ЖАЗГЫ ШОППИНГ
"Бул жазда эмнелер тренд болду экен?" деген айымдардын суроолоруна жооп катары төмөнкү материалды сунуштайбыз. Биздин кеңештер менен "куралданып", шоппингге жөнөй берсеңиз болот.
Быйылкы жазгы моданын урааны: "80-жылдарга кайтуу". Жеңи кенен кийимдерди кийген кыздар саркечтердин катарына кошулушат дешет дизайнерлер.
Жаздын саркеч кийимдеринин катарында гүлдүү көйнөк, кофта, жемперлер да бар.
Асимметриялуу юбка, көйнөк, кофта же ушундай тигилген плащ, жемпер кийсеңиз өзгөчөлөнүп, элдин эсинде каласыз.
Аксессуарларга келсек, түрдүү таштар менен кооздолгон жана жез, алтын, күмүш түстөгү сумкаларды сатып алсаңыз, мезгилден артта калбаган болосуз.
Бут кийимди деле сумкаңызга окшоштуруп алыңыз. Жапыз бут кийимдерге да басым жасасаңыз болот.
Жылтыраган таштар менен кооздолгон, түрдүү мончоктор тигилген, гүлдүн же башка нерселердин сүрөтү түшүрүлгөн, темир, жездин түсүндөгү сырт кийимдер гардеробуңуздун фишкасы болмокчу.
80-жылдарга кайткан соң комбинезон, этеги клёш шымдар кайрадан трендде. Жаңылык – кенен тигилген кыска шымдар болот.
Буттарыңызды көрсөтүүгө убакыт келди. Ал үчүн сизге жардамга түрдүү узундуктагы, этеги ар кандай болуп кесилген юбкалар келет. Бирок узун, кызыл ашыгыңыздан келген юбкаларды дагы кийүүнү унутпаңыз.
Жылдын жаз, жай мезгилинде баркыт жана чий баркыттан тигилген кийимдер өзгөчө модада болот. Эгер жогорудагы кеңештерге кулак салып шоппингге аттанган болсоңуз, анда кошумча сары жана күлгүн түс дагы бул сезондо актуалдуу экенин эске алыңыз.
Нуркыз Курманбек кызы
Алишер Алиев
kenesh@super.kg
Кыстарылган видео
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
ушул актриса ХХХ не кылып журот башка моделдер толтурагоо сулуу болсода мейли эле
nari00, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Эмне эле сразу жаман коро баштайт. Бали азаматсын Бурханава ,,,ит уро берет кербен журо берет ийгилик сага.
Көк джинсы сенен туалетке канттп барат
Мен вообще мода кууп кийинбейм. Озумо жарашкан,тыкан кийим кием ошол мага мода.
Плащ сонун экен,анан жашыл кофта,ак юбка,кызыл туфлини кийип кочодо журуп болбойтго жудоп цигандарга окшоп.
jalgyzdyk, усту жагын окубай эле суротторду коруп эле жазып койдум эле))) юбка экен деп ойлопмун.
Бурханова жагат мага
Ийгилик каалайм бир эле минусу адашканыда турмушта
Бул кыздын ширин таттусун Турсун акам көрдү чиркин
Nurgazy80,Турсун аканыздын вкусун сонун го))
Nurgazy80, Турсун акеси го таттусун коруптур,бирок бул кыз элдин козуно ким болуп корунуп калды? Дагы бир байкуштун башын айландырып жургондур. Акчалууларды илип конуп калган неме,чонтогу жукалар менен журбойт деле.Турсунбай акесине деле уят,небереси менен тен кызга уйлонуп. Негизи "два сапога пара"эле болчу. Бироо жаштыгына кызыкса,бироо чонтогуно кызыгып жашап журушкон.Акыры жакшы бутпойт да андай уй-булонун.
Кийимдин баардыгы 2016-жылы чыккан корей дорамаларды эле коруп мода кылып койгондой
erkekizmin, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
силер эмне адашкан эмессинерби я...тим эле аппак баары эле пендебиз адашабыз ар ким оз арабасын тартса
Саламатсынарбы суперчилер пилингдин зыяны жана пайдасы жонундо жазгылачы жазатсам болобу
Саламатсызбы! Админ эркектердин деле кийимдерин чыгаргылачы
sher.ella, саламатсызбы? Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, сунушуңузга рахмат.