«ЖАЛГЫЗ УУЛУМДУН ОПЕРАЦИЯСЫНА АКЧА ЧОГУЛТАМ ДЕП ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП КАЛДЫМ»

"Учурда бир эмес, эки көйгөйдү чече албай жүрөм. Бир жагынан жалгыз уулумдун операциясына акча чогулта албай жатсам, экинчи жагынан батир азабынан тажадым",- деп кайрылды Айсада Жумабаева аттуу каарман. "Үйүм 2 жыл мурун кошунамдыкынан чыккан өрттөн улам жараксыз болуп калган. 21 жаштагы балам Арген эки бөйрөгү жабыркагандыктан анын операциясына тилемчилик кылып, кайдигер карабаган адамдардан жардам сурап жүрөм",- дейт ал. Үмүттүү караган каармандын көздөрү зээнимди кейитти. Башына оор сыноолор келгенине карабай карманып, кайраттуу жүргөнүнө баа бердим.

"АКЧА ТАБАМ ДЕП 19 ЖАШЫНДА ОРУСИЯГА КЕТКЕН"

Айсада айым учурда жалгыз бой эне. Балдарынын атасы менен уулу боюнда бар кезинде эле ажырашып кетишкен:
– 21 жылдан бери 2 кыз, 1 уулду жалгыз багып чоңойттум. Жолдошум тууралуу эстегим да келбейт. Бир бөлмөлүү үйдө улуу кызымдын үй-бүлөсү менен чогуу жашачубуз. Уулум мектепти 9-класска чейин Сокулук районунун Шопоков шаарындагы №1 мектебинде окуп, кийин акча табуу үчүн ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдү. Ал мындай жашоодон тажап, 2 жыл мурун 19 жашында Орусияга иштегени кеткен. Ошондон көп өтпөй таңга маал кошунабыздыкынан өрт чыгып, үйүбүз, болгон оокатыбыз өрттөнүп кетти. Неберем ыйлап калбаганда күйөө балам менен кызым иске ууланып жан бермек экен. Өкмөт 3-4 жолу азык-түлүк менен камсыз кылып, бир айлык батир акысын, анан 10 миң сом берди. Бул акча документтерди жасатууга эле кетти. Батирден батирге көчүп, 6 батир которуп жибердик.
Ошентип мен баламдын артынан Москва шаарына иштөө үчүн жөнөдүм. Баргандан 10 күн өтпөй балам дайынсыз жоголду. Сарсанаа болуп, чалбаган, барбаган жерим калган жок. Акыры аны депортацияга киргендердин тизмесинен таптым. Ал жактагылар "банкка 15 миң рубль төлөп бизге дүмүрчөгүн көрсөткүлө, анан балаңарды учурабыз" дешти. Мен акча издеп тапкыча балам бир жарым ай ошол жакта жатып калды. Акчаны эптеп таап бергенде гана уулум Кыргызстанга учуп кетти. Мен ошол жерде иштеп калууну туура көрдүм. Мен жокто балам үйгө баргысы келбей, унаа жуучу жайда иштеп, ошол жакка түнөп жүргөн экен. Эжеси чалып "үйгө келбейсиңби, каяктасың?" десе, "досторумдун үйүндөмүн" деп койчу экен. Анан буту суу болот, сыз өтөт, жаш болуп этибар албай иштеп жүрө бериптир.

"БАЛАМА БИР БӨЙРӨГҮМДҮ БЕРИП, МАЙЫП БОЛУУГА ДА КАЙЫЛМЫН"

Орусияда иштеп жүргөнүмдө көп өтпөй кызым "апа, тез келип калыңыз, иним реанимацияга түшүп калды" деп чалып калды. Келсем кырылдап энтигип, башын көтөрө албай ооруканада жатыптыр. Дарыгерлердин айтымында, өпкөсүнө суу толуп, эки бөйрөгү тең өнөкөт ооруга чалдыгыптыр. Гемодиализге алып баралы десек баары бош эмес, ал аппараттын кызматы да 6000 сом турат экен. Дарыгерлер коркуп кетип өпкөсүн тешип жиберишиптир. Чырактай болгон балам өңү бозоруп жатып калды. Жүрөгүм түшүп өлүп калабы деп да ойлоп кеттим. Мен келгенден кийин дагы 4 күн аппарат жок жатты. Дарыгерлердин башчысына чейин кирип, "айланайын, силерде деле бала бар, тапкыла" деп буркурап ыйлап суранганга чейин бардым. Акырында өзүмдүн бир тууган агам менен жеңем башка жактан гемодиализ аппаратын таап, уулумду алып кетишти. Мен ал аппарат менен бир жолу дарыланып койсо бүттү экен деп ойлоптурмун. Көрсө, ал аппарат болмоюнча заара сыртка чыкпайт тура. Акыркы 2 жыл аралыгында моюнунан байланган итке окшоп аппаратка көз каранды болуп келе жатат. Азыр жумасына 21 миң сом гемодиализдин аппаратына төлөп турам. Бирок анын зыяны бар да.
Өткөндө жүрөгүнүн согушу жайлап калганын байкадым, сөз көтөрө албай ачуулуу да болуп калды. Өзүмдүн жалгыз агам менен жубайы колунан келген жардамын беришти. Бул жалган дүйнөдө биз акчанын кулу экенбиз, баары эле акчаң болсо карайт, болбосо карабайт. Айлам кеткенде гезиттерге, сайттарга жардам сурап кайрылдым. Акырында тилемчиликке өттүм. Азыр "Дордой", "Ош базарын" кыдырам. Мени элдин көпчүлүгү таанып калышкан. Өкмөттөн тынымсыз жардам сурап, Түркиядан бекер операция жасатуу мүмкүнчүлүгүн алдык. Операциясы акысыз болгону менен, жатаканага, котормочуга төлөнүп, операциядан кийин ай сайын 30 миң сомго дары алып ичет экенбиз. Баш-аягы 10 миң доллар каражат керек болууда. Анын 6 миңи чогулуп, 4 миң доллары жетпей жатат. Калайык калктан жардам сурайт элем.
"Заара ушатканыңарга шүгүр дегиле, 100 доллар төлөп заара ушаткандар бар" десе мен таң калчу элем. Азыр баламдын заарасы чыкпайт, тамчы дагы. 4 литр канды аппарат тазалап кайра башка түтүкчө менен денесине таратат. Бир жумада 3 жолу гемодиализге барат. Диеталык тамактар менен гана азыктанат. Көбүрөөк тамактанып же суу ичип койсо дароо кыйналып чыгат. Баскан-турганы, сүйлөгөнү, акыл-эси жайында. Мен уулума бир бөйрөгүмдү берем, балам да биринчи топтогу майып, мен дагы майып болсом мейли. Ошого да кайылмын, батирлеп жүрөм, ага дагы кайылмын.

