«УРМАТ, МЕН СИЗДИН ТУМАР КЫЗЫҢЫЗ БОЛСОМ ДЕЙМ»

Саламатсызбы, Урмат. Мен бул дүйнөдөгү пенделердин арасында жашаган, бирок, башкаларга тааныш эмес сезимдерге ээ болгон бир байкушмун. Мен сизди биринчи жолу көргөнүмдө “эркек адамга мынчалык сулуулуктун эмне кереги бар?” деп ойлогом. Сиздин ошондогу элесиңиз түбөлүккө жүрөгүмдө калды. Ошону менен катар менин жашоом бакытка жана аягы жок чексиз арманга бөлөндү.
Сиз жөнүндө кыздар сөз кылышса кулак төшөп, алардан сизди кызганам. Бул дүйнөдө сиздей инсан бар экенине мен Кудайга миң мертебе ыраазымын. Сизди төрөп, тарбиялаган энеңизге чоң рахмат айтам.
Билесизби, жазгы жамгырдын ар бир жааган тамчысы – бул менин сизге болгон сүйүүм. Сизге тынбай ашыктыгымды даңктап SMS жазып, тумар кызыңыз болсом деп эңсейм.
Урмат, дүйнөдө жети керемет болсо, ошонун сегизинчиси – сиз. Таласта сулуу балдар көп болсо, ошолордун эң сулуусу – сиз. Мен сиздин ырларыңызды, келбетиңизди, имиджиңизди, дегеле бүтүндөй турпатыңызды сүйөм. Мен ишенем, сиз өзүңүзгө татыктуу болгон кызга жолугасыз. Ал кыз өмүр бою сизди сүйүп жашайт. Башкача болуусу мүмкүн эмес. Анткени, сиздей жигиттер толук бактылуу болууга тийиш. Сизди терең урматтап, сыйлаган күйөрманыңыз бар экенин унутпаңыз.

Мыскал

«ГҮЛНУР, СИЗДИ МИЛЛИОН РОЗА
КАРМАП КҮТҮП АЛГЫМ КЕЛЕТ»

Менин жарык жылдызым, жанымда жүргөн жарымдан артык көргөн ашыгым өзүңүзсүз, Гүлнур. Бизди жакындаткан нерсе – сиздин келбетиңиз, менин сезимим. Жолугушчу жерибиз – сиздин сахнаңыз, менин телевизорум. Сизди экрандан көр­гөн­дө жүрө­гүм толкуп, айланамдагыларды унутуп, сиз менен маңдай-тескей калам.
Атыңызды асманга фейерверк менен жазып, миллион роза кармап концертиңиздин соңунда күтүп алсам дейм кыялымда. Бирок, бүтпөс тирилик, түгөнгүс жумушка алаксып, кыялдарым артка сүрүлөт. Аргасыз кассетадан мукам үнүңүздү угуу менен өзүмдү-өзүм алдап келем.

Бахтияр

"НЕЛЯ, СЕН МЕНИН ЫЙЫК АДАМЫМСЫҢ"

Мөлтүр каректерге, сулуу жандүйнөгө, айдай жамалга ким гана суктанбайт? Сүйүү деген акылдууну акмакка, акмакты акылдууга айлантат тура. Сүйүүсүнө жетпей канчалаган адам өмүр менен кош айтышкан, канчасы кайырчы болуп тентип, жер кезип жүрөт. Балким, мен дагы ушундай сүйүү­гө кабылгандырмын.
Бул ыйык сезим сени биринчи жолу сахнадан көргөн­дө эле башталган. Ал күн азыр да көз алдыман кетпейт. Тигине, сенин атың угулуп, күн нурундай жаркырап чыга келдиң. Сенин нур чачкан жүзүң, мөлтү­рөгөн көздөрүң мени жипсиз чырмап, өзүнө арбап баратты. Анан кулагыма мукамдуу үнүң жаңырып тура берди. Дагы бир жолу чыгып ырдаса экен деп тиледим. Жок, ошол бойдон сахнага чыккан жоксуң. Мен болсо жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, үйдү көздөй жөнөдүм.
Билем, менин сага болгон ыйык сезимим жоопсуз. Ошентсе да үмүтүм үзүлбөйт. Неля, сен менин эң ыйык адамымсың.

Канат

"МЕДЕР БАЙКЕ, СИЗ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДҮ ЭЭЛЕП АЛДЫҢЫЗ"

Медер байке, сизди бир көрүп сүйдүм. Ал күнү сиздин китебиңиздин бет ачар концерти эле. Ошондогу сиздин жагымдуу жылмайганыңыз, күлмүңдөгөн көздөрүңүз жүрөгүмдү ээлеп алды. Ошондон бери мен өзүм­дү сиздин үнүңүздү радиодон угуу менен алаксытып келем. Бир күн эле укпай калсам, өзү­мөн-өзүм бук болуп, ыйлап алам. Ал эми жагымдуу үнү­ңүз радиодон жаңырганда өзүм­дү коёрго жер таппай, кимге эмне деп айтаарымды билбей калам. Медер байке, сизди бир көр­гөнгө зар болуп, кирпик какпай таңдар атат деп канча сыздасам да, жообу жок экенин жакшы билем. Андан көрө сизге чыгармачылык ийгилик, бактылуу жашоо каалайын.

Нурзат

"АКБАР, ОЙЛОСОМ ОЮМДАН, УКТАСАМ ТҮШҮМДӨН КЕТПЕЙСИҢ"

Ай болсом түндө сага жарык берген,
Күн болсом жандүйнөңө нурун сепкен.
Булбул өңдүү үнүң таңшып сайраса,
Апкаарытып жүрөгүмдү эриткен,
Ырайым этчи, болоюн мен периштең.

Ушул жүрөгүмдөн чыккан саптарды таланттуу ырчы Акбар Сүйүнбаевге арнайм. Акбар, сенин жалжылдаган көздөрүң, жагымдуу жылмайышың, сахнада ырдап, жарашыктуу бийлегениң өзүңө куп жарашып турат. Сен мени бассам-турсам оюмдан, уктасам түшүм­дөн кетпей сагынтып, саат эмес мүнөт сайын күттүрүп, кыйнап жүргөнүңдү сезбейсиң. Билдирип сага кат жазган убакта да, катардагы күйөрмандарыңдын бири катары кайдыгер гана кабыл алып коёруң бышык. Эмнеси болсо да көөдөнүмдө толуп, ашып-ташып турган сага болгон сезимимди билдирип коюуну туура көрдүм. Бактылуу бол, менин армандуу махабатым!

Гүлзат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан