"Азия Микс» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров Москвада өтүп жаткан КВНдин Премьер-Лигасында калыстык кылууда. Эльдияр Кененсаров менен байланышканыбызда 28-февралда башталган оюндун жүрүшү тууралуу буларга токтолду:
– Ооба, мен азыр КВНде калыстык кылып жатам. Бул мен жана менин үй-бүлөм, биздин команда үчүн, жалпы эле кыргыз эли үчүн чоң сыймык деп ойлойм. Анткени Орусиянын 1-каналында отуруп башка өлкөлөрдөн келген командаларды баалоо чоң жетишкендик. Бир кезде мен оюнчу катары сахнада ойносом, азыр оюнчулардын тагдырын чечүүчү ролду аткарып жатам. Бүгүн менден "калыс катары өзүңүздү кандай сездиңиз?" деп сурашты. "Мага калыс болгондон көрө оюнчу катары сахнада ойноо психологиялык жактан жеңил экен" дедим. Анткени сахнада эмне айтарым, кандай кыймыл-аракет кыларымдын баары белгилүү, ага көнүп да калгам.