"БАЛАМ ӨЗҮ БАЛА КЫЯЛ, ИЧИНДЕ КИРИ ЖОК"

– Бул дүйнөдө эң жаманы балаң "апалап" ыйлап турса сенин колуңдан эч нерсе келбесе, андан өткөн азап жок тура. Тилемчилик кылып отурганда кээ бири жакшы айтат, айрымдары көңүлүңдү калтырат. Бир жолу суукта бир аял "ушинтип коробка көтөрүп тилемчилик кылгандан көрө иштебейсиңби" дейт. Ушундай ызаланып ага "мен мындан да суукта Орусияда иштегем. Тилемчилик кылганды каалап жатат дейсиңби? Айла жоктон, балам ооруп калган үчүн бул жакка келип жатам" дедим. Мындай тагдырды душманыма да каалабайт элем.
Менин коробка көтөрүп жүргөнүмө баламдын боору ооруйт. Кээде жатып алып ыйлайт. Эмне кылат, тагдыр ушу экен да. Эртерээк операция болуп айыгып кетүүнү кыялданат. Мени баксам, үйлүү болсок деп тиленет, иштейт элем деп умтулат. "Айыгып кетсең баары болот" дейм. Эми дарыгерлер "эже, операциядан кийин дагы ири суммадагы акча кетет. Силер азыркы эле операциясына акча таппай кыйналып жатасыңар, кийинки дарыларына кантип табасыңар?" деп да чыгышты. Мен андай сөздөргө көңүл бурган жокмун. Балким, ушул гезиттен окуп калып, жардам берем дегендер чыгып калабы деген үмүттө кайрылып жатам.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Уулума операция жасатыш үчүн тилемчилик кылууга аргасызмын"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
baltabai
2017-03-09 14:13:45
Жардам берейли
0
jonne
2017-03-09 17:56:14
Аргенге аллахым шыпаасын берсин ...жардам берели туугандар кобу чогулуп азы калыптыр мен дагы салам кудай буйрса
+3
ulan7676
2017-03-09 20:14:12
Козундон жаш тамчылаткан создор экен. Меенетти берген Аллах шыпаасын да береер. Жараткандын сыноосуна туруштук берсениз бул кундор туш коргондой болуп кетет. Жашоонун жарымы карангы болсо жарымы жарык.
0
010288
2017-03-09 21:49:01
Аллахым дартты шыпасы менен берсин.сакайып кетиниздер.
0
zafar.kgz92
2017-03-10 00:19:21
Бул дуйно ушундай экенда Адам баласына кыйынчылыка толо экен АЛЛАХ ОЗУ шыпаасын берсин оооомин!
-1
Doni99
2017-03-10 07:35:55
Эхх эненин журогу
0
nazel
2017-03-10 12:45:36
Ыйлагым келип кетти Аллахым шыпаасын берсин.
0
Meerim1807
2017-03-10 14:49:57
Аллах шыфаасын берсин баланызга.Атка минерлер бири-бирин соттошкончо ушундай муктаж болгондорго жардам берсе.Олкобуз учун жакшы болмок
+1
orbit89
2017-03-11 02:33:14
Буйруса баланыз жакшы болуп кетет Мен Стамбулга жакын жердемин жанынызга келем колуман келген жардамды берем бул менин номерим 05395266979 эже байланышыныз келгенинизде
+2
Ayka0696
2017-03-11 16:27:40
Кудайым шыпасын берсин.
0
Qnet
2017-03-11 22:07:00
Эже мага чалыныз 0704222525 колдон келген жардамды беребиз буйурса
+2
Aku.02
2017-03-12 00:11:38
Аллахым шыфаасын берсин,Сабр кылып чыдап турсаныз буюрса баары жакшы болот эже,Аллах Таалам боорукер ал эчкимди унутпайт,Кудайым Буюрса баланыз айыгып кетет.
0
Girl1996
2017-03-13 09:57:14
мен ушул эжени Хадис академиянын алдынан көрдүм окшойт адашпасам, эрттереек окуганымда...
Аллахым өзүңүзгө күч кубат, балаңызга ден-соолук берсин. Сабыр кылыңыз
+1
Doni99
2017-03-13 11:30:58
Bul ejeni men koop kordum
Allah shypaasyn bersin
0
bolsunalban
2017-03-15 02:57:57
Аллах шыпаасын берсин!
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан