүрө бербейт белең" дешип. Чындап эле казакча билем:
Мен де бардым Стамбулга,
Мен де бардым Мальтага.
Жетпейди гой Ыстык-Көлге,
Олай жер жок картада...- деп ыр жазып жүрө берсем болмок. Бирок жазган жокмун, ырдаган жокмун. Кудайга шүгүр, балалыгым Алматыда өттү. Рахмат суусуна, тузуна. Нааразы эмесмин. Себеби көкүрөктө кыргыз деген тамгалар, канымда кыргыздын каны бар. Баарын таштап Ата Журтума келе бердим. Ал эми кыргыз тилин үйрөнгөнүмө "Манас" эпосу чоң жардам берди. Таятам Татанын китептерин алып окудум. Ошондон баштап нукура кыргызча сүйлөй баштадым. Биринчи томдон 50 баракты кайра-кайра окуй бердим. Себеби такыр түшүнчү эмесмин. Анан башымда бир лампочка күйгөндөй болуп түшүнө баштадым. Ошондо "Алча" деген ырымды жазгам.
– Биринчи никедеги балаңыз менен катташып турасызбы?
– Жүрөктү ооруткан суроо болду. Бул тагдыр экен. Менин бир нааразычылыгым, балам менен катышам десем, апасы макул болбой, "18 жашка чыкканча көрсөтпөйм" деп койду. Кызганып жатат. Канткен күндө деле атасымын да. Бул кылганы туура эмес. Мен атасыз чоңойгом, баламдын акыбалын түшүнөм. Апам мага "атаң менен көрүшпө" деп тыюу салган эмес. Атам апам менен ажырашканы аздай, мени менен да ажырашкандай болгон. Мага аябай кыйын болгон, анткени ак-караны түшүнүп калган кезим болчу. Каныбыз бир болгондон кийин кечирип, азыр катташабыз, неберелерин жыттатып турам дегендей. Эми балам мага таарынбайт деп ойлойм. Мен баш тарткан жокмун да. Инилери бар, ошолор менен таанышып, жалгыз болбосун дегем. Бирок биринчи келинчегимдин тандоосу ушундай болду.
– Жакын арада элиңизди кандай жаңылык менен кубантайын деп турасыз?
– Азыр жаңы форма таап алдым. Эми мен башкача образда чыгам. Кийимим, бет кабым да алмашат. Буюрса, жакынкы күндөрү кийип чыгам.
– Маегиңизге рахмат.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg