«ОСКАР-2017»: АДАШКАН КОНВЕРТ ЭЭСИН ТАПТЫ

26-февраль. АКШнын Лос-Анжелес шаары. "Долби" театры көпчүлүктүн көңүл чордонунда. 89-ирет "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземине дүйнөнүн булуң-бурчундагы кино сүйүүчүлөр түз эфирден назар салып жатышты. Журналисттер кыбыр эткенди "илип кетүү" аракетинде. Голливуд жылдыздарынын кай бири балалуу болгондой маңдайы жарыла кубанса, кай бири талкан сугунгансып мостоёт...

МЕРИЛ СТРИПТЕН ДОНАЛЬД ТРАМПКА САЛАМ-ДУБА

Быйылкы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи адаттагыдай түрдүү кызыктар менен коштолду. Сыйлык тапшыруу аземи болуп жаткан театрга алып баруучу сырттан кино сүйүүчү "туристтерди" киргизип, "экскурсия" уюштуруп берди. Алар Голливуд жылдыздары менен сүрөткө түшүп, кол тамга алууга жетишти. Саясат биздин өлкөдө эле эмес, быйылкы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде да актуалдуу болду. Айтайын дегеним, аземдин жүрүшүндө алып баруучулук тизгинди колго алган актёр жана телеалпаруучу Жимми Киммел смартфонун кармап: "Салтанаттын уланып жатканына 2 сааттан ашты, бирок Дональд Трамп биз тууралуу али эч нерсе жаза элек",- деп тамашалады. Андан соң Твиттер аркылуу "Уктай элексиңби?" деген кат жиберип, ал чоң экрандан көрсөтүлдү. Аз өтпөй "унутуп калыптырмын" деп, ал катына #МерилСтрип хэштегин улап, дагы бир твит жөнөттү. Ал эми көрүүчүлөрдүн арасында отурган Мерил Стрип жолдошунун далысына жөлөнгөн боюнча күлүп кутулду. Ошентип "Оскардан" үмүт кылып отурган жылдыздарды жана анын коштоочуларын күлкүгө бөлөгөн соң салтанат кызуу уланып, мыктылар четинен аныктала баштады.

СЫЙЛЫККА МАРЫГАНДАР

"Оскарга" даярдык болуп эсептелген "Алтын глобус" сыйлыгында 7 номинацияга көрсөтүлүп, бардыгында жеңишке жеткен "Ла-Ла-Ленд" тасмасы быйыл триумф жаратарына көпчүлүк ишенип жаткан. Чындыгында эле аталган тасма жеңүүчүлөрдүн сап башына чыкты, тагыраагы, 14 сыйлыкка көрсөтүлүп, анын 6сында жеңишке жетти. Аталган тасманын режиссёру 32 жаштагы Дэмьен Шазелл "Мыкты режиссёр" деп табылып, "Оскардын" тарыхында бул сыйлыкты алган эң жаш режиссёр болду. Ал эми тасманы көркүнө чыгарганы үчүн Эмма Стоунго "Мыкты актриса" сыйлыгын былтыр "Оскардын" башкы темасына айланган Леонардо Ди Каприо тапшырды. Бен Аффлектин бир тууган иниси Кейси Аффлек "Деңиз боюндагы Манчестер" ("Манчестер у моря") тасмасындагы ролу үчүн "Мыкты актёр" аталды. Ал ыраазычылыгын билдирип жатканда агасы Бен кубанычтан көзүнө жаш алып, жүрөгү назиктерди өзү менен кошо ыйлатты. Былтыр кара терилүү актёр-актрисалардын бойкот жарыялаганынын таасириби, айтор, бул ирет кара терилүү өнөрпоздорго да "Оскар" артты. Алсак, "Айдын жарыгы" ("Лунный свет") тасмасындагы ролу үчүн Али Махершала "Экинчи пландагы мыкты актёр", "Коргон" ("Ограды") тасмасы үчүн Виола Дэвис "Экинчи пландагы мыкты актриса" деп табылды. Айтмакчы, "Оскардын" статуэткаларын коллекциялаган актриса (3 "Оскардын" ээси) Мерил Стрип бул ирет үйүнө куру кол кайтты.

Быйылкы жылдын мыктылары. Солдон оңго: Али Махершала, Кейси Аффлек, Эмма Стоун жана Виола Дэвис.


Кинематографияга кошкон зор салымы үчүн "Оскар" алган Жеки Чан кызыл килемде.


ЭЭСИ КЕЛСЕ "ОСКАРЫН" БЕР!

Аземдин финалдык баскычында сыйлык тапшырууга чыккан актёр Уоррен Битти конвертти ачты да: "Мыкты тасма" деп – "Ла-Ла-Ленд" тасмасы табылды",- деп жар салды. Тартуучу топ кубанган боюнча сахнага топурап чыгып, продюсерлери колуна алтын статуэтканы алып ыраазычылыгын билдиргенге камданып калышкан. "Стоп, кечиресиздер!" Аңгыча алып баруучу ортого түшүп, сыйлык тапшыруучуларга башка конверт берилип, жеңүүчүнү адашып атап алышканын, "Оскарга" татыктуу тасма – "Айдын жарыгы" ("Лунный свет") экендигин айтып, элден кечирим сурады. Азыр эле башкы сыйлыкты алып көңүлү көккө серпилген "ла-ла-лендчилер" заматта шаабайы сууп, сахнада эмне кыларын билбей нес болуп туруп калышты. Ал эми жеңиштен үмүтүн үзүп, элдин арасында отурган "Айдын жарыгы" тасмасынын жаратуучулары эмне болуп кеткенине бир саамга түшүнбөй, "Оскар" алуу үчүн сахнага ишенимсиз кадам шилтешти.

Көпчүлүк "Мыкты тасма" сыйлыгын "Айдын жарыгы" эмес, "Ла-Ла-Ленд" алат деп ойлошкон.


"Оскарга" тете көйнөктөр. Стилисттер кызыл килемден өткөн жылдыздардын ичинен Скарлетт Йоханссон менен Николь Кидмандын табитин мактап, көйнөктөрүнө "эң мыкты, сексуалдуу көйнөк" деген баа беришти.


"Грей мырзанын 50 кыры" тасмасынын жылдызы Дакота Жонсондун көйнөгүн көпчүлүк жактырбай, "кемпирдин көйнөгү" деп аташты.


Кызыл килемге ич кийими жок кече көйнөгүн кийип келип, аялуу жери көрүнүп калган актриса Бланка Бланко көрүүчүлөрдүн сынына кабылды.


"Мыкты актриса" деп табылган Эмма Стоундун көйнөгүн көргөндөр пардага окшоштурушту.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
tatulei
2017-03-08 11:29:31
Апалардын омуру узун болуп, ар дайым ден-соолукта болушсун.
0
ilgis1991
2017-03-10 00:46:50
tatulei,комментинди адашып жонотподунбу?Бул жерде Оскар болуп атат
+2
Sveta23
2017-03-08 22:26:51
бланка блан дегени не деген шумдук. булар оюна келгенин жасайт. тооба. эми ошол жерин көргөзгөнү неси.кыргыз болуп мусулман болуп төрөлгөнүмө миң ирет шүгүр
+3
mansur1282
2017-03-11 12:48:10
Хха-ха-ха бланка
0
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан