"Атанын керээзи" тасмасы 1-9-февралда Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Азия фильмдеринин арасынан баш байгени жеңип алган эле. Фильмдин башкы каарманы Иман Мукулдун айтымында, 14 тасманын ичинен алдыга суурулуп чыккан. Андан көп узабай 16-23-февраль күндөрү бул тасма Индиянын Патна шаарында өткөрүлгөн "Golden Bodhisattva Award" эл аралык фестивалында дагы бир баш байгени эңип кетти. Мындан сырткары март айынын башында аталган тасма Орусиянын "Ника" киносыйлыгына "КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясы боюнча талапкер болду.
"Ал эми Руслан Акун тарткан "Апамды издеп" тасмасы учурда Казакстандын көпчүлүк шаарларында көрсөтүлүп, сатыкта алдына эч бир кинону чыгарбай келе жатат. Муну казактардын жалпыга маалымдоо каражаттары да белгилешти. Коңшу өлкөдөгү кесиптештерибиз бардык кинотеатрларда аншлаг болуп жатканын айтып, "эл казак тасмасы деп барып, кинону көрүшкөн соң кыргыздардыкы экенин билип жатышат. Учурда Тауекел Мусилимдин жылдызы жанып жатат" дешти